Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:31

IFJ Ооганстандагы журналисттердин абалына тынчсызданды


Ооганстандагы журналист кыз-келиндер
Ооганстандагы журналист кыз-келиндер

Журналисттердин эл аралык бирикмеси (IFJ) талибдердин сөз эркиндигине басымды күчөткөнүн сынга алды. Уюмдун маалыматында “Талибан” кыймылы бийликке келгенден бери 153 ЖМК ишин токтотууга аргасыз болгон.

Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан уюм 17-сентябрда тараткан билдирүүсүндө, соңку учурда аял журналисттердин иштөөсүнө тыюу салынып, эркек журналисттерге коркутуп-үркүтүүлөр көбөйдү.

Федерация Ооганстандагы соңку окуяларда 7000ден ашык журналист жабыр тартып, алардын бир бөлүгү өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугунан коркуп, жашырынып жүргөнгө аргасыз болуп жатканын белгилеген. Мындан сырткары билдирүүдө талибдер журналисттерди кармап, сабап, техникаларын талкалаганы боюнча маалыматтар келип жатканы айтылат.

Учурда эл аралык уюмдар “Талибан” 1996-2001-жылдары өлкөнү башкаргандай адам укуктарын чектеген катаал эрежелерди киргизеби деп чочулап турушат. Буга чейин талибдер 20 жыл мурдагыдан өзгөргөнүн убада кылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG