Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Саясатчы Карганбек Самаковдун кылмыш иши токтотулду


Карганбек Самаков.
Карганбек Самаков.

Парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Самаковдун жакындары маалымдады.

Маалыматка ылайык, июль айында Башкы прокуратура айыптоодон баш тарткандан кийин Октябрь райондук соту ишти токтоткон. 2-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди колдоду.

2021-жылдын февраль айында Жогорку сот Самаковго карата буга чейинки чыккан сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайра кароого Октябрь райондук сотуна жиберген. Самаков 2019-жылы мунапыс жана тергөө абагында өткөргөн күндөрүн эсепке алуу менен жаза абагынан бошотулган.

Карганбек Самаков 2017-жылы «Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган» деп айыптоонун негизинде 10 жыл эркинен ажыратылган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.(TSh)

XS
SM
MD
LG