Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселесин көтөрдү


ШКУ саммитине катышып жаткан өлкөлөрдүн туулары. Дүйшөмбү шаары. 17-сентябрь, 2021-жыл.
ШКУ саммитине катышып жаткан өлкөлөрдүн туулары. Дүйшөмбү шаары. 17-сентябрь, 2021-жыл.

Шанхай кызматташтык уюмунун Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан саммитинде президент Садыр Жапаров Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу маселени көтөрдү.

Жапаров транспорттук инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү - уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода мамилеcин күчөтүүгө жана көптөгөн социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет деп ишенет.

"Пандемия шартында жана кабыл алынган карантиндик чаралардын натыйжасында авто жүк ташуулар чектелди, андыктан эң ишенимдүү транспорт -темир жолу. Кыргызстан "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан“ темир жолунун курулушу тездешин көздөйт. Бул темир жол аймактын транзиттик потенциалын толук кандуу ачууда өтө маанилүү жана конкреттүү кадам болуп, деңиз портторуна чыгууга мүмкүндүк берет", — деди Садыр Жапаров.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча маселени президент Жапаров былтыр, ноябрда өткөн ШКУнун онлайн жыйынында да көтөргөн.

2002-жылы Бээжин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Ал негиздеме боюнча темир жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Каттамдын узундугу 268 чакырым деп эсептелген.

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун курулушу көп жылдан бери ишке ашпай келет. Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери күчөп, сүйлөшүү жанданган.

ШКУнун жыйыны Орусия менен Кытай Ооганстанда негизги оюнчу болуу ниетин ачык билдирип, талибдер менен алака түзүү аракетин көрсөтүп жаткан учурда өтүп жатат. Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын лидери Си Цзинпин Дүйшөмбүдөгү юбилейдик саммитке келген жок, онлайн катышууда.

ШКУнун саммитине чейин 16-сентябрда Дүйшөмбүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйыны өткөн. Анда негизинен Ооганстандагы кырдаал талкууланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG