Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Зеленский АКШ президентин Украинага чакырды


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана АКШнын президенти Жо Байден. 1-сентябрь, 2021-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана АКШнын президенти Жо Байден. 1-сентябрь, 2021-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШдагы сапарынын жыйынтыгына жакшы баа берди.

“Маанайым абдан жакшы. Америка Кошмо Штаты биздин сөз эмес, иш жүзүндөгү стратегиялык өнөктөшүбүз. АКШ Украинаны энергетикалык багытта, НАТОго келечекте мүчөлүккө кабыл алуу багытындагы иш-аракеттерди колдойт. Эң башкысы алар биздин суверенитет, аймактык бүтүндүгүбүздү колдойт. Бизде ири экономикалык алдыга жылуу болушу мүмкүн”, - деди Зеленский.

Зеленский "Настоящее Время" телеканалынын кабарчысына АКШ президенти Жо Байденди Украинага чакырганын ырастады.

Эки президент Ак үйдө 1-сентябрда жолуккан. Зеленскийдин администрациясы бул жолугушууну Байдендин Орусия президенти Путин менен сүйлөшүүсүнө чейин өткөрүүнү пландап жаткан. Бирок АКШ менен Украинанын лидерлеринин саммити эки жолу жылган. Адегенде июлдун аягына, андан кийин 31-августка белгиленип, бирок Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу жылып кеткен.

Ушул жумага белгиленген жолугушууда эки лидер “Түндүк агым – 2” газ түтүгү, Донбасстагы жикчилдер менен күрөшүүдө америкалык армиянын колдоосу жана Украинанын НАТОго мүчө болушунун мүмкүндүгүн талкуулашты.

Вашингтондогу жолугушуудан кийин Зеленский Сан-Франциского барып, Кремний өрөөнүнүн өкүлдөрү менен инвестициялык долбоорлорду талкуулады. (TSh)

XS
SM
MD
LG