Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 00:23

ШКУ Ооганстандагы кырдаалга кабатыр


Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жана байкоочу өлкөлөрдүн лидерлеринин саммити. 17-сентябрь, 2021-жыл.

Шанхай кызматташтык уюмунун Дүйшөмбү шаарында өткөн саммитинде Ооганстандагы соңку кырдаал, анын аймакка тийгизген таасири негизги темалардын бири болду. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да соңку кырдаалга байланыштуу коопсуздук маселесин көтөрдү.

Күн мурун Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынында дагы Ооганстан темасы козголгон.

Башкы маселе – Ооганстандагы кырдаал

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) 16-сентябрдагы саммитин уюштурган президенттер тобуна 17-сентябрда дагы бир нече мамлекет башчылар кошулду. Дүйшөмбү шаарына келген жана онлайн катышкан лидерлерди кошкондо Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине он өлкөнүн жетекчиси катышты.

Уюмдун быйылкы төрагасы катары Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон экинчи күнкү жыйынды өзү башкарды. Ал уюмдун алкагындагы негизги маселелерге токтолуп, анын бири - Ооганстандагы абал экенин белгиледи.

Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон

“Эл аралык терроризм, экстремизм, сеператизм, трансчекаралык кылмыштуулук, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү жана киберкылмыштуулук - ШКУ мейкиндигиндеги эң негизги коркунуч катары кала берүүдө. Өзгөчө саясий кризис жана гуманитардык кризис каптаган Ооганстандагы соңку кырдаал бир топ кабатырланууларды жаратууда. Ооган өкмөтүнүн акыркы курамы боюнча чечимдер “Талибан” кыймылы Ооганстандагы этникалык көп түрдүүлүктү көңүлгө албай, бир гана этностун үстөмдүгү менен иш жүргүзөрүн көрсөтүүдө. Биз Ооганстанды терроризмден жана баңгизаттан көз карандысыз, тынчтык жана ийгиликтүү жол менен өнүккөн өлкө катары көргүбүз келет. Ооганстандагы саясий режим башка өлкөлөрдүн кийлигишүүсүз, ооган элинин эркин тандоо укугуна таянып иш алып баруусун каалайбыз. Эгер андай болбосо, арты негативдүү тенденцияларга алып келет. Соңунда ал Борбор Азиядагы мамлекеттердин коопсуздугуна да таасир этери түшүнүктүү”, - деди ал.

Шанхай кызматташтык уюмуна учурда Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Пакистан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. Беларус, Иран, Монголия жана Ооганстан анда байкоочу макамына ээ. Соңку жыйында Иранды толук кандуу мүчөлүккө кабыл алуу процессин баштоо маселеси каралса, Ооганстандын азыркы лидерлеринен эч ким чакырылбаганы белгилүү.

Уюмга мүчө айрым өлкөлөр менен чектешкен Ооганстандан эл аралык коалициялык күчтөрдүн чыгышы менен бийлик талибдердин колуна өтүп, учурда кырдаал курчуп турат.

Жыйынга онлайн катышкан Кытайдын лидери Си Цзинпин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да коңшусу Ооганстан жөнүндө учкай ойлорун айтып өтүштү.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ооганстанга колдоо көрсөтүү үчүн атайын Гуманитардык хаб түзүүнү сунуштаса, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров миграция маселесин көтөрдү.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Биргелешкен аракеттердин аркасында ШКУ мейкиндигинде коопсуздук жана стабилдүүлүктү колдоо боюнча чоң иш жүрүп жатат. Приоритет катары коопсуздук алкагын түзүү биздин мамлекеттер үчүн маанилүү болуп турат. Ооганстандагы соңку кырдаалды эске алуу менен эл аралык терроризмдин жана экстремизмдин чакырыктарына каршы туруу өзгөчө мааниге ээ болууда. НАТОнун коалициялык күчтөрүнүн жана АКШ армиясынын Ооганстандан чыгып кетип, бийлик “Талибан” кыймылына өткөнүнө байланыштуу ШКУнун ролу дагы өсөт. Ошону эске алуу менен ШКУнун мүчөлөрүнүн ортосунда өз ара кызматташуу боюнча стратегия иштеп чыгууну зарыл деп эсептейм. Анын максаты ШКУнун мүчө мамлекеттерине кол салуунун алдын алуу жана Ооганстандан миграциянын агымын көзөмөлдөө болушу керек”, - деди президент Жапаров.

"ШКУнун "Талибанга” ишараты"

Саммитте отурган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Беларустун башчысы Александр Лукашенко, Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов, Пакистандын премьер-министри Имран Хан да Ооганстандагы кырдаалга токтолушту.

ШКУнун бул күнкү саммити анын алдында өткөн ЖККУнун жыйынынан кийин уюштурулууда. Аймактык аскердик уюмдун күн тартибинин башкы сабына Ооганстандагы кырдаал чыккан.

Орусиянын президенти Владимир Путин эки саммитте бул маселеге кеңири токтолду.

Владимир Путин саммитке онлайн катышты.
Владимир Путин саммитке онлайн катышты.

“Биз Ооганстанда болуп жаткан окуялар Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринде түздөн-түз чагыларын жакшы түшүнүп турабыз. Анын үстүнө биздин бир нече өлкөлөр Ооганстан менен жалпы чек арага ээ. Биринчиден, биздин уюмдун дараметин Ооганстандагы тынчтык жол менен инклюзивдик өкмөт түзүүсүнө жумшоо кажет. Аны менен бирге бул өлкөдөн чыккан коркунучтарды, терроризмди, баңгизатты, диний экстремизмге бөгөт коюушубуз шарт”.

Ооганстан согуш, коронавирус пандемиясы жана быйылкы кургакчылыктан улам гуманитардык кризиске туш болуп турганда анын Борбор Азиядагы коңшулары коопсуздук көйгөйлөрүнөн улам он миңдеген ооган качкындары агылып келеби деп чочулап турушат.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Ооганстандагы кырдаалда ШКУнун ролун мындайча баалады:

“Чогулуп, биринин позициясын бири байкап, көрөлү деген отурум. Бирок ошол эле кезде “Талибанга” сигнал. “Сен туура эмес багытта кетсең, ЖККУ бул жерде, ШКУ сени тегеректеп турат, сенин негизги өнөктөшүң Пакистан дагы ШКУнун мүчөсү, ойлонгула баатырлар” деген ишарат”.

Бир уюм, түрдүү позиция

Эки күнгө созулган жыйын Орусия менен Кытай Ооганстанда негизги оюнчу болуу ниетин ачык билдирип, талибдер менен алака түзүү аракетин көрсөтүп жаткан учурда өттү.

ШКУга мүчө башка мамлекеттердин да “Талибандын” бийликке келишине байланыштуу позициялары түрдүүчө. Мына ушундан улам бир уюмга мүчө мамлекеттер бул өлкө боюнча бирдиктүү саясат жүргүзө албайт деп эсептешет.

Кайрадан Орозбек Молдалиевдин сөзүнө орун берели:

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

“Ошол эле ШКУга мүчө болгон Пакистан “Талибанга” эң чоң таасири бар мамлекет. Алар “Талибанды” негиздөөгө салым кошкон, ушунча жылдан бери күндүз башкалар менен сүйлөшүп, түндөсү ошолор менен сүйлөшүп келген. Индия Ооганстанга чектеш болгон менен, “Талибанга” анча жакын эмес. Тескерисинче, андан чочулайт. “Талибан” “Борбор Азиядагы өлкөлөргө кол салбайм” деп жатат. Бирок Тажикстанда маселен, бийликке каршы топко, Өзбекстанда “Өзбекстан Ислам Кыймылына” шыкак берип коюшу ыктымал. Түркмөнстан “Талибан” менен башынан бери эле кызматташып жүрөт. Кыргызстан менен ал уюмдун эч тиешеси жок. Кытай болсо “Талибан” менен сүйлөшүп, алар кол салбай турган болуп, Бээжин алардын экономикасына жардам берип келет. Орусия болсо “Талибанды” “террордук уюм” деп жарыялап койгону менен, алар менен сүйлөшүп жүрөт. Керек болсо "аларга колдоо көрсөтүп, финансылык жардам берди" деген да текшерилбеген маалыматтар бар. Ушул уюмдун ичинде “Талибанга” ачык айбат көрсөтүп, сөз сүйлөгөн Тажикстан гана болуп жатат. Мындай кош стандарттуу мамилелердин фонунда аны менен кандай мамиле кылат билбейм. Бирок ШКУнун негиздөөчүсү Кытай, алар эмне десе ошол багытта иш жүрөт. Бул өлкө азыр экономикалык идеяны илгерилетип, “Улуу жибек жолунун” жаңы варианты катары жолду Ооганстан аркылуу өткөргүсү келип турат. Кытай жагдайдын мына ушул өңүтүп жакшы пайдаланат”.

Экономикалык кызыкчылыктар демекчи, соңку саммитте кызматташуунун бул өңүтү да узун кеп болду. Дээрлик ар бир лидер коронавирустан улам жабыркаган экономиканы өркүндөтүүдө, бири-бирине колдоо зарыл экенин айтышып, түрдүү сунуштарды берди.

Маселен, Садыр Жапаров ШКУнун өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү боюнча консультацияларды улантууну сунуштап, бул институтту эсеп-кысапты улуттук валютада жүргүзүүгө өтүү боюнча механизм катары карап, натыйжалуу финансы механизмдерин киргизүү жардамында экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Аны менен бирге ал, транспорттук инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү соода мамилелерин активдештирүүгө жана көптөгөн социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет деген ишенимин билдирди.

"Пандемия шартында, ошондой эле кабыл алынган карантиндик чаралардын натыйжасында автожүк ташуулар чектелүү болуп калды, андыктан эң ишенимдүү транспорттук жол бул - темир жол. Кыргызстан "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушунун долбоорун тез арада практикалык ишке ашуусун көздөйт. Ал региондун транзиттик потенциалын толук кандуу ачууга маанилүү жана конкреттүү кадам болуп, деңиз портторуна чыгууга мүмкүндүк берет", - деди Садыр Жапаров саммитте.

Саммиттин жыйынтыгында терроризм, сепаратизм жана экстремизге каршы күрөшүү, маңзат ташууга каршы биргелешип иштөө, маалымат коопсуздугун камсыздоо, COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык терс кесепеттерин жоюу сыяктуу 30 документке кол коюлду.

20 жыл мурун негизделген Шанхай кызматташтык уюму сепаратизм, экстремизм жана терроризм сыяктуу үч коркунучка биргеликте каршы туруу максатын көздөйт. Уюмду алгач Кытай, Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан түзсө, 2017-жылы Пакистан жана Индия кошулган.

ШКУ саммити. 17-сентябрь, 2021-жыл

"Талибан" ШКУнун күн тартибинде турду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:58 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG