Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Лондон: "Уйгур трибуналында" казактар көрсөтмө берди


Кытайдын полиция кызматкерлери. Шиңжаң. 4 -май, 2021 -жыл.
Кытайдын полиция кызматкерлери. Шиңжаң. 4 -май, 2021 -жыл.

Британиянын башкалаасы Лондондо Кытай өкмөтүнүн Шинжаңда байыр алган уйгур, казак, кыргыз жана башка улуттук азчылыктарга карата саясаты тууралуу угуулар улантылды. 12 -сентябрдагы жыйынга катышкан бир нече казак көрсөтмө берди.

Шинжаңда туулуп-өскөн казак тектүү Орынбек Көксебек, Эргазы Отарбай жана Бакытали Нур Кытайдын саясий лагерлеринде кармалып, кийин тарыхый мекенине кайтып келишкен. Үчөө тең Казакстанда жашашат. Лондондогу угууга атайын барып, көргөн кыйноолорун айтып беришти.

Бакытали Нур.
Бакытали Нур.

Бакытали Нурдун айтымында, аны Кытай полициясы 2017-жылы кармап, "террордук өлкөлөрдүн тизмесиндеги мамлекетке барганы үчүн" лагерге жөнөтүлгөн. Укук коргоо органдары анын алты айлык боюнда бар аялын аборт жасатууга мажбурлаган.

Ал ошондой эле аны менен лагерде чогуу жаткан уйгур улутундагы жигиттин кыйноого алынганы жөнүндө айтып берди.

"Аны түн ичинде камерадан алып кетип, төрт күндөн кийин алып келишти. Анын эки колу тең иштебей калгандыктан, тамактануусуна жана ажаатканага баруусуна мен жардам берип жүрдүм. Ал "төрт күн бою колумдан асылып турдум, алгач бутумдун учу жерге тийбей турса, төртүнчү күн дегенде тарамыштарым чоюлуп, бутум жерге тийип калды" деп айтып берди. Денесинен электрошокердин көптөгөн тактарын көрдүм. Андан "мешребге" (уйгурлар чогулуп сүйлөшүп, убакытты өткөрө турган жер) барганда террорчулар эмне деп сүйлөшкөнүн айтууну талап кылышкан", -деди Бакытали Нур.

Орынбек Көксебек.
Орынбек Көксебек.

Лондондогу соттук отурумга катышкан дагы бир казак Орынбек Көксебек Шинжаңдагы лагерде төрт ай кармалып, андан соң эки ай үй камагында болгонун айтты.

"Мени кытай тилин билбегендигим жана Казакстандын жараны болгонум үчүн түрмөгө камашкан. Алар мени кантип кыйнаганын сөз менен айтып жеткире албайм", – деди Көксебек.

Ал Казакстанга кайтып келгенден кийин белгисиз адамдар тарабынан коркутууларга кабылганын да кошумчалады.

Лондондо Кытайдын Шинжаң аймагында уйгур, казак, кыргыз жана башка түрк текстүү мусулмандардын куугунтукталышына байланыштуу экинчи угуу 10-сентябрда башталган. Алгачкы отурум июнь айында өткөн.

Эл аралык басылмаларда "Уйгур трибуналы" деп аталган сотто Кытайдын түрк тектүү мусулмандарды бутага алынышына байланыштуу далилдер иликтенип, Геноцид жөнүндө конвенцияга ылайык, Бээжиндин аракетине баа берилет.

Британиялык адвокат Жеффри Найс төрагалык кылган комиссия Шиңжаңдагы саясий лагерлерде болгон күбөлөр менен катар окумуштууларды жана эксперттерди угуп жатат.

"Биз жөн эле фактыларды талдап, мыйзамды карап чыгып, далилденген нерселерди көрөбүз", - деп билдирди Найс Sky News басылмасына берген маегинде. Анын айтымында, отурумга кытайлык аткаминерлер бир нече жолу чакырылган, бирок жооп болгон эмес.

"Уйгур трибуналы". Лондон. 10-сентябрь, 2021 -жыл.
"Уйгур трибуналы". Лондон. 10-сентябрь, 2021 -жыл.

Британиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, угуунун юридикалык күчү жок, бирок уюштуруучулар бул жараян Кытайдын түрк тилдүү мусулмандарга каршы саясатына баа берет деп үмүттөнүшөт.

Ал эми Бээжин буга чейин аталган угууну кескин сындаган. Sky News кабарлагандай, экинчи отурумдун алдында Кытайдын Улуу Британиядагы элчиси Чжэн Чжэгуань, бул жараянды Бээжинди дискредитациялоого багытталган “саясий манипуляция” деп атаган.

Эл аралык Мунапыс уюму Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулмандарды "системалуу, мамлекет тарабынан уюштурулган массалык түрдө камакка алуу, уруп-сабоо жана куугунтуктоо" адамзатка каршы кылмышка барабар деп эсептейт.

"Кытай бийлиги Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушун жашыруу үчүн бардык күчүн жумшады, бийлик чындыкты айткан адамдарды коркутуп, камакка алып, басынтты" деп жазат.

Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери айтылып келет.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британия, Нидерланд, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG