Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

COVID-19: Эки бейтап каза болуп, 82 кишиден жаңы табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 13-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан эки киши каза тапты. Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2576 адамга жетти. Соңку бир суткада вирус дагы 82 адамдан табылды.

  • Бишкек - 40
  • Чүй облусу – 19
  • Талас облусу - 3
  • Нарын облусу - 5
  • Ысык-Көл облусу – 7
  • Жалал-Абад облусу – 6
  • Баткен облусу - 2

Ош шаары менен Ош облустарында катталган эмес. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19ду жуктуруп алгандардын жалпы саны 177 308 кишиге жетти. Алардын 605и ооруканада жатат, дагы 1016 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 127 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 171 650 киши.

Коронавируска каршы эмделгендердин жалпы саны 1,2 млн. ашты. Алардын 741 миңден көбү вакцинанын биринчи дозасын алды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG