Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Нур-Султан Шинжаңды изилдеген Бунинди киргизген жок


Евгений Бунин.
Евгений Бунин.

Жекшембиде Шинжаңдагы абалды иликтеген Евгений Бунинге Казакстанга кирүүгө тыюу салынды. Теги орусиялык изилдөөчү бир ай Бишкекте тургандан кийин Алматыга учуп барган.

Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районундагы лагер жана түрмөлөрдүн курмандыктары жөнүндө маалымат топтоп жүргөн изилдөөчү Евгений Бунинге Казакстанга беш жылга чейин кирүүгө тыюу салынды. Ал бул тууралуу ишемби күнү кечинде “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Анда Бунин Алматыга Бишкектен учуп келгенин белгилеген.

“Мага Казакстанга кирүүгө беш жылга тыюу салынды. Аны мен жаңы эле билдим. Бир ай Бишкекте жүрүп, бүгүн кечинде Алматы шаарына учуп келгем. Мени паспорттук көзөмөл жайынан өткөрүшкөн жок. 5-10 мүнөттөн кийин “Эйр Астананын” эки кызы келип, мага өлкөгө кирүүгө тыюу салынгандыктан Алматыдан учуп кетүү үчүн билет алууга жардам сунушташты. Аңгыча паспорттук көзөмөлдүн кызматкери келип, мага Казакстанга беш жылга кирүүгө тыюу салынганын билдирди”, - деп жазды Бунин.

Анын айтымында, кызматкер тыюу салуунун себебин түшүндүргөн эмес жана маалымат алуу үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылууну сунуштаган. Бунин аны депортациялоо боюнча документтин сүрөтүн жарыялады. Анда изилдөөчү Казакстанга орус паспорту менен кирүүгө аракет кылган деп жазылып турат.

Бунин ошондой эле, "Казакстан, авторитаризм тозогуна бир кадам жакындаганың менен куттуктайм" деп кыйытып жазган.

"Мен ошентсе да, Бишкекке кайра кайтпоону чечтим. Кайтсам ал жакта да көйгөйлөр жаралабы деп коркуп, Борбор Азиядан кетүүгө аргасыз болдум", - деп жазды ал.

Евгений Бунин өзбекстандык изилдөөчүлөр менен. Ташкент. 2019-жыл.
Евгений Бунин өзбекстандык изилдөөчүлөр менен. Ташкент. 2019-жыл.

"Азаттык" радиосунун казак кызматынын журналисттери менен байланышкан изилдөөчү Алматыдан Түркиянын Стамбул шаарына бет алганын кабарлаган. Бирок учурда ал байланышка чыкпай жатканы белгилүү болду.

Былтыр Өзбекстан Евгений Бунинди изилдөө жүргүзүү үчүн өз аймагына киргизген эмес. Муну ал Кытайдагы уйгурлардын маселесин изилдеген Xinjiang Victims Database долбоору менен байланыштырган.

"Азаттык" Казакстандын Тышкы иштер министрлиги менен байланышып, Буниндин Казакстанга кирүүсүнө эмне үчүн тыюу салынганын сурады. Министрликтин басма сөз катчысы Айбек Смадияров мындай дооматтардан кабары жок экенин айтып, "Чек ара кызматынан тактагыла" деп сунуштаган.

Ал эми Казакстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Майгүл Айнабекова Бунин тууралуу суроого так жооп бере алган эмес.

"Биз өз алдыбызча жарандардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу сала албайбыз. Аны сот чечет. Тышкы иштер министрлигинен сурагыла. Мен билбейм", - деп так кесе жооп кайтарган.

Pасмий Нур-Султан Шинжаңдагы этникалык казактарга жасалган катаал мамилени Кытайдын ички иши деп эсептейт. Мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жакында курган маектеринин биринде Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылган митингдерди уюштурууну Бээжин менен мамилени бузгусу келгендердин аракети сыяктуу мүнөздөгөн.

Евгений Жовтис.
Евгений Жовтис.

Ал эми Адам укуктары боюнча бюронун директору Евгений Жовтис Буниндин Казакстанга кирүүсүнө тыюу салынышы, дал ушул Бээжин менен Нур-Султандын ортосундагы "жашыруун келишимге" көз каранды экенин божомолдойт.

"Кытай өз аймагында лагерлер бар экенин моюнга албай, аларды “кесиптик даярдоо” жана "экстремизмге каршы күрөшкөн борборлор” деп атап келет. Албетте бул лагерлер жөнүндө маалымат топтоп жүргөндөр Кытай бийлиги үчүн душман катары кабыл алынат. Биз Кытай менен Казакстандын ортосунда түзүлгөн атайын келишим бар деп божомолдоп жатабыз. Ал эми Шинжаңдагы лагерлер жөнүндө маалымат топтогон киши Казакстандын коопсуздугуна эч кандай шек келтирбейт. Экинчиден бул кадимкидей эле укук коргоо ишмердүүлүгү", - деди Жовтис.

Теги орусиялык Евгений Бунин АКШ жана Орусиянын жарандыгына ээ. Ал Кытайда англис тилинен сабак берип жүргөнүн, 2018-жылы Бээжиндин талабы менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун айтып келет. Ошондон кийин Казакстанга келип Шинжаңдагы куугунтук маселесин көтөргөн "Ата Журт ыктыярчылары" коомдук уюмунда иштеп, кайрылгандардын арыз-даттанууларын англис тилине которуп жүргөн. "Шинжаң курмандыктарынын базасы" (Xinjiang Victims Database) долбоорун да иштете баштаган. Андагы маалыматтарды журналисттер, укук коргоо уюмдары пайдаланып келишет.

Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британия, Нидерланддар, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келе жатат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG