Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Абактагы Аспеков ооруканага түштү


Мелис Аспеков ортодо.
Мелис Аспеков ортодо.

Тергөө абагында жаткан активист Мелис Аспеков жүрөк талмасы кармап, реанимацияга түштү. Анын жакындары абакта ага жетиштүү медициналык тейлөө болбогонун айтып чыгышты. 10-августта түзөтүү колониясында жаракат алган башка бир соттолуучуга дарыгерлердин жардам берүүдөн баш тартканы талкууга түштү.

Улуттук кыйноолордун алдын алуу борбору менен Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жабык жайларда саламаттыкка байланыштуу адам укугун бузуу фактылары катталып жатканын билдирди.

Жарандык активист Мелис Аспеков “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен быйыл 8-январда кармалып, ошондон бери тергөө абагында жатат.

11-августка караган түнү Аспековдун жүрөк талмасы кармап, №1 тергөө абагынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген. Анын иниси Азамат Аспеков агасына жабык жайда тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлбөй, азыр эс-учун билбей жатканын айтып берди:

"Жаза аткаруу кызматкерлеринин шалаакылыгы болуп калды. Үч күн мурун колдорум иштебей, өзүмдү жаман сезип жатам деп кайрылган. Жаш догдур кызды киргизип, абалы жакшы деп коюшкан. Ал кыз агама "суук тийди" деп, жөнөкөй эле бир ийнени сайып кетип калыптыр".

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан Мелис Аспековго убагында жардам берилгенин, ал жүрөгү ооруп жатканын айтканда "Тез жардам" чакырышканын кабарлашты. Аталган кызматтын өкүлү Элеонора Сабатарова Аспековго "курч миокард инфаркты" деген диагноз коюлганын билдирди:

"Жүрөгүм ооруп жатат деп кайрылганда, "Тез жардам" чакырылган. Келген бригада Аспековдо жүрөк талмасынын белгилери бар экенин айткан. Кардиологиялык "Тез жардам" бригадасына кайрылганбыз. Алар келип, Аспековду Улуттук кардиология жана терапия борборуна алып барышты. Коронангиография деген диагноздон өтүп, "курч миокард инфаркты" деген диагноз коюлду. Азыр Аспеков ушул ооруканада жатат".

Бул окуяга удаа эле Улуттук кыйноолорго каршы борбору Бишкектеги улуттук хирургия борборунун дарыгерлерине каршы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине нааразылык катын жиберди.

Буга 5-август күнү Чүйдөгү Молдовановка абагында жазасын өтөп жатып, кырсыкка кабылып, жаракат алган адамга аталган хирургдар жардам берүүдөн баш тарткан окуя себеп болду. Көкүрөгүнөн жаракат алган кишини "Тез жардам" Бишкектеги Улуттук хирургия борборуна алып келсе, дарыгерлер анын соттолгонун негиз кылып, кароодон баш тартышкан.

Акыйкатчы Токон Мамытов
Акыйкатчы Токон Мамытов

Акыйкатчы Токон Мамытов мындай окуяларга жабык жайлардагы медициналык каржылоонун жетишсиздиги себепкер дейт.

"Биздин жабык жайлардагы медициналык тейлөөгө каражат жетиштүү бөлүнбөйт да. Бир топ кемчиликтер бар. Ооруган адамдарды Жаза аткаруу кызматы айла жок мамлекеттик ооруканаларга алып барууга мажбур. Соттолгондорду кээде мамлекеттик ооруканалар дарылабай коюп жатат. Себеби, дарыгерлер деле коркот да. Кылмышкерге операция жасагандан кийин аны караш керек, палатада жатып, кокус медиктерге кол салып ийеби деп чочулаганы - мыйзам ченемдүү. Ошентсе да, догдур Гиппократтын антын бергенден кийин жардам сурап кайрылган ким болбосун ага көңүл бурушу керек. Операция кыла албаса да, кайсы дарыны ичет, кантип дарыланат, көрсөтмө берип, кеп-кеңешин айтып чыгарса адам укугу сакталат. Тилекке каршы, бизде андай болбой жатат".

"Президент деле абактын шартын билет"

Жазасын өтөп жаткандар Баш мыйзамдын (мурдагы редакциясы) 47-беренеси боюнча, эркиндиктеги адамдардай эле дарыланууга, өзү каалаган догдуруна көрүнүүгө укуктуу.

"Адам укугу үчүн юристтер" коомдук фондунун жетекчиси Асел Койлубаева ар бир абакта медициналык кабинеттер болсо да адистер, дары-дармектер, татыктуу тейлөө дээрлик жок экенин айтат.

"Менимче, президент Садыр Жапаров бул маселеге өзү жеке көңүл бурушу керек. Себеби, ал деле ушул системанын бардык кемчиликтерин көргөн. Абакта жаткан адам коомдон толугу менен четтейт. Эч кандай тейлөө ала албайт. Мамлекеттик органдардын ортосунда жазасын өтөгөндөрдүн жөнөкөй эле укугун сактоо боюнча биргелешип иштөө жолго салынган эмес. Камактагы бирөөнүн жеке көйгөйүн эптеп чечсе болот. Бирок, ооруп калгандардын көпчүлүгү түрмөлөрдүн ичинде дарыланууга шарт жок, сыртка алып чыга алышпай эле өлүмгө учурап жатышат".

Жабык жайлардагы медициналык тейлөөнү министрликке берүү сунушу

Укук коргоочулар бир нече жылдан бери абак, түрмөлөрдөгү медициналык кароону Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берүүнү өкмөткө сунуштап келет. Эгерде бул ишке ашса, жазасын өтөгөндөрдүн саламаттыгын кароодо материалдык жактан да бир топ жеңилдик болмок дешет укук коргоочулар.

Кыйноолорго каршы улуттук борборунун жетекчиси Бакыт Рысбаев медициналык тейлөөнү жалпы жарандык саламаттыкты сактоо системасына кошуу зарыл деген ойдо.

"Бүгүнкү күндө Казакстан ушундай ыкмага барды. 2022-жылдан тарта ал жактагы түрмөлөр толугу менен Саламаттыкты сактоо министрлигине карайт. Мындай шартта адис тартыштыгы, жабдуулардын таңкыстыгы, заманбап дары-дармектер менен камсыздоо, сапаттуу тейлөө деген көйгөйлөр чечилмек".

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар.

2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат. Жабык жайларда азыркы тапта кургак учук, алкоголь менен баңгизатка көз карандылык боюнча толук кандуу дарылоолор жүрөт.

Аялдардын абагында гинеколог, педиатр адистер болгону менен жалпы абактарда тиш догдур, хирург сыяктуу дарыгерлер, дартты аныктоочу жабдуулар жок.

Акыркы учурда кармалган айрым саясатчылар Бишкектеги менчик ооруканаларда дарыланган учурлар көп.

Абактан акча төлөп чыккандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG