Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:59

АКШ Косового жарым миллион доза вакцина жөнөтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттар Косового Pfizer вакцинасынын 500 миллион дозасын жөнөтөт. Ак үй "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, вакциналар 3-октябрдан баштап жеткирилет.

Өткөн айда АКШ Косового 35 миң доза жөнөткөн. 1,8 миллион калкы бар Косоводо коронавируска чалдыккандардын саны өсүп жатат.

Соңку бир суткада бул өлкөдө коронавирустан 32 киши көз жумуп, инфекция кеминде 1600 адамдан табылды.

Ал арада бир катар мамлекеттер коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын саюуга уруксат берип жатат. Италия өкмөтү маалымдагандай, үчүнчү доза аярлуу катмардагы адамдарга жана иммундук системасы начар кишилерге ай соңунан баштап сайылат.

Премьер-министри Марио Драги Италияда калктын 70% эмделгенин билдирди.

Буга чейин Евробиримдикте Франция коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасы менен эмдерин жарыялаган биринчи мамлекет болуп калган. Ушул тапта Испания дагы тиешелүү чараларды караштырып жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG