Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

ШКУ саммити: 30 документке кол коюлду


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ШКУ саммитинде. 17-сентябрь, 2021
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ШКУ саммитинде. 17-сентябрь, 2021

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жыйынтыкталып, бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду.

Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады. Отурум жүрүшүндө ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары туруктуу өнүгүү, уюм мейкиндигиндеги жана дүйнөдөгү стабилдүүлүктү колдоо, маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин карашты.

Саммиттин жыйынтыгында терроризм, сепаратизм жана экстремизге каршы күрөшүү, маңзат ташууга каршы биргелешип иштөө, маалымат коопсуздугун камсыздоо, COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык терс кесепеттерин жоюу сыяктуу 30 документке кол коюлду.

Кол коюлган документтердин арасында маданий, билим берүү, экономикалык ж.б. кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган келишимдер бар.

Шанхай кызматташтык уюмунун саммити бүгүн, 17-сентябрда Тажикстандын борбору - Дүйшөмбү шаарында тажик президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өттү.

Дүйшөмбүдөгү ШКУ саммитине Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекет башчылары катышууда.

Булардан тышкары байкоочу макамы бар мамлекеттер: Беларус, Иран, Монголия жана Ирандын лидерлери бар. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары катышып жатат.

ШКУнун бүгүнкү саммити 16-сентябрда Дүйшөмбүдө өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынынан соң уюштурулууда. Аймактык аскердик уюмдун күн тартибинин башкы сабына Ооганстандагы кырдаал чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG