Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Коронавирус шоуменди кырчын курагында алды


Алексей Филатов.
Алексей Филатов.

Бир катар телеканалдарда көңүл ачуучу программаларды алып барып жүргөн Алексей Филатов 12-сентябрга караган түнү пневмониядан көз жумду.

Тырмактайынан журналистикага умтулган талант

Алексей Филатов коронавируска чалдыккан соң 12 күндөй үйүндө дарыланган. Андан соң абалы оорлошо баштаганда Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында он күндөй жаткан. Анын абалы 10-сентябрда кескин начарлап, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Дарыгерлердин жасаган аракетине карабастан Филатов 12-сентябрга караган түнү ооруканада жан берген.

Бул тууралуу Алексей Филатовдун чыгармачылыктагы устаты, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова “Азаттыкка” кабарлады.

Молдокматова Алексей Филатов менен 2002-2003-жылдары таанышып, Алексейдин коомдук телерадиоберүү корпорациясына кадам таштоосуна себепчи болгон. Филатов теле тармагындагы кадамын алгач Молдокматованын “Салам, Кыргызстан” аттуу берүүсүнө чакан рубрикаларды даярдоо менен баштаган. Молдокматова Филатовду мыкты шакирт деп эскерип, анын өнөрү бааланбай кеткенине кейиди.

Ассоль Молдокматова.
Ассоль Молдокматова.

“Бул орду толгус жоготуу. Мен учурда Азербайжанда иш сапар менен жүрүп, Алексей менен коштошо албай калганыма өкүнүп турам. Мен аны болгону 15 жашында “Лимон” гезитинин редакциясынан кезиктиргем. Мен анда мамлекеттик телеканалда музыкалык оюн-зоок программаларды жетектечүмүн. Ошол кезде КТРКда жаңы жүздөрүн болушун каалачу элем. Дал ошол жаңы жүздөрдүн бири Филатов болду. Ага актёрлук чеберчилик, риторика боюнча сабак өтүп жүрдүм. Эки жумадан кийин ал “Хит-парадга” алып баруучу болду. Алексей өз кесибине өтө берилген окуучум эле. Мен жүздөгөн шакирттерди тарбияладым, бирок ачык айтайын, ал менин эң мыкты, өзүм ыраазы болгон шакиртим эле. Ал ушул убакытка чейин менин туулган күнүмдү куттуктап келди. Жылуу сөздөрү менен бирге роза гүлдөрүн тартуулап турчу. Ушул убакытка чейин байланышта болуп турдук. Ал учурунда Кыргызстанда Казак ССРинин эл артисти Роза Рымбаеванын, "Дербиштер" тобунун концерттерин уюштурду. Балдарды өнөргө тарбиялаган мектеп да ачты. Ал кийин чыгармачыл чөйрөдөн алыстап кеткенде, мамлекеттик каналдарга иштетүүгө аракет кылдым. Анын талантын өлкө баалай алдыбы? Жок...”.

Алексей Филатов жана Ассоль Молдокматова.
Алексей Филатов жана Ассоль Молдокматова.

Алексей Филатовду билген замандаштары ал 14-15 жашынан эле республикадагы гезит-журналдарда эмгектенип, журналистикага аралаша баштаганын айтат. Бирок ал коомчулукка КТРКдагы 2003-2009-жылдары чыккан "Хит-парад" шоу-программасын алып барып, кеңири таанылган.

16 жашында “Хит-парадга” келген Алексей кесиптештерине өзүнүн жаш курагын кийинчерээк гана айткан. Ал мунун себебин “өтө жаш экен” деп жумушка албай коёт деп корккону менен байланыштырган.
Бул тууралуу “Хит-парад” долбоорунун автору жана жетекчиси Динара Эсенгулова буларды билдирди:

“Ал ошондо кичинекей эле болгонуна карабастан, акылдуу, зирек бала болчу. Идеяларга бай болуп, ар убак умтулуу үстүндө жүрчү. Жараткан андан ушундай талантты аянбаптыр. “Хит-парадда” Нурзат Токтосунова экөө алып барып жүрүштү. Кийин Нурзат кеткенден кийин Назира Айтбекова кастинг аркылуу тандалып алынды. Тамашакөйлүгү да жакшы эле. Мыкты жуп болуп, жакшы алып барышты. “Хит-парад” ошентип өз алып баруучуларын коомчулукка таанытты. Алардын да “Хит-парадды” элге жайылтууда салымы зор болду. Ошол долбоорду укканда эл баары бир Алексей Филатовду сөзсүз эстеп калат. Кечээ угуп алып жаман болуп отурабыз. Бүгүн эмгек жамаат, өткөн күндөрдү көз алдыбыздан өткөрүп, көп жакшы күндөрдү эстедик”.

Артта калган күндөрүн сагынган Алексей

“Хит-парад” берүүсүндө Филатов менен бирге көрсөтүүнү алып барып калган журналист Назира Айтбекова кесиптешин бардык нерсеге эрте аралашкан эле деп эскерет. Ошону менен катар кийинки күндөрү Алексей эски күндөрүн көбүрөөк сагынарын, мурдагы өңдөн аза түшкөнүн Айтбекова айтып отурду:

Назира Айтбекова.
Назира Айтбекова.

“Ал укмуштуудай энергиялуу, каны кайнап, көзү жайнап, жашоону сүйүп караган, ордуна тура албаган, идеяга бай, шуулдаган жигит болчу. Акыркы жолу жазында жолукканда башка Алексейди көрдүм. Ындыны өчкөн, кайнаган энергиясы жок, өзүн, жолун жоготуп алып, таппай аткандай көрүндү. Баягыдай шакылдап сөз талашкан жигит жок. Табынан тайып калгандай сезилди. Жашоодо чоң сокку алып, сынып калгандай, алдыга кадам таштабай эле, артты көздөй кетенчиктеп бараткандай болду. Мен чынында баштагы Алексейди тааныбай турдум. Ал менден кичүү болсо да эки кадам алдыда тургандай сезилчү дайым. Мен ага карата түздөнүп, көп нерсени андан үйрөнчүмүн. Эски күндөрдү, баягы “Хит-парадды” эстегенде көзү жайнай түшөт да, ошол күндөрдү сагынат. Кеткиси келет. Ошондогу атагынын, ошондогу сонун күндөрдүн элесине жылынып, ал күндөр алыстаган сайын үшүп аткандай сезилди. Мен анын көзүнөн өзүнө болгон ишенимин да, келечекке болгон үмүтүн да көргөн жокмун. Бирөө тартып алгандай, баягы устатымдын илебин таппай, таң калдым”.

Алексей Филатов жана Назира Айтбекова.
Алексей Филатов жана Назира Айтбекова.

Өмүрдүн баасын билүүгө чакырган акыркы билдирүү

Социалдык тармактарда Алексей Филатовдун акка моюн сунушу да көп колдонуучунун көңүлүн бурду. Көпчүлүк анын 33 жашта гана өмүрдөн өткөнүнө кейип жатышат.

Ошону менен катар Алексей Филатовдун август айынын аягында гана өзүнүн "Фейсбук" баракчасына калтырган пикири көбүрөөк талкууланууда.
Анда Филатов өмүрдүн баасын, ар бир мүнөттү тирүү кезде кадырлай билүү керектигин камтыган төмөнкүдөй билдирме калтырган.

“Кээде жалгыз жашооң жөнүндө ойлоносуң. Убакыт кандай тез өтөрүн түшүнөсүң, титирейсиң, бирок башка эч нерсе кылбайсың. Азыр он беш жаштасызбы? Же жыйырмабы? Балким 28. Эч нерсе эмес! Жөн эле окуп коюңуз. Бир суткада 24 саат бар. Ар бир күнүң терезеңиздеги күндүн жаркын нурунан башталат. Бирок, дагы бир жолу билесиң, азыр мектепке, колледжге же ишиңе барышың керек.

Ойгон! Өмүрүңдө бир жолу мектепке барасың. Жашооңдо бир ирет мааниси кийин чоң боло турчу нерселер жөнүндө тынчсыздана бересиз жана ал айланаңыздагыларга абдан чоң таасир этет.

Күлкү. Биринчи сүйүү. Кубаныч. Жолугушуулар. Сабакты өткөрүп жиберүү. Кеч. Жай. Жашооң кайда баратат? Ойлонуп көр. Көз ирмемдерди баалай бил. Эч качан мындай сезимди сезбегендей жаша. Анткени өмүрүңдө бир эле жолу сен он беш, жыйырма жашта болосуң".

Алексей Филатов.
Алексей Филатов.

Алексей Филатов 1987-жылы 1-декабрда Фрунзе шаарында туулган.
2003-жылы КТРКда Улуттук "Хит Парад" оюн-зоок программасын алып бара баштаган.

2007-жылдан тартып "Алексей Филатовдун бий мектеби" продюсердик борборун жетектеген. Ал анда бир нече жыл балдарды ыр-бий, алып баруучулук кесип боюнча даярдаган. 2010-жылдын июль айында Филатов орусиялык "Ералаштын" аналогу болгон "Ари-ури" балдар телеберүүсүн чыгарган. Он мүнөттүк видеолор Орусиянын “Бешинчи каналынан” көрсөтүлгөн.

2011-2016-жылдары өлкөдөгү окуу жайлар арасында бир нече ирет сулуулар сынагын өткөргөн.

Пневмония илдетинен көз жумган алып баруучу Алексей Филатов 2021-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарындагы ГЭС-5 районундагы көрүстөнгө коюлду. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын жакындары жана маданият өкүлдөрү катышты.

Кыргызстанда коронавирус панденимиясы башталгандан бери 2574 киши каза болду. Илдет жалпысынан 177 226 кишиге жугуп, анын 171 523си сакайды. Ал эми 1-13-сентябрда республика боюнча 46 киши каза болсо, анын 24ү Бишкек шаарында катталган.

Сентябрдын башынан бери коронавирус жуккандар

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG