Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

Инспекторлордун мыйзамсыз аракеттерин кабарлоо үчүн байланыш телефону ишке кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин кабарлоо үчүн ыкчам байланыш телефону ишке кирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Ыкчам телефон номурлары - 0312-63-09-01, факс 0312630900, 0556630009, Whatsapp 0703630900. Бул байланыш телефондору күнү-түнү иштейт. Кайрылган жаран өзүнүн аты-жөнүн, жашаган жерин жана байланыш телефондорун калтырышы керек.

Өткөн жумада, 27-августта Бишкекте айдоочуну атып өлтүргөн деп шек саналган милиция кызматкери эки айга атайын кызматтын тергөө абагына камалган.

Бул факт Жазык кодексинин 321-беренеси (1-б."кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен байкабастыктан олуттуу зыян келтирүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ишти Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) тергөөдө. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG