Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Орусияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Үч күнгө созулган добуш берүү өлкөдө оппозициячыл саясатчылар куугунтукталып, президент Владимир Путин колдогон бийликчил «Бирдиктүү Орусия» партиясына ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жагдайда өтүүдө. Бул күндөрү орус парламентинин төмөнкү палатасы болгон Мамлекеттик дума жана аймактардагы жергиликтүү депутаттары тандалат.

Добуш берүү башталганда оппозициячыл Алексей Навальныйдын командасы иштеп чыккан «Акылдуу добуш берүү» тиркемеси Apple жана Google интернет-дүкөндөрүнөн жок болуп кетти. Муну оппозициячыл саясатчылар бийликтин «болуп көрбөгөндөй цензурасы» деп аташты.

Алексей Навальный баштаган бийлик сынчылары "Акылдуу добуш берүү" деген долбоору аркылуу оппозициячыл партиялар бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясынын талапкерине каршы ынтымак менен туруп, бирдиктүү оппозициячыл талапкерди колдоого алып келген эле. 2019-жылы долбоордун таасири менен оппозициячыл талапкерлер Москва шаардык кеңешиндеги 45 орундун 20сына шайланууга жетишкен.

Көз карандысыз «Левада-центр» борбору шайлоо алдында жүргүзгөн сурамжылоодо орусиялыктардын көпчүлүгү Мамлекеттик Думанын ишине ичи чыкпай турганы белгилүү болгон. Анда бийликтин партиясы «Бирдиктүү Орусиянын» рейтинги акыркы 20 жыл ичинде өтө төмөн деңгээлде экенин көрсөткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG