Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Сенцов Путиндин режимин айыптады


Олег Сенцов.
Олег Сенцов.

Орусияда террордук ишмердүүлүккө айыпталып, беш жыл түрмөдө отурган украиналык режиссер Олег Сенцов «Украинаны кул кылгысы келген» Владимир Путиндин бийлигин айыптады. 

Жакында эле мекенине кайтып барган украин режиссёру Олег Сенцов орус абактарындагы саясий туткундарды бошотуш үчүн Владимир Путин менен кол алышууга даяр. Беш жылдан ашуун Ямал-Ненецк округунда түрмөдө отурган кинорежиссер эки жума мурун Москва менен Киев туткундарды алмашканда Украинага кайтарылган 35 адамдын бири.

- Ар бир кол алышканым үчүн түрмөдөн бир адам бошотулса, керек болсо мен Путин менен да кол алышам. Маселе туткундарда эмес, туткундар бизге кол салуу болгондуктан бар. Туткундар тууралуу конкреттүү суроолор бар, бирок бизге карата болуп жаткан агрессия тууралуу суроолор андан көп. Туткундар маселесин чечип коёбуз. Бирок Мустафа Жемилев айткандай, алар дагы 100дү, 200дү туткундап алышат.

Быйыл 43 жашка толгон Олег Сенцов «теракт даярдаган» деген жүйө менен 2014-жылы Крымда кармалган. Режиссёр кичи мекени Крым жарым аралын Москва аннексиялап алганын кескин сындап чыккан. Орусиянын соту аны 20 жылга түрмөгө кескен. Сенцов орус соту койгон айыпты моюнуна алган эмес.

Сенцов Ямал-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарындагы түрмөдө украиналык саясий туткундарды бошотууну талап кылып, 145 күн бою ачкачылык кармаган.

Сенцовду Львовдо тосуп алган украиналыктар.
Сенцовду Львовдо тосуп алган украиналыктар.

​Расмий Киев менен укук коргоочулар Сенцовдун өзүн да саясий туткун деп эсептешет. Европа Биримдиги режиссёрго каршы козголгон ишти «эл аралык укуктарды бузат» деп, ал эми АКШнын Мамлекеттик департаменти «сот катачылыгы» деп баалаган.

Былтыр октябрда Европа парламенти Сенцовго Андрей Сахаров атындагы адам укуктары боюнча абройлуу эл аралык сыйлыкты ыйгарган. Эми Украинага кайткан Сенцов Орусиянын өзүнө эч каршылыгы жок экенин айтып, Москвадагы Путиндин режимин айыптады. Ал мекендештерин өлкө чыгышындагы согушту токтотууга аракет кылууга үндөдү:

- Күрөш дегеним – Путиндин режимине каршы туруу боюнча аракеттер. Ал дагы эле Украинаны кул кылгысы келет. Күрөшсөк Донбасстагы согуш токтойт эле, туткунга түшкөн жарандарыбыз кайтып, Крымды кайтарып алат элек. Ар бир украиналык бул үчүн күрөшүшү керек. Бирок бул барып бир нерсени жардыруу дегенди туюндурбайт. Андай эмес.

Кинорежиссёр абакта чыгармачылык ишин токтотпогонун, жазгандарынын баарын Украинага ала келгенин кошумчалады. Ал китеп-тасмалары аркылуу украин-орус аскердик жана саясий туткундардын укуктарын коргош үчүн күрөшүн улантарын белгиледи.

Олег Сенцов украин-орус туткундардын укуктарын коргоого чакырды.
Олег Сенцов украин-орус туткундардын укуктарын коргоого чакырды.

Кремль Крымдын аннексияланышын четке кагып, жарым аралдын макамы мыйзамдуу референдум жолу менен чечилгенин белгилеп келет.

Москва менен Киев 7-сентябрда бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин камакка алынып, соттолгон айрым жарандарды бири-бирине өткөрүп беришкен. Буга чейин Украина Орусияда 150 жараны мыйзамсыз камалып турганын айтып келген. Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жыл башында украин абактарындагы 400дөй орусиялык тууралуу билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG