Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Байден: АКШ Украинаны колдойт


АКШ жана Украина президенттери. Вашингтон. 1-сентябрь, 2021-жыл
АКШ жана Украина президенттери. Вашингтон. 1-сентябрь, 2021-жыл

АКШ Орусиянын “агрессиясына” туш болгон Киевди колдойт. Бул тууралуу президент Жо Байден Вашингтондо Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен жолугушууда билдирди. Ошол эле маалда АКШ лидери Украина НАТОго кошулууга даяр эместигин, реформаларга муктаж экенин ишарат кылды.

Эки президенттин көзмө-көз кездешүүсү алдында расмий делегациялар талкуу өткөрүштү. Зеленский Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогондугу үчүн АКШга ыраазычылыгын айтты.

Президент Ак үйгө барарда коопсуздук чөйрөсүндө Вашингтон менен кызматташууну бекемдөөгө үмүтүн билдирип, аннексияланган Крымда жана өздөрүн Донецк элдик республикасы, Луганск элдик республикасы деп атап алган жикчил аймактарда кармалып, соттолгон адамдарды бошотууга көмөктөшүүнү сураарын, Киевдин НАТОго кошулуу дымагына басым жасарын белгилеген.

"Абдан сезимтал маселеге да кайрылайын. Президент мырза, биз сиздин өкүлдөрүңүзгө убактылуу оккупацияланган Донбасста жана Крымда туткундалып, Орусия Федерациясында, Москвада, башка жерлеринде кармалып жаткан адамдардын тизмесин бердик. Анда 450, балким көбүрөөк адамдын ысымы бар. Аларды бошотуп, кайтарууда жардамыңарды күтөбүз".

Жолугушууда Байден эки улуттун өнөктөштүгү мурдагыдан бекем болуп баратканын билдирди:

"Кошмо Штаттар Орусиянын агрессиясына кабылган Украинанын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн жактайт. Биз Украинанын евро-атлантикалык альянска умтулуусун колдойбуз".

Зеленский жана Байден. Вашингтон. 1-сентябрь, 2021-жыл
Зеленский жана Байден. Вашингтон. 1-сентябрь, 2021-жыл

Ошол эле маалда Байден Украина альянска кошулууга али даяр эместигин, өлкө кеңири реформаларга муктаж экенин белгиледи.

“Демократиялык реформаларды алдыга жылдырууда жана Европага толук интеграция болууда Украинага кандай жардам бере аларын талкуулайбыз”, - деди ал.

Байден анын администрациясы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып-катышпасын да ишарат кылган жок.

Орусия 2014-жылы мартта кеминде 100 мамлекет мыйзамсыз деп четке каккан референдумдан кийин Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган. Москва ошол эле жылдын апрель айынан бери коңшу өлкөнүн чыгышындагы жикчилерди колдоп келатат. Бирок ал чөлкөмдөгү аскердик аракеттерге катышууда деген дооматты четке кагууда. Куралдуу кагылышууларда 2014-жылдын апрелинен бери 13 миңден көп киши набыт кетти жана 1 миллиондон ашууну жер которууга аргасыз болду.

Украинанын Донецк чөлкөмү. Архивдик сүрөт
Украинанын Донецк чөлкөмү. Архивдик сүрөт

Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу сүйлөшүүлөрүнө Украина жана Орусиядан тышкары Франция менен Германия катышууда. Бирок украиналык айрым расмий адамдар туңгуюкка такалган тынчтык жараянынан ичи чыкпай, Вашингтон сүйлөшүүлөргө жаңы дем бериши мүмкүн деп ишенишет.

Кошмо Штаттар ал жараянга байкоо салчу атайын чабарман деген кызмат түзгөнү менен, 2019-жылдын сентябрынан бери эч ким дайындалбай келатат. Лидерлердин Ак үйдөгү кездешүүсү алдында Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Байдендин администрациясы өкүлүн азыр дайындабайт деп күтүлүп жатканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдирди.

Зеленский 2019-жылы жогорку кызматка шайланганда өлкө чыгышындагы согушту токтотууга, тамыры кеңири жайылган коррупция менен күрөшүүгө, олигархтардын ашыкча таасирин жоюуга, сот системасын тазалоого убада берип келген.

Президент айрым кубаттуу, өзгөчө Орусия менен байланыштары бар олигархтарды бутага алганы менен, реформалардын жай жүрүшү Батыштагы донорлорду канааттандыра элек.

Украин мамлекет башчысынын сапары алдында Вашингтон Киевге аскердик жардамдын 60 миллион долларлык траншын бөлүп жатканын жарыялаган. АКШ Украинага жылына 400 миллион доллар берет. Расмий маалыматка караганда, 2014-жылдан бери Киев 2,5 миллиард доллар жардам алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG