Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Кабулга Пакистандан жүргүнчү учак конду


Ооганстанга конгон пакистандык учак.
Ооганстанга конгон пакистандык учак.

Кабул аэропортуна «Пакистан аба жолдорунун» жүргүнчү ташыган учагы конду. Бул ушул айдын башында дүйнө өлкөлөрү Ооганстандан өз жарандарын жана коопсуздугу коркунучта турган жергиликтүүлөрдү чыгарып кеткенден берки алгачкы коммерциялык каттам.

«Франс пресс» агенттигинин жазышынча, 13-сентябрда Пакистандын борбору Исламабаддан учуп чыккан учакта 10 адам болгон. «Пакистан аба жолдору» компаниясынын өкүлдөрү лайнер бардык уруксат менен Ооганстанга учканын билдирди.

Өткөн аптада компания Кабулга атайын чартердик рейстерди уюштурууну көздөп жатканын кабарлаган. Азырынча туруктуу коммерциялык каттамдар качан жандандырылары белгисиз.

Бирок Ооганстандын бийлигин талибдер басып алгандан бери чартердик каттамдарды уюштуруу да сейрек окуялардын бири болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG