Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:25

Теле алып баруучу Алексей Филатов пневмониядан кайтыш болду


Алексей Филатов.
Алексей Филатов.

Бир катар телеканалдарда көңүл ачуучу программаларды алып барып жүргөн Алексей Филатов ооруканада көз жумганын кесиптеши жана устаты Ассоль Молдокматова "Твиттердеги" баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка караганда, шоумен бир нече күн мурун өпкөсү кагынып (пневмония), ооруканага жаткырылган. Абалы оор экени, атайын аппарат аркылуу дем алып жатканы кабарланган.

Алексей Филатов КТРКдагы кыргыз-орус тилдеринде обого чыккан "Хит парад" программасынын алып баруучусу катары таанылган. Башка көңүл ачуучу программаларды, түрдүү оюн-зоок иш-чараларын уюштуруп жүргөн.

Маркум быйыл декабрда 33 жашка толмок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG