Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:09

Бир тайпада 93 бала. Ошто бала бакча тартыштыгы чечиле элек


Кыргызстан. Мотурайган балдар. Иллюстрация

Кыргызстандын экинчи борбору - Ош шаарында бала бакча маселеси курч. Алардын жарымынан көбү толуп калган, ал эми баланы бакчага берүү үчүн кезектин жетиши азап экенин ата-энелер айтып келишет.

Мындан улам айрымдар баласын бакчага кезексиз берүү үчүн пара сунуштаганга мажбур болууда. Ошол эле учурда өлкөдө ар бир бала мектепке чейин билим алууга укуктуу деген мыйзам бар.

"Клооптун" жана "Азаттыктын" журналисттери balabakcha.edu.gov.kg порталындагы жана шаардык билим берүү башкармалыгы берген маалыматтарды анализдеп, эмне үчүн мындай болуп жатканын изилдеди.

"Башка бирөө менен бир керебетте жаткысы келбейт"

Расмий маалымат боюнча Оштогу он баланын алтоо бала бакчага барбайт. Бул статистикага ички мигранттардын балдары кирген эмес, андыктан бакчага барбагандар алда канча көп десек болот.

Эмне үчүн мынча бала бакчага барбайт? Ата-энелер буга бала бакчалар ченемден ашык толуп калганын, бул санитардык эрежелер менен нормага (СанПин) туура келбей турганын жүйө келтиришет.

Бала бакчанын имаратынын канча баланы батыра ала турганы боюнча норма бар. Биз аны бакчага барган балдардын реалдуу саны менен салыштырып көрүп, Оштогу бала бакчалардын жарымынан көбү толуп калганын аныктадык.

Мисалы, "Мөл Булак" бакчасындагы жогорку тайпада 93 бала тарбияланат. Бул нормадан үч эсе ашат — мыйзам боюнча бир тайпада 30дан ашык баланы окутууга болбойт.

Мындан улам түшкү эс алууда балдар бир керебетте экиден жатууга аргасыз, себеби, имаратта башка бош орун жок.

"Уулум бакчага эки жашынан бери барат. Бирок төрт жашка чыкканда каалоосу жоголуп кетти. Себебин сурасам, кимдир бирөө менен бир керебетте жаткысы келбегенин айтты. Мындан улам каникул учурунда аны агалары карап турат. Сентябрдан баштап кайрадан бакчага барууга мажбур болот", - деди Оштун тургуну Алина.

Узун кезектер

2018-жылы Кыргызстанда баланы бакчага орноштуруу үчүн электрондук кезек системасы киргизилген. Ага ылайык ар бир ата-эне баласын кезекке коюп, көзөмөлдөп турса болот.

Материал жарык көрөрдүн алдында да ар бир бакчада узун кезек кыскарбаганына күбө болдук. Айрымдары 1500 балага чейин жеткен — бул кезек келгенге чейин бала мектепке барып калышы да мүмкүн.

Ата-энелердин айтымында, алар балдарын бакчага кезексиз берүү үчүн жетекчиликке 5 миңден 10 миң сомго чейин пара берүүгө аргасыз болушат, же "ыктыярдуу демөөрчүгө" айланат. Мисалы, Оштун бир тургуну эки баласын бакчага орноштуруу үчүн директордун суранычы менен имараттын кире беришине чатыр куруп берген.

Мектепке чейинки билим берүү тармагында иштеген анонимдүү булактын айтымында, система баланы бакчага кезексиз киргизүүгө жол бербейт. Анткен менен директорлор пара алып, кезексиз эле орноштурган учурлар бар. Мындай учурда балакайлар расмий тизмеде жок болуп чыгат.

Бул бала бакчаларда балдардын саны дагы көп экенин билдирет. Ал эми электрондук система орундар бар экенин көрсөткөн бакчаларда чындыгында андай эмес болушу мүмкүн.

Анонимдүү булак эгер мамлекеттик бакчалардагы балдардын тизмесин текшерсе, бир канча бузууларды тапса болорун айтты.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан баланы бакчага берүүдө "эч ким акча сурабайт" деп ишендиришти. Алардын айтымында, балдар электрондук кезеги жеткенден кийин гана кабыл алынат.

Үч бакчанын ачылышы күтүлүүдө, бирок 70 бакча керек

Жалпысынан Ошто 45 мамлекеттик бала бакча бар. 30 жыл ичинде шаар бийлиги 12 гана бакча курду, ал эми дагы үчөөнү жакында пайдаланууга берүүнү пландап жатат.

"Жылына жаңы бакчалар ачылып жатат. Эгер ушул темпте кетсе жакшы. Азыркы учурда долбоорлор менен иштешип жатабыз. Ош шаарында төрт бакчада пайдаланылбай турган бөлмөлөрдү иштетүү менен кошумча тайпаларды ачып жатабыз", - деди башкармалыктын мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн адиси Саламат Айдарова.

Биз мамлекеттик бала бакчалар санитардык талаптар боюнча 8 690 баланы кабыл аларын эсептедик. Бирок иш жүзүндө орундардын саны мындан да көп, кошумча уюштурулган орундар деле балдарга жетпейт.

Ушул тапта кезек күткөн бөбөктөрдүн саны 17 миңден ашат, ошол эле учурда айрым ата-энелер балдарын жеке менчик бала бакчаларга берет.

Ошентип, учурда кезек күткөн балдарды бала бакча менен камсыздоо үчүн 250 орундуу 70 бала бакча куруу зарылдыгы келип чыгат.

Бирок, бала бакчалар өтө тездик менен курулган күндө дагы кайра эле орундар жетишсиз болушу мүмкүн, анткени Кыргызстандын калкынын саны жылдан-жылга көбөйүүдө.

Канткенде маселе чечилет?

Ата-энелер баланы жеке менчик бакчага берсе болот, бирок аларга айына орточо эсеп менен 5 миң сом төлөш керек. Мындай сумманы төлөөгө баарынын эле чамасы келбейт.

Анткени шаардагы орточо айлык акы 16 миң сом. Ошондо орто жашаган шаар тургуну бир эле баласынын мектепке чейинки билим алышы үчүн маянасынын үчтөн бир бөлүгүн коротушу керек.

Мамлекеттик бала бакчада билим алуу алда канча жеткиликтүү — орто эсеп менен айына 550 сом төлөнөт.

Билим берүү боюнча эксперт Куштарбек Кимсанов маселени чечүү үчүн жеке бала бакчалардын санын көбөйтүү керек деп эсептейт.

"Маселени чечүүнүн эки жолу бар. Биринчиси, мамлекеттик бала бакчаларды кескин түрдө көбөйтүү керек. Бирок бул ишке ашпайт. Ага мамлекеттин күчү жеткенде 20-30 жыл мурда эле куруп коймок. Экинчи жолу - жеке менчик бала бакчалардын санын көбөйтүү, буга мамлекеттик органдар дагы болгон күчүн жумшашы керек. Билим берүү министрлиги да лицензия берүүнүн шарттарын жеңилдетип, бюрократияны жоюшу зарыл", - деди ал.

Эксперттин пикиринде, жеке менчик бала бакчалар көбөйсө, алардын баасы жана кызматтары да жеткиликтүү болот, бакчалар баа боюнча да атаандашат.

JIA бизнес-ассоциациясынын юристи Бакыт Сартмаметов бакча ачуу үчүн лицензия алуу оңойго турбасын тастыктады. Анын айтымында, регионалдык билим берүү башкармалыктары болгонуна карабай, бала бакча ачууда ишкерлер уставды бекитүү үчүн Бишкекке барууга аргасыз.

"Эгер документтерде кандайдыр бир жетишпестиктер болсо министрлик артка кайтарат. Ошентип отуруп бул нерсе кайра эле бюрократияга айланат. Чын-чынына келгенде көпчүлүгү акча берип, министрлик менен сүйлөшүп, белгилүү бир сумма менен жумушту бүтүрүүгө аргасыз", - деп түшүндүрдү ал.

Бала бакчалардын болушу эмне үчүн маанилүү?

Биринчиден, баарынын эле балага каралаша турган чоң ата жана чоң энеси жок, же алар айылда жашашы мүмкүн. Ал эми бала багуучу жалдоо кымбат.

Экинчиден, бала бакчага барган бала коомго тез аралашып, мектепке жакшы даярданат — муну мектепке чейинки билим берүү жаатындагы эксперт Асылбек Жооданбеков да ырастады. Анын айтымында, бардык эле ата-энелер педагогикалык жөндөмгө ээ эмес, ошондуктан баланы бакчага берүү эң туура чечим.

"Бакчада баланын тили бат чыгып, манжалардын кичи моторикасы жакшырат. Бүгүнкү күндө баары эле шаарга агылып атат. Шаарларда балага чектөө аябай күчтүү. Анткени “катуу ойнобо”, “алдыңкы кошуна”, “астыңкы кошуна” деген чектөөлөр бар. Иштен кийин ата-эненин убактысы жок болсо, эшикке алып чыгып ойнотпойт. Андан сырткары бардык эле үйлөрдүн астында балдар үчүн оюн аянтчалары курулган эмес. Бул дагы баланын жалпы өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатат", — деди эксперт.

Үчүнчүдөн, баланын бакчада болуусу ата-эненин жашоосун жеңилдетет. Алар өздөрүн өнүктүрүп, акча таба алышат. ​

Баланы кезекке тургузууда эмнеге көңүл буруш керек?

https://balabakcha.edu.gov.kg/ порталында баланы кезекке коюу үчүн арыз берүүдөн мурда алгач аны туура берүүнүн видео-колдонмосу менен таанышуу керек. Арыз бергенден кийин анын статусун жана электрондук почтаңызды такай текшерип туруңуз. Антпесе, сиз өз кезегиңизди өткөрүп жиберишиңиз мүмкүн.

Арыздардын баарын бакчанын жетекчиси карайт. Эгер директор арызды кабыл албаса, анын себеби жазылган кат почтаңызга жана жергиликтүү билим берүү башкармалыгына келиши шарт. Эгер сиз директордун чечими менен макул болбосоңуз, анын үстүнөн арыздансаңыз болот.

Ал эми жетекчи балаңызды кабыл алса, бул тууралуу маалымат электрондук дарекке келгенден кийин 15 күн ичинде керектүү документтерди бакчага алып барышыңыз шарт. Ошондуктан арыз берүүдө өзүңүзгө таандык гана электрондук даректи көрсөтүп, аны такай текшерип турушуңуз керек.

Эсиңизде болсун, балаңыздын кезеги жеткенден кийин директор же башка кимдир бирөө сизден ыктыярдуу түрдө демөөрчү болууну жана пара берүүнү талап кылганга акысы жок. Анте турган болсо укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууга толук укугуңуз бар.​

Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте USAID уюмунун колдоосу менен ишке ашырылган "Кыргызстандагы Интерньюс", "Медиа-К" долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан даярдалды. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз эле "Интерньюстун" жана анын өнөктөштөрүнүн көз карашын чагылдырбайт.

Авторлору: Айбийке Адилет кызы, Дастан Үмөтбай уулу, Элвира Султанмурат кызы

Редактор: Анна Капушенко

Дата-редактор: Андрей Дорожный

Программанын ментору — Андрей Дорожный.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG