Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кайрадан суракка чакырылды


Сооронбай Жээнбеков. (арткы фондо президент Садыр Жапаров). архив.
Сооронбай Жээнбеков. (арткы фондо президент Садыр Жапаров). архив.

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 18-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды. Жээнбеков суракка "Кумтөр иши" боюнча чакырылганын УКМКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Сооронбай Жээнбековдун УКМКга суракка чакырылышына байланыштуу анын жакындары 18-сентябрда билдирүү таратышты. Анда "экс-президент Кумтөр кенине байланыштуу кандайдыр бир чечимдерди кабыл албаганы жана канадалык тарап менен эч кандай макулдашууга кол койбогону" тууралуу жазылган.

Экс-президент Кумтөр иши боюнча 12-августта да күбө катары сурак берип чыккан. Атайын кызмат Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы өкмөт башчы болуп тургандагы иштер боюнча суралганын, аны менен тергөө аракеттери уланарын кабарлаган.

Кумтөр алтын кениндеги коррупцияны иликтөөнү УКМК май айында баштаган.

"Кумтөр иши" боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бири тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

УКМК кылмыш иши боюнча күнөөсү тергөөдө аныкталган бардык айыпталуучуларга ээлеген кызматына, сиңирген эмгегине карабай укуктук баа берилерин белгилеп келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG