Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Шинжаңдагы абалды иликтеген Бунинге Казакстанга кирүүгө тыюу салынды


Евгений Бунин.
Евгений Бунин.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы лагер жана түрмөлөрдүн курмандыктары жөнүндө маалымат топтоп жүргөн изилдөөчү Евгений Бунинге Казакстанга кирүүгө беш жылга тыюу салынды. Ал бул тууралуу ишемби күнү кечинде “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

“Мага Казакстанга кирүүгө беш жылга тыюу салынды. Аны мен жаңы эле билдим. Бир ай Бишкекте жүрүп, бүгүн кечинде Алматы шаарына учуп келгем. Мени паспорттук көзөмөл жайынан өткөрүшкөн жок. 5-10 мүнөттөн кийин “Эйр Астананын” эки кызы келип, мага өлкөгө кирүүгө тыюу салынгандыктан Алматыдан учуп кетүү үчүн билет алууга жардам сунушташты. Аңгыча паспорттук көзөмөлдүн кызматкери келип, мага Казакстанга беш жылга кирүүгө тыюу салынганын билдирди”, - деп жазды Бунин.

Анын айтымында, кызматкер тыюу салуунун себебин түшүндүргөн эмес жана маалымат алуу үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылууну сунуштаган. Бунин депортациянын документин жарыялады. Анда изилдөөчү Казакстанга орус паспорту менен кирүүгө аракет кылган деп жазылып турат. Азырынча өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Өткөн жылы Өзбекстан Евгений Бунинди изилдөө жүргүзүү үчүн өз аймагына киргизген эмес. Муну ал Кытайдагы уйгурлардын маселесин изилдеген Xinjiang Victims Database долбоору менен байланыштырган.

Теги орусиялык Бунин АКШ жана Орусиянын жарандыгына ээ. Ал Кытайда англис тилинен сабак берип жүргөнүн, 2018-жылы Бээжиндин талабы менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун айтып келет. Ошондон кийин Казакстанга келип Шинжаңдагы куугунтук маселесин көтөргөн "Ата Журт ыктыярчылары" коомдук уюмунда иштеп, кайрылгандардын арыз-даттанууларын англис тилине которуп жүргөн. "Шинжаң курмандыктарынын базасы" (Xinjiang Victims Database) долбоорун да иштете баштаган. Андагы маалыматтарды журналисттер, укук коргоо уюмдары пайдаланып келишет.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британия, Нидерланд, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG