Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Жаңы Зеландия террорчулук жөнүндө мыйзамдарын катаалдаштырат


Жаңы Зеландия.
Жаңы Зеландия.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн антитеррордук мыйзамдарды катаалдаштыра турганын билдирди. Ал мындай убаданы 3-сентябрда полициянын байкоосунда турган эмигрант дүкөндө үч кишини өлтүрүп салгандан кийин берди. Бычак жеген дагы беш киши ооруканага түшкөн.

Шектүү Шри-Ланкадан келген 32 жаштагы Ахмед Атилл Мухамед Самсудин экенин RNZ радиосу кабарлады. Өлкөгө ал 2011-жылы студенттик виза менен келип, качкын макамын сураган. Ахмед Атилл алгач 2016-жылы социалдык тармактарда экстремизмди пропаганда кылган маанайдагы пикири менен полициянын назарына илинген.

2017-жылы ал Окленд аэропортунан Сирияга бараткан деген шек менен кармалган. Полиция Атиллдин батиринен тыюу салынган адабияттарды, аңчылык бычак таап, анын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен байланышын аныктаган. Атилл күнөөсүн моюнуна алып, күрөө менен бошотулган.

Бир жылдан кийин бычак сатып алганы үчүн кармалып, үйүнөн кайрадан экстремисттик адабияттар табылып жана интернетте “Ислам мамлекети” экстермисттик тобу менен байланышкан аттарды издегени аныкталган. Прокуратура Атиллди террордук чабуулды пландаган деген айып койгон. Бирок, судья мыйзам боюнча пландоо кылмыш болуп эсептелбейт деп “12 ай өзгөчө байкоого алынат” деген чечим чыгарган. Ага отуздай полиция көз салып жүргөн. Премьер-министр Жасинда Ардерн айтымында, Атилл коомчулукка коркунуч жаратарын укук коргоо органдары июль-август айларында аныктаганы менен, прокурорлордо аны кармоого мыйзамдуу негиз болгон эмес.

3-сентябрда эки айлык чектөө алынгандан кийин Ахмед Атилл Окленд шаарынын сыртындагы дүкөнгө барып, бычак менен жети кишиге кол салган. Окуя учурунда полиция аны атып өлтүргөн. Атиллди көзөмөлдөп жүргөн полиция кызматкери аны дүкөнгө соода кылууга кирген деп ойлогонун айтууда.

Жаңы Зеландиянын бийлиги окуяны террордук чабуул деп атады. Август айында юстиция министри Крис Фаафои террорчулук мыйзамын өзгөртүүгө жетишип, кол салуу пландоону кылмыш деп киргизген.

“Парламент жумушун ултанып баштаса биз ишти аягына чыгарабыз”, - деди премьер-министр Жасинда Ардерн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG