Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Шинжаң: үч уулун күткөн эненин күрөшү


Үч уулунун боштондугун талап кылган Калида Акытхан. Казакстандагы Кытай консулдугунун алдында өткөн митинг.

Алматыда Кытай консулдугунун алдында Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылгандар беш айдан бери нааразылык акциясына чыгышууда.

Бирок алардын Кытайда калган туугандарын көрүү кусаматына кулак түргөн киши жок.

Үч уулунун боштондугун күткөн эне

Мындан үч жыл илгери үч уулу Кытайда камалып, алардын айынан күйөөсү каза болуп, жесир калган 65 жаштагы Калида Акытхан беш айдан бери Алматыдагы Кытай консулдугунун алдын күзөтүп, андагы өзүнө тагдырлаш адамдар менен бирге мөөнөтсүз каршылык акциясына катышып келет.

Шинжаңда анын үч уулу бирдей кармалып, үч жылдан бери кабарын билбейт. Балдарынын атасы былтыр күздө кайгыга чыдабай инфаркттан кайтыш болгон. Калида Акытхан сыяктуу тагдырлар жүздөп саналат.

Ал Алматы облусундагы Шамалган айылында турат. 1991-жылы күйөөсү Рахымбай Кытайдан Казакстанга келип жарандык алган. 2006-жылы жубайы Калида Акытхан менен кенже уулу Фархатты көчүрүп келген. Бирок анын үйлөнгөн үч уулу Кытайда кала берген.

Бул үй-бүлөнүн Алматынын жака белине үй куруп, бардык бала-чакасы менен очор-бачар чогуу жашоо тилеги орундалбады.

Калида Акытхан үйүн саткысы келбейт. Ал бир күнү Шинжаңда камалган уулдары кайтып келсе, өз колу менен токоч бышырып берчү күнгө ишенет.
Калида Акытхан үйүн саткысы келбейт. Ал бир күнү Шинжаңда камалган уулдары кайтып келсе, өз колу менен токоч бышырып берчү күнгө ишенет.

Азыр бул чоң үйдө Калида Акытхан кенже уулу менен калды. Анын эбак казак жарандыгын алган күйөөсүн Кытай бийлиги 2017-жылы чакыртып, бирок ал шекшип барбай койгондо, Шинжаңдагы үч уулун келиндери менен кошо камакка алган.

Калиданын күйөөсү Рахымбай Шинжаңда уулдары камалып, 14 небереси ата-энесиз калганына кейип, күйүткө чыдабай былтыр инфаркттан каза тапкан. Калида Акытхан мурда Кытайга ээн-эркин каттап, ал жактан уулдары Казакстанга товар салып, бул үй-бүлөлүк бизнестин кирешесине айылдын чекесине үй тургузганын айтат.

Калида Акытхан Алматынын Шамалган айылындагы үйүндө.
Калида Акытхан Алматынын Шамалган айылындагы үйүндө.

Ошентип, 2018-жылы Калида Акытхан бир нече ай бою байланышпай калган уулдары Сатыбалды менен Оразжан 22 жылга, ал эми Ахметжан 10 жылга кесилгенин угат. Анын келиндери да “кайра тарбиялоо лагерлерине” айдалып, неберелеринин жарымы тайларынын колунда калса, калганы балдар үйүнө өткөрүлгөнүн билген.

Азыр кенже уулу Фархат менен калган Калида күндө шаардагы Кытай консулдугуна каттап, бугун чыгарууну адатка айлантып алган:

Калида Акытхан.
Калида Акытхан.

“Мен үч уулумдун ал жакта түрмөдө отурганын угуп коюп, бул жакта тынч жатышым керекпи? Мен антип тынч отура албайм. Анткени мен энемин! Бул жакта жаткандан көрө, Кытайга өзүм ашып өтөйүн. Мен Кытайдан уулдарымды эмнеге камаганына жооп берүүнү талап кылам. Жооп алмайынча Кытай консулдугунун алдынан кетпейм. Кытай, мындай ишиңди токтот!”, - деп сүйлөгөн болчу кезектеги каршылык акциясында Калида Акытхан.

Кытайда камалган жакындарын бошотууну талап кылгандардын пикети. Ортодо Калида Акытхан. 18-май, 2021-жыл.
Кытайда камалган жакындарын бошотууну талап кылгандардын пикети. Ортодо Калида Акытхан. 18-май, 2021-жыл.

Калида Акытхан үч уулуна Кытайда кандай айып тагылганын билбейт. Анын укканына караганда, Кытай бийлиги чет өлкөлөрдө жакындары жашагандарды, сакал коюп, намазга жыгылгандарды же жөн эле үйүндө Куран китебин сактаган мусулмандарды кармап, кээсин “кайра тарбиялоо лагерлерине” айдаса, айрымдарын түрмөгө камаган. Кыйнап кытай тилин үйрөтүп, зомбулук көрсөтүп, кээ бирлери дайын-дарексиз жоголгон учурлар бар.

Күйөөсүн күткөн Гүлнур, беш айга созулган пикет

Гүлнур Косдаулет. Казакстандагы Кытай консулдугунун алдында Шинжаңда камалган жакындарынын боштондугун талап кылган нааразылык акциясы. 9-март, 2021-жыл.
Гүлнур Косдаулет. Казакстандагы Кытай консулдугунун алдында Шинжаңда камалган жакындарынын боштондугун талап кылган нааразылык акциясы. 9-март, 2021-жыл.

Оор тагдырга туш болгондордун дагы бири Гүлнур Косдаулет күйөөсү Шинжаңга кетип, ал жактан себепсиз камакка алынып, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып берди.

“Жолдошумду Кытайда камап салып, Казакстанда биз - анын үй-бүлөсү кароосуз калдык. Бизди бакчу күйөөмдү бул жакка жибербей, күч менен кармап турушат. Ушул күнгө чейин Кытай бийлиги менин жолдошума көрбөгөндү көрсөттү. Лагерге дагы, түрмөгө дагы камады. Азыр эми кабары жок, дайынсыз. Биз эми кантип жашайбыз?”, – деди эки жылдан бери күйөөсүн күткөн Гүлнур Косдаулет.

Шинжаңда диний жана этникалык өзгөчөлүгүнө байланыштуу кармалып, камакка алынгандар тууралуу биринчи жолу такталган маалыматтар 2017-2018-жылдары чыга баштаган. Кытайдын аёосуз репрессиясын алгач Казакстанга көчүп келген шинжаңдык казактар айтып чыкты.

Алар туугандары Кытайда эрксизден кармалганын угуп, казак жергесинде түп көтөрүлө митинг-пикеттерге чыгып, айрымдары чыдабай Кытайга барууга да ашыккан. Алардын айтымында, кабар алганы баргандардын өздөрү да кайра артка кайта алган эмес.

Шинжаңда бир миллиондон ашуун мусулман азчылыгы диний жана этникалык өзгөчөлүгүнөн кодулоого дуушар болгону тууралуу 2018-жылы БУУнун комитетинин баяндамасы чыккан. Эл аралык коомчулуктун басымына карабай, Кытайда уйгур, казак, кыргыз сыяктуу мусулман азчылыктарын кысымга алуу күчөп, “кайра тарбиялоо” лагерлеринин саны 40% өскөнүн австралиялык стратегиялык саясат институту да изилдеген.

Кытай бийлиги муну четке кагып, мындай лагерлерди “кесиптик даярдоо” жана "экстремизмге каршы күрөш” деп сыпаттаган. Бээжин 2014-2019-жылдары Шинжаңда 7,7 млн. киши ошондой “кесиптик даярдоодон” өткөнүн ырастайт. Бул 22 миллиондук Шинжаң калкынын 35% түзөт.

Алматыда өткөн кытайлык казактардын маалымат жыйыны.
Алматыда өткөн кытайлык казактардын маалымат жыйыны.

Алматыда жакындарынын боштондугун талап кылып акцияга чыккандардын айтымында, Шинжаңда камакка алынгандар жалаң эле кытай жарандары эмес, арасында Казакстандын жарандыгын алган этникалык казактар да бар.

Кытайда калган жакындары кордолгонун айткан Акикат Калиолла да Алматыдагы Кытай консулдугунун алдына пикетке чыгууну беш айдан бери токтотпой келет.

Акикат Калиолла Нур-Султандагы Кытай элчилигинин алдына барып, Шиңжаңдагы апасы менен эки инисинин боштондугун талап кылууда.
Акикат Калиолла Нур-Султандагы Кытай элчилигинин алдына барып, Шиңжаңдагы апасы менен эки инисинин боштондугун талап кылууда.

“Биздин бул жакка чыкканыбыз мыйзамсыз эмес, Кытайдын азыркы жасап жаткан иштери мыйзамсыз. Кытай бийлиги фашисттик саясат жасап келе жатат. Менин ал жакта калган үй-бүлөмдү кармап, камакка алып, атамды өлтүрүп сөөгүн бербегени аз келгенсип, апам менен эки инимди мыйзамсыз кармап турушат. Аларды сурап, жоопко тарта тургандай, алар эч кылмыш кылган эмес. Мен Кытай бийлигинен үй-бүлөмдү Казакстанга кайтарып беришин талап кылам. Болбосо, мен эч качан токтобойм. Мен токтосом, ал жактагы менин апам менен инилерим дагы өлөт”, - деди Кытайдагы үй-бүлөсүн кайтарып алуудан үмүтүн үзбөгөн Акикат.

"Адамзатка каршы кылмыш"

БУУнун баяндамасында Кытай бийлиги Шинжаңдагы мусулмандарды мажбурлап көчүрүү, балдарын ата-энелеринен ажыратуу, күчтөп иштетүү жана мусулман аялдарын аборт жасатып же күч менен тукумсуздандырган учурларды каттоого алып, аларды адамзатка каршы кылмыш катары баалаган.

АКШ, Канада жана Улуу Британиянын өкмөттөрү Бээжиндин мусулман азчылыгына карата катаал мамилесин айыптап, аны геноцид деп атаган. Буга байланыштуу Кытайга карата санкциялар да киргизилген.

Мындай дооматты моюнга албаган Кытай бийлиги Батыштын Шинжаңга көз карандысыз байкоочуларды киргизүү сунушун четке кагып келүүдө. Бээжин муну өлкөнүн ички иши деп атап, ага карата айтылган айыптоолорду Кытайдын ички ишине кийлигишүү катары карайт.

Казакстанда соңку беш айдан бери Шинжаңда камалган же дайынсыз жоголгондордун туугандарынын мөөнөтсүз каршылык акциялары күчөдү. Бирок алардын өздөрүн кайра казак полициясы кармап, административдик айып пул салган учурлар арбын.

Алматыдагы жергиликтүү бийликтин өкүлү Рита Ерманова акциянын катышуучуларына келип, эскертүү берген жайы бар:

“Мен сиздерге дагы бир ирет кайталайм, бул жердеги жыйыныңыздар мыйзамсыз. Уруксат берилбеген мындай жыйынга чогулгандар жоопко тартыларын акимчилик эскертет. Ошондуктан тез арада тарап кетишиңиздерди талап кылам!” - деген болчу шаар акимчилигинин өкүлү.

Бээжинден туугандарына боштондук талап кылгандарды казак бийлиги да уккусу жок. Ал бул маселе Кытайдын ички иши экенин айтып, Бээжин менен мамилесин бузгусу келбегенин туюнткан.

Ал арада Шинжаңда камалган миңдеген мусулман азчылыгынын анын арасында этникалык казактардын тагдыры эмне болгону белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG