Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:28

Мектепте окуу башталмай болду, санитардык эрежелер ойго салды


Пандемия шартында айрым класстарга 2020-жылдагы окуу жылы башталган учур. 2020-жыл, сентябрь. Бишкек.

Кыргызстанда мектеп жашындагы жети жаштан 18 жашка чейинки 1,5 миллиондон ашуун бала бар. Алардын басымдуусу дээрлик эки жылдан бери аралыктан окуп келишти. Пандемия шартында баланын ден соолугуна кантип кам көрүп, мектепте дени сак жүрүүсү үчүн эмне кылуу керек?

Билим берүү тармагында иштеген мугалим жана башка кызматкерлердин 70% эмделгени кабарланууда.

15-сентябрдан тарта өлкөдөгү бардык окуу жайлар, мектептер кадимки тартипте иштейт. 2020-жылдын январь айынан бери дүйнөдө коронавирус пандемиясы өкүм сүрүп, Кыргызстанда 2020-жылдын март айында алгачкы вирус жуккандар катталганда эле бардык окуу жайлар, мектептер жана бала бакчалар аралыктан иштөөгө өткөн. Кийин менчик формасына карап айрым мектептер, бала бакчалар ачылган болчу.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, билим берүү тармагында иштегендердин дээрлик 70% коронавируска каршы вакцина алды.

"Ар бир бала бакчада, мектепте, орто жана жогорку окуу жайда болобу, билим берүү тармагында иштеген бардык кызматкерлер COVID-19 вирусуна каршы эмделип жатат. Болгону ден соолугунан кандайдыр бир маселеси барларга гана вакцина атайын дарыгердин көрсөтмөсү менен сайылган жок. Билим берүүнү салттуу баштоо үчүн бизге коюлган негизги талаптардын башында дал ушул эмдөө турат. Мындан тышкары биз Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги менен бирге пандемиялык шартта билим берүүчү жайлардын иштөө нускамасын даярдап, иштеп чыктык. Анын негизги талабы тазалыкты сактоо болууда. Баарыбыз эле муну түшүнөбүз да. Окуучулар кабинеттен чыкканда дарскананы желдетүү, класстарды улам-улам таза жууп туруу, ошондой эле педагогдор менен окуучулардын кол жууй турган шарттарын түзүп берүү - негизги талап".

Абалдан чочулаган ата-энелер бар

2020-жылдын март айынан 2021-жылдын июль айына чейин өлкөдө 1650 балага коронавирус жуккан. Бул тууралуу июль айында Республикалык штаб маалымдаган эле. Инфекцияны жуктургандардан 5 жаштан 15 жашка чейинкилер басымдуу болуп, 685 бала болсо, бир жаштан төрт жашка чейинкилер 512, бирге чыга электерден 263 кичинекей бейтап катталган. Ал эми 16 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында 190 бала ооруган. Инфекция жуккан балдардын 58% жеңил ооруп айыкса, 2% оор абалга түшкөн. Жалпы алты бала каза болгону айтылууда.

Бишкектин тургуну Бегай быйыл апрель айында уулдуу болгон. Ага удаа эле эки ай өтпөй коронавирус жуктуруп, ооруп калды. Эми ал мектеп жашындагы балдарын мектепке жиберүүдөн чочулап турган учуру.

"Балдарымды мектепке жибергенден коркуп жатам, үйдөн эле онлайн окутсамбы дегем. Быйыл чоң эки уулум тең 5-8 класска барышат. Анын үстүнө үйдө ымыркай балам болгондуктан, чоңдору мектепке барып, инфекцияны жугузуп келсе, ошол кичинекейим көп кыйналып калабы деп эле чочулап отурам. Онлайн окутайын деп мугалимдерге, мектеп директоруна кайрылсам, аралыктан окуу токтогонун айтышты. Балдарга жаз бою витаминдерди кошумча берип жаттым. Үйдө жасалган тамактар менен гана азыктанышат, жашылча-жемишти көп берип, жаңы союлган малдын этинен шорпо кайнатып берип турам. Негизи баланын иммунитетин туура тамактануу да көтөрөт деп ойлойм. Эми мектеп башталса, шаардагы ар бир класста 40тан бала окуйт. Балдар колун таза жууй алышпайт да, канчалык беткап кийсе деле баары бир вирус жугуп жатпайбы. Эмнеси болсо да үйдөгү ымыркайым мени түпөйүл кылууда. Быйыл жазында канчалык карантиндик эрежелерди катуу сактасак деле вирус жугуп калып, үй-бүлөбүз менен ооруп айыктык".


Анткен менен мектептердин аралыктан иштөөсүнө каршы чыккан ата-энелер басымдуу. Алардын бири Гүлнара балдар той-топур, коомдук жайларда ээн-эркин эле жүргөнүн, мектептен вирус жугат дегендерге кошулбай турганын айтат:

"Ушинтип каршы чыккан ата-энелер өздөрү парктарда, тойлордо, туулган күндөрдө жүрүшөт. Анда эмне вирус жукпай эле мектептен жугуп калабы? Мен алардын логикасын такыр түшүнбөй койдум. Азыр Бишкектеги Панфилов сейил багына кирсең, бут койорго жер жок, атракциондорго кезек күткөн эле кишилер. Балдар супермаркеттерде ойноп жүрүшөт го вирус жукпай эле".

Мугалимдерге түшкөн түйшүк

Мугалимдерге, класс жетекчилерге коронавирустун вакцинасын сайдыруу талабынан тышкары класстагы тазалык менен санитардык эрежелерди сактоо жоопкерчилиги да коюлган. Айтмакчы, Дүйнөлүк демографиялык порталдын эсеби боюнча, Кыргызстанда быйыл жети жаштагы 160 миңден ашуун бала бар. Алардын дээрлик баары мектеп босогосун аттаганы турат. Бишкектеги мектептердин биринин башталгыч класстарынын атын атагысы келбеген окутуучусу бир айдан бери санитардык талаптарды аткаруу үчүн күнүгө мектепке барып жатканын билдирди:

"Окуу жылына аз калганда тыпырап эле мектептен чыга албай жатабыз. Мына, 13-сентябрда кечки саат 7де үйгө кеттим. Азыр да мектепте отурам. Улам эле бир иш чыгат, административдик, уюштуруучу иштер менен чуркап жүрөбүз. Санитардык нормаларды сактагыла дешкенинен эки таңгак беткап алып койдум, былтыркыдан калган антисептиктер бар эле, анын баарын балдардын партасына коюп, даярдап чыктым. Өзүмө деп бир литр антисептик алып койдум. Термометр, самын, сүлгү баарын даярдадым".

Балдардын саламаттыгына убагында кам көрүү керек

АКШдагы Жон Хопкинс университети жаңы окуу жылында мектеп жашындагы балдардын саламаттыгын сактоо үчүн бир нече кеңештердин тизмесин чыгарган. Анда алгачкылардан болуп, вирустарга каршы эмдөө маселеси турат. Азыркы тапта Кыргызстанда балдарды коронавируска каршы эмдөө башталбаганы менен башка календардык эмдөөнүн бардык түрүн убагында алууну адистер сунуштап келет.

Сентябрь, октябрь айларында мезгилдик сасык тумоо айрыкча балдар арасында күчөйт. Ушундан улам да сасык тумоого каршы балдардын иммунитетин чыңдоо каралган.

Колду таза жууганды мектеп жашындагы балага үйрөтүү менен күзүндө күч алчу ичеги-карын ооруларынын алдын алса болот.

Буга кошумча балага чөнтөгүндөгү таттууларды, жаңгак же башка азык-түлүк түрлөрүн башкаларга бербегенди үйрөтүүнү аталган окуу жайдын илимпоздору сунуштаган. Себеби, азыркы тапта балдар арасында аллергия өтө күчөп жатат. Кимдин кайсы азыкка аллергиясы бар экенин жаш бала билбейт.

Шайырбек Сулайманов
Шайырбек Сулайманов

Кыргыз-орус славян университетинин профессору, педиатр Шайырбек Сулайманов мектепке барардын алдында ата-энелер көңүл бурчу төмөндөгүдөй жагдайларды айтып берди:

"Өсүп жаткан баланын ден соолугу ал жашаган аймактын экологиясына өтө көз каранды. Биздин региондо айрыкча азык-түлүктө йод жетишпейт, фтор аз. Буга кошумча ичеги-карында мите курттары көп балдар бар. Ушундан улам көп балдарда тиш оору, аз кандуулук сыяктуу көйгөйлөр жаралат. Ата-энелер окуу жылы башталарга бир ай калганда балдарын үй-бүлөлүк дарыгерлерге, же педиатрга алып барып бир жолу текшертип койгону дурус. Жалпы кан анализин тапшырып, ички органдарын УЗИден өткөрүп коюу керек. Тиш догдурга сөзсүз текшертүү зарыл. Мунун баарын окуу башталгыча кылса бала азырак стресс болот. Бизде оорулардын алдын алуу иш чаралары дээрлик жүрбөйт. Азыр окуу башталып калбадыбы, баланын саламаттыгын окууга чейин ойлонуш керек да".

2017-жылы Кыргыз-орус славян университетинде бир нече окумуштуу биргелешип жазган "Кыргызстандагы балдар менен өспүрүмдөрдүн саламаттыгы" аттуу китеп чыккан. Анда 2007-жылдан 2014-жылга чейинки аралыкта ымыркайлардан тарта 17 жашка чейинки жеткинчектердин саламаттыгына медициналык-социалдык анализ жасалган.

Мектеп жашындагы өспүрүмдөр арасында нерв оорулары, бөлүп чыгаруу жана тамак сиңирүү органдары жабыркагандар көп кездешкен. Ооругандардын көрсөткүчү боюнча Ош менен Бишкек шаары алдыда турат. Аймактардагы жеткинчектердин абалы дарыгерлердин жетишсиздигинен улам азырынча иликтене элек.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG