Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 22:37

Кытайдын уйгурларга каршы узарган укуругу


Шинжаңдагы кармоочу жай, 23-апрел 2021-жыл.

Кытай экономикалык таасири аркылуу Пакистанды уйгурларга каршы трансулуттук өнөктүгүнө көмөктөшүүгө көндүрдү. “Борбор Азия боюнча Оксус коому” жана “Уйгурлардын укугун коргоо долбоору” мындай баяндамасын 11-августта жарыялады. Ага ылайык, Бээжин бул моделди башка өлкөлөргө жайылтууну көздөп турат.

Пакистан уйгурларды көзөмөлдөө жана аларды Кытайга экстрадициялоо маселесинде Бээжин менен биринчилерден болуп жигердүү кызматташкан мамлекет. Исламабад 1997-жылдан бери террорчулукка айыпталган 14 уйгурду депортациялаган. Алардын баары Кытайда дароо өлүм жазасына тартылган.

Андан бери Кытай Исламабад менен тарыхый жактан бекем карым-катнашын дагы тереңдетти. Энергетика жана инфраструктура тармактарындагы жалпысынан 60 миллиард долларга бааланган “Кытай-Пакистан экономикалык коридору” (CPEC) аттуу долбоорду ишке ашырууда. Бул долбоор Бээжиндин дүйнөлүк “Бир алкак – бир жол” демилгесинин бир бөлүгү.

“Борбор Азия боюнча Оксус коому” жана “Уйгурлардын укугун коргоо долбоорунун” жаңы баяндамасында белгиленгендей, Бээжиндин атайын стратегиясы “экстраваганттуу өнүктүрүү долбоорлорун сунуштоо менен бирге коопсуздук байланыштарын тереңдетүүгө" багытталган жана бул Пакистан өкмөтүн өлкөдөгү уйгур жамаатын бутага алууга көндүрүүнүн натыйжалуу жолуна айланган.

Баяндамада айтылгандай, Бээжин чет жердеги уйгурларды көзөмөлдөп туруу үчүн коңшу өкмөттөрдүн жардамына таянат жана Пакистан менен мамилесин уйгурлар жашаган башка мамлекеттерге үлгү катары колдонууга аракеттенип жатат.

"Пакистан Жакынкы Чыгышта жана Борбор Азияда байкалып келе жаткан тенденциялардын ишараты экенин көрүп жатабыз. Бээжин менен Исламабаддын ортосундагы келишимдер менен макулдашуулар учурда Кытай бүткүл регионго экспорттоого аракет кылып жаткан моделден кабар берип турат”, - деп билдирди баяндаманын авторлорунун бири, “Борбор Азия боюнча Оксус коомунун” изилдөөлөр боюнча директору Брэдли Жардин.

Кытайдын Шинжаң аймагындагы Хотан шаары, 30-апрель, 2021-жыл.
Кытайдын Шинжаң аймагындагы Хотан шаары, 30-апрель, 2021-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча, Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң провинциясындагы жабык лагерлерге 1 миллиондон ашык уйгурлар, казактар, кыргыздар жана башка мусулман азчылыктарынын өкүлдөрү камалган. Мындан тышкары Бээжин чет өлкөдө жашаган уйгурларды да көзөмөлдөөгө аракет кылып келет.

“Кытайга коңшулаш өлкөлөрдө жашаган уйгурлардын байланышуу жолдору көзөмөлдөнүп, кыймылы чектелип, ишканалары жабылууда жана алар кармалып, Кытайга жөнөтүлүп жатат”, - деп билдирди “Эркин Европа / Азаттык” радиосуна баяндаманын авторлорунун бири, Америкадагы ишкерчилик институтунун эксперти Роберт Эванс.

Пакистандагы дүрбү

Бээжин Шинжаңдагы укук бузууларга байланыштуу бардык айыптоолорду четке кагып, “кайра тарбиялоочу лагерлер” деп аталган жайлар жарандарды кесипке үйрөтүү жана диний экстремизмге каршы күрөшүү үчүн зарыл экенин белгилеп келет.

Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдө 1-1,6 миллиондой уйгур бар. Алардын басымдуу бөлүгү Борбор Азияны жана Түркияны байырлашат.

Кытайдын чет өлкөлөрдөгү уйгурларга каршы өнөктүгү Пакистандын элитасынын басымдуу бөлүгүнүн, анын ичинде премьер-министр Имран Хандын колдоосуна ээ болгон. Хан Бээжиндин Шинжаңдагы аракеттерин бир нече жолу ачык коргоп чыккан.

Ал керек болсо Кытайдын мамлекеттик медиасы менен соңку маегинде Шинжаңдагы лагерлерге байланыштуу Кытайдын расмий позициясын колдоду. Бээжин Шинжаңда уйгурлар баштаган жамааттардын өкүлдөрүн лагерлерге камоодон тышкары провинциянын тургундарын көзөмөлдөө үчүн татаал тыңчылык системасын түзүп чыкканы белгилүү.

“Биз Шинжаңда болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кытайдын расмий жетекчилеринен уккан версия Батыш өкмөтүнөн жана Батыш медиасынан уккан версиядан бир топ айырмаланып турат. Кытай менен мамилебиз абдан күчтүү болгондуктан жана биздин алакабыз ишенимге негизделгени үчүн биз Кытайдын версиясын кабыл алабыз. Шинжаңдагы программалар тууралуу алар айткандарды кабыл алабыз”, - деп билдирген Имран Хан 1-июлдагы маегинде.

Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан (солдо), Бээжин, 2-ноябрь 2018-жыл.
Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан (солдо), Бээжин, 2-ноябрь 2018-жыл.

Жаңы баяндамада чакан уйгур жамааты байырлаган Ооганстандагы кырдаалга да көңүл бурулган. Ооган жергесинде улам жаңы аймактарды басып алып жаткан Талибан кыймылы жакында Кытайдын расмий жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Исламабад бул кыймылдын негизги саясий коргоочусу деп мүнөздөлүп келет жана жакында Кытай уйгур жоочуларына каршы Талибандын көмөгүнө ээ болуу үчүн чоң кесепеттерге алып келүүчү дипломатиялык аракеттерин жанданткан.

“Ооганстандагы уйгурлардын арасында тынчсыздануу күчөдү. Өзгөчө Кытай менен Пакистан CPEC долбоорун кеңейтүүнү көздөп жаткан шартта”, - деди баяндаманын авторлорунун бири Роберт Эванс.

Бээжин ири экономикалык долбоорлорунан тышкары Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) сыяктуу көп тараптуу уюмдар аркылуу Борбордук жана Түштүк Азияда таасирин арттырып жатат. ШКУга Кытайдан тышкары Орусия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан мүчө.

Тажикстандын Ооганстан менен чек арасына жакын аймактарында Кытай бир нече аскердик бекеттерди тескейт. Бул жайлар чөлкөмдөгү потенциалдуу уйгур жоочуларын көзөмөлдөө же камакка алуу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Үлгүнү жайылтуу

Жаңы баяндамада Пакистандагы уйгур жамааттарын тыңчылык кылуучу санарип программалардын коркунучу тооруп турганы баса белгиленген. Кытай Пакистанга жергиликтүү коопсуздук кызматтарынын уруксаты менен тыңчылык программаларды жөнөткөн.

2020-жылдын июнь айында санарип коопсуздук багытында иш алып барган Lookout деп аталган компания Кытай Пакистандагы колдонуучулардын телефондоруна тыңчылык программаларды кантип орнотуп жатканы тууралуу докладын жарыялаган.

Ага ылайык, мындай программалар үчүнчү тараптын тиркемелери аркылуу негизинен Пакистандагы этникалык уйгурлардын телефондоруна орнотулганы ачыкка чыккан. Бул программа телефондогу жеке маалыматтарды, колдонуучунун кайсы жерде жүргөнүн, ким менен сүйлөшкөнүн каттап, чогултуп жүргөн.

“Биз Шинжаңдын ички модели сыртка экспорттолуп жатканын, аны чөлкөмдөгү өлкөлөр, көбүнесе Пакистан кабыл алып жатканын көрүп турабыз”, - деп билдирди баяндаманын авторлорунун бири Брэдли Жардин.

2017-жылы Пакистандагы Dawn гезитинин колуна тийген документте айтылгандай, “Кытай-Пакистан экономикалык корридору” (CPEC) долбору Пакистанда кытайлык көзөмөл жүргүзүүчү программалардын жайылышына шарт түзгөн. Ал документте санарип байкоонун жаңы түрлөрү жана чек аралардагы жаңы системалар тууралуу сөз болгон.

Үрүмчүдөгү этникалык кыргыз, 22-апрел 2021-жыл.
Үрүмчүдөгү этникалык кыргыз, 22-апрел 2021-жыл.

Брэдли Жардиндин айтымында, бул системалар уйгурларды аныктоо үчүн колдонулуп, дагы көбүрөөк аймакка жайылышы мүмкүн.

“Жалпысынан, Борбор Азияда дүйнөдөгү эң ири уйгур диаспорасы бар. Түздөн-түз көзөмөл жүргүзүү болобу, же кыймылды чектөө болобу, айтор, мындай технологиянын жайылышы бул жамаатка коркунуч туудурат”, - деди Жардин.

Бээжиндин курамына видео көзөмөл, адамды жүзүнөн таануучу камераларды жана абдан чоң маалымат базасын камтыган “Коопсуз шаар” долбоорлорунун Борбор Азиядагы дүбүртү барган сайын катуураак угулууда.

Казакстан Hikvision аттуу Кытайын технология компаниясы менен кызматташып жатат. Бул компания калың элдин арасынан уйгурлардын жүзүн аныктоочу программаны түзүп чыккан жана ал үчүн АКШнын “кара тизмесине” киргизилген.

Бул тизмедеги China National Electronics Import & Export Corporation (CEIEC) аттуу дагы бир кытайлык компания Бишкектеги “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында Кыргызстандын милициясына адамдын жүзүн таануучу программаны акысыз сунуштаган.

“Акылдуу шаарлар – бул Кытайдын шаблонунун бир бөлүгү. Бул көбүнесе уйгурларды бутага алган, жогору тараптан башкарылган ири коопсуздук түзүмдүн бир бөлүгү. Ал башка топторго каршы да колдонулушу мүмкүн”, - деди баяндаманын авторлорунун бири, “Борбор Азия боюнча Оксус коомунун” изилдөөлөр боюнча директору Брэдли Жардин.

P.S. “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун кабарчысы Рид Стэндиштин англис тилиндеги бул макаласынын толук версиясын бул шилтемеден таба аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG