Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Айылда жумушсуз отургандар үчүн социалдык тигүү цехтери ачылууда


Кегети айылы.
Кегети айылы.

Кыргызстанда социалдык тигүү цехтерин ачууга багытталган KyrgyzAiylTextile (“КыргызАйылТекстиль”) долбоору ишке ашырыла баштады. Анын максаты – айылда жумушсуз отургандарга жардам берүү экенин 13-сентябрда “Азаттык” радиосуна долбоордун демилгечиси, экономист Элдар Абакиров билдирди:

“Кыргызстандын жараны катары, экономист катары миграция маселесин кантип чечсек болот деп ойлондум. Көп балдар энеси жок чоңоюуда, айылда жумушсуздук. Үйдө отурган көп аялдардын убактысы бар, бирок жумушу жок. Орусиядан көп буюртма алса болот экен, тигүүчү жетишпей жатыптыр. Өз айылыбызга он чакты тигүү машинасын алып берип, көп балалуу, кыйналып жаткан үй-бүлөлөрдү чакырдык”.

KyrgyzAiylTextile бренди катары иштей турган алгачкы тигүү цехи Чүйдүн Кегети айылында ачылды. Айыл өкмөтү имарат бөлүп, электр жарыгын тартып берди.

Бишкектен Кегети тарапка каттаган жүргүнчү тейлөөчү кичи автобустар кездемелерди жана даяр продукцияны бекер ала кетип, ташуу жагынан жардам берип жатышат.

Азыр жабдык топтоо, тигүүчүлөрдүн кесиптик деңгээлин жогорулатуу иши жүрүүдө.

Буга чейин бир катар ири долбоорлорду ишке ашырган Элдар Абакиров экономика министринин орун басары болуп эмгектенген.

Ал ишкерлерге кайрылып, “Мүмкүнчүлүгү барлар бул брендден буюртма алып, Орусия жана башка өлкөлөргө экспортко чыгаргыла” деп чакырды.

Кыргызстанда жумушсуздук - негизги социалдык-экономикалык маселелердин бири. Расмий маалыматка караганда, жумушсуздуктун деңгээли азыр 5,8% түзүүдө. Алты миллиондон ашуун калкынын миллионго чукулу Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG