Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Шахматчы Гаприндашвили Netflix компаниясын сотко берди


Нона Гаприндашвили
Нона Гаприндашвили

Грузиялык шахматчы Нона Гаприндашвили америкалык Netflix компаниясын сотко берди.

80 жаштагы гроссмейстер компания тарткан The Queen’s Gambit (“Ханышанын жүрүшү”) сериалында өзү тууралуу жалган, сексисттик мүнөздөгү маалыматтар бар экенин айтып, 5 миллион доллар өндүрүүнү талап кылды.

2020-жылы көрсөтүлгөн сериалдын акыркы бөлүгүндө шахматтык беттештин жүрүшүн баяндаган диктор Нона Гаприндашвилинин атын атап, “аялдар арасындагы чемпион, эч качан эркектер менен беттешкен эмес” деп айткан эпизод бар.

16-сентябрда Калифорния округунда берилген арызда ушул эпизод чындыкка дал келбесин жана сексисттик, кемсинткен мүнөздө экени белгиленген.

Гаприндашвили сериалдагы окуя баяндалган 1968-жылы эле 69 жолу эркек шахматчылар менен кез келгенин, алардын 10дон ашыгы эл аралык деңгээлдеги гройсмесстерлер экени да көрсөтүлгөн.

"Netflix атайлап драмалаштыруу үчүн Гаприндашвилинин жетишкендиктери тууралуу билип туруп, одоно түрдө жалган маалымат тараткан. Компания эл аралык деңгээлде эркектер менен тең тайлашып, утуп алган жалгыз аял-шахматчыны кемсинтти”, - деп айтылат арызда.

Нона Гаприндашвили 1960-1991-жылдары Советтер союзунун атынан аялдар арасындагы шахмат мелдештерине катышкан. Ал 11 жолу командалык оюнда жеңсе, тогуз жолку мелдешке өзү катышып, алтын медалга татыктуу болгон. Гаприндашвили кийин Грузиянын Шахмат федерациясын жетектеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG