Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Нарматованын иши: ИИМдин аракети суроо жаратты


Акыйкатчы Токон Мамытов активист Орозайым Нарматованын милицияда кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча Башкы прокуратурага кайрылды. Омбудсмен күбө катары суралган активисттин Ош аэропортунда кармалышын териштирүү зарыл деп эсептейт.

Акыйкатчынын талабы

Акыйкатчы Токон Мамытов Ош аба майданында кармалып, милицияда сурак берип чыккан активист Орозайым Нарматованын окуясын териштирүүнү өтүнүп, баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

Омбудсмендин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Токон Мамытов "күбө катары суралган Нарматованы Ош аэропортунан кармап, Бишкекке алып келүүнүн зарылдыгы бар беле?" деп суроо салган.

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

“Айрым маалымат агенттиктеринде жазылгандай Нарматова күбө катары суралган, анда аны кармап, Бишкекке алып келүүнүн зарылдыгы бар беле, эмне үчүн баштапкы кармаган жеринде суракка алышкан жок? Нарматовага баштапкы айыптоо Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу”) болгон. Ал күбө катары чакырылган жана суралган болсо, аны кармоо мыйзамдуубу?”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Мамытов жарым жыл ичинде апасынан жана агасынан айрылган Нарматовага укук коргоо органдары адамгерчиликтүү мамиле кылса болмок деп эсептейт.

10-сентябрда Токон Мамытов саат 23:00дөргө жакын Ички иштер министрлигине барып, Орозайым Нарматовага жолуга алган эмес. ИИМдин кызматкерлери активист кое берилгенин жана аны сураган тергөөчүлөр үйүнө кеткенин маалымдашкан.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы Токон Мамытов Орозайым Нарматова менен телефон аркылуу байланышканын, ал өзүнө карата эч кандай коркутуу жана кысым болбогонун айтканын кабарлады.

Активист Орозайым Нарматова сурак берип чыккандан кийин Фейсбук баракчасы аркылуу кыскача кайрылуу жасап, тергөө иштерин ачыктабоого кол койгонун, иш боюнча кийин айтарын жазды.

Нарматованын адвокаты Сейитбек Довлотов активист одоно мыйзам бузуулар менен суракка алынган деп эсептейт.

“Ал күбө катары чакырылыптыр. Ал эми күбөнү мажбурлап алып баруу мыйзамга туура келбейт. Каралып жаткан ишке күбө катары өтүшү керек болсо, "ушундай иш боюнча келип кетиңиз" деп алгач чакыруу жиберет. Чакыруудан баш тартканда гана мажбурлоого мыйзам жол берет”, - деди жактоочу.

Довлотов Нарматова таңга жуук Бишкектен Орусияга учуп кеткенин билдирди. Активист бир канча күн мурда Кыргызстанга бир тууган агасын акыркы сапарга узатуу үчүн келип, кайра Орусияга кеткени Ош аэропортуна барганда кармалган.

ИИМдин эки башка билдирүүсү

Ички иштер министрлиги Нарматова боюнча адеп “Активист чет өлкөдөгү мигранттар арасында нааразы маанайды күчөтүү үчүн өлкө жетекчилигине негизсиз сын айтып, бийликти басып алууга чакырыктарды жана шарттарды жаратуу белгилери бар” деген негизде кармалганын, иш Жазык кодексинин 313-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган.

Бирок ИИМ Нарматова кое берилгенден кийин, ал күбө катары гана суралганын билдирди.

“Тергөө иш-чараларынын алкагында Орозайым Нарматова бүгүн ИИМдин тергөө кызматына көрсөтмө берүүгө алып келинген. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө кызматы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. ИИМдин тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин күбө катары суралган Орозайым Нарматова кое берилди”.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, өлкө жетекчилигинин саясатына кескин сын айтып жүргөн активист Орозайым Нарматованын кармалышы социалдык тармактарда күндүн темасына айланып, бийликке карата сын пикирди күчөттү.

Күбөнү кармоонун мыйзамдуулугу

Учурда коомчулукта активисттин кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселе көтөрүлүүдө. Мурдагы өкмөт башчы, генерал Феликс Кулов кылмыш ишине күбө адамды кармап, үйүн тинтүү эч бир мыйзамга туура келбей турганын белгиледи.

“Мындай окуя мурда эч качан болгон эмес. Күбөнү учактан калтырып Бишкекке алып жөнөшүптүр. Ошол учурда анын үйүндө тинтүү жүргүзүшүптүр. Мен эми муну жумшак айтканга аракет кылайын, бул кесипкөйлүк эмес. Юридикалык билими жоктордун дагы күлкүсү келип жатат. Алар (ИИМ) кантип ушундай түшүндүрмө берди? Бул таптакыр болбой турган нерсе”.

Саясатчы Адил Турдукулов активисттин сурак беришин саясатка байланыштырды. Турдукуловдун пикиринде Ички иштер министрлиги жогорку бийликтегилердин буйругу жок активисттерди камакка алууга кызыкдар эмес.

“Бишкекке алып келип, маалыматты камакка алганга тууралап таратышкан. Башында камакка алууну ойлошкон, бирок коомчулук жаш кызды мынчалык коргоп чыгарын күткөн эмес. Ошондуктан бийликке аябай сокку болду. Анткени Орозайымды камоо менен башка саясатчыларды сестенткиси келген. Бирок бул камоо тескери натыйжа берди”, - деди Турдукулов.

Бийликтин жообу

Азырынча Ички иштер министрлиги коомчулуктун сынына жооп бере элек. Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев "Азаттык" радиосуна активисттин кармалышына президент Садыр Жапаровдун эч кандай тиешеси жок деп эсептейт.

Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

“Мындай ишке президенттин эч кандай тиешеси жок болсо керек. Анткени, социалдык тармактардагы өйдө-төмөн сөзгө президентти аралаштырган туура эмес. Ал ошол күч органдарынын аткарып жаткан иши чыгаар. Президент муну билбей деле калса керек. Анткени президент чет өлкөдөн келген делегаттар жана башка экономикалык, маданий иштер менен алек болуп жатпайбы”, - деди Абыкеев.

Анткен менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, Орозайым Нарматованын атасы Көчкөнбай Нарматов кызы "чындыкты айткандыктан бийликке жакпай" кармалды деген ойдо. Нарматов милициялар анын үйүнөн үгүт баракчаларды издеп тинтүү жүргүзүшкөнүн айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

“Садыр Жапаров иниме айтаар элем. Сени элге тааныткан мен, менин байбичем, кызым болгон. Атаңдын көзү өткөндө байбичем экөөбүз барып бата кылганбыз. Менин балам кайтыш болду, телефондон көңүл айтканга жарабадың. Мен жасагандарымды колко кылбайм. Мусулман адам бирөө кайгы тартып турганда абалын сурап койсо сооп алат. Эми кайгы тартып жүргөн адамды тебелеп, камадыңар. Актап жакшынакай кылып алып келип бергиле, ошону суранам”, - деди Нарматов.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев бийликти сынга алуу эч бир беренеде кылмыш болуп эсептелбесин белгилеп, ишти алып барган милициянын тергөөчүсүн жоопкерчиликке тартууну талап кылды.

“Прокуратура көзөмөл орган болгондуктан Нарматованын укугунун одоно тебеленгени боюнча тергөөчүнү жоопко тартуу керек. Жумуштан четтетип, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кылмыш иши козголушу зарыл. Милициянын маалыматында айтылгандарда кылмыштын курамы жок. Бийликке сын айтуу Конституциядагы укугубуз”, - деди депутат.

Нарматова 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан. Президент Садыр Жапаров абакта жатканда активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындай баштаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG