Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Тажикстанда 25 жаштагы келиндин өлүмү кайра териштирилет


Манора Абдуфаттох
Манора Абдуфаттох

Тажикстандын президентинин аткаруу комитети Башкы прокуратурадан бычакталып өлтүрүлгөн 25 жаштагы Манора Абдуфаттохтун өлүмүн териштирүүнү талап кылды.

Быйыл июнда райондук прокуратура Файзабад районунун тургуну Манора Абдуфаттох өз жанын кыйган деген корутунду чыгарган. Бирок маркумдун денесине 26 жолу бычак сайылганы аныкталган эле.

Бул окуя Манора күйөөсү менен таарынышып, өз алдынча батирге көчкөндөн бир нече күндөн кийин болгон.

Прокуратуранын маркум өз жанын кыйган деген корутундусу анын туугандарынын жана жарандык коомдун нааразылыгын жараткан.

Тажикстанда башка Борбор Азиядагы өлкөлөрдөй эле аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук фактысына укук коргоо органдары тиешелүү деңгээлде көңүл бурбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG