Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Сооронбай Жээнбеков сурактан чыкты


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков "Кумтөр иши" боюнча күбө катары сурак берип чыкканын жакындары "Азаттыкка" кабарлашты. Алар "экс-президент Кумтөр кенине байланыштуу кандайдыр бир чечимдерди кабыл алган эмес жана канадалык тарап менен эч кандай макулдашууга кол койбогон" деп эсептешет.

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 18-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылганын мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирген.

Экс-президент ушуну менен "Кумтөр иши" боюнча экинчи жолу сурак берди. Буга чейин 12-августта күбө катары суракка чакырылган. Атайын кызмат Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы өкмөт башчы болуп тургандагы иштери боюнча суралганын, аны менен тергөө аракеттери уланарын кабарлаган.

Кумтөр алтын кениндеги коррупцияны иликтөөнү УКМК май айында баштаган.

Кумтөр иши боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

УКМК кылмыш иши боюнча күнөөсү тергөөдө аныкталган бардык айыпталуучуларга ээлеген кызматына, сиңирген эмгегине карабай укуктук баа берилерин белгилеп келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG