Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Коронавирус 86 адамдан жаңы аныкталды, үч киши каза болду


Коронавирусту дарылоочу оорукана. Бишкек. 2021-жыл.
Коронавирусту дарылоочу оорукана. Бишкек. 2021-жыл.

18-сентябрга карата Кыргызстанда 86 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан ырасталды. Алардын ичинен басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында катталды.

  • Бишкек - 54
  • Ош шаары - 1
  • Чүй облусу – 13
  • Талас облусу - 1
  • Нарын облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу – 14
  • Жалал-Абад облусу – 1
  • Баткен жана Ош облустарынан оору жуктургандар катталган жок.

Ушуну менен былтыр 18-марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны жалпы саны - 177 653 адамга жетти. Бул аралыкта 172 111 киши оорудан сакайды.

Акыркы суткада вирустан үч адам көз жумду. Жалпы пандемия учурунда коронавирустан 2586 адам каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

2019-жылы, декабрда Кытайдын Ухань шаарында катталган COVID-19 вирусу кыска аралыкта дүйнөнү каптап, 228 млн 412 миң 552 адамга жукту. Оорудан 4 млн. 692 811 киши көз жумду.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG