Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 05:26

Ооганстандын мурдагы вице-президенти талибдер Панжшерди алганын четке какты


Панжшердеги "Талибанга" каршылык көрсөтүү кыймылынын башчысы Ахмад Масуд.

Reuters агенттигинин “Талибан” тобундагы үч булагы 3-сентябрда талибдер Кабулдун түндүгүндөгү Панжшер өрөөнүн басып алганын кабарлаган. Бул Ооганстандагы талибдердин негизги каршылашы Ахмад Масуд жетектеген топ ээлеген акыркы аймак болчу.

“Жараткандын мээрими менен жалпы Ооганстанды көзөмөлдөп жатабыз. Тынчтыкты бузгандарды уттук, эми Панжшер биздин башкаруубузда турат”, - деп билдирген “Талибандагы” булак. Азырынча бул маалыматты тастыктоого мүмкүнчүлүк боло элек.

Оппозиция лидерлеринин бири, мурунку вице-президент Амрулла Салех Tolo News телеканалына өзү тууралуу "өлкөдөн качып кетти деген" кабар жалган экенин билдирген.

Би-Би-Синин журналисти Твиттердеги баракчасына Салехтин видеосу делген тасманы жүктөдү. Анда вице-президент “Кыйын абалда турганыбызда шек жок. Биз талибдердин басып кирүүсүнө кабылдык. Биз позицияны кармап, каршылык көрсөтүп жатабыз”, - деп айтканын көрүүгө болот.

Салех өзүнүн Твиттердеги баракчасына “Каршылык уланып жатат жана уланат. Мен өзүмдүн өлкөмдүн улуугун коргоп, өлкөм менен биргемин”, - деп жазды. Анын баласы Эбадулла Салех дагы Твиттердеги баракчасында Панжшерди талибдер басып алганын төгүндөдү.

Ооганстандын түндүгүндөгү тоолуу өрөөн Панжшерде акыркы күндөрү кандуу салгылашуу болду. “Талибанга” каршылык көрсөтүп жаткан акыркы бул өрөөндө Ахмад Масуддун башкаруусунда мурдагы аскерлерден жана кошуундардан турган миңдеген адам турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG