Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:26

Жапаровду жабыркаткан жагдай


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Абактагы саясатчы Садыр Жапаров өз өмүрүнө кол салууга аргасыз болгонун ырастаган түшүнүк каттын көчүрмөсү жарыяланды.

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров бул окуяда жоопсуз көп суроолор бар деген негизде ачык-айкын иликтөө үчүн көз карандысыз комиссия түзүү демилгесин көтөрдү.

Камактагы саясатчынын жубайы Айгүл Жапарова абак жайдын ооруканасындагы өмүрлүк жолдошу менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтып, аны сырттан дарылатууну суранды.

Ошол эле кезде жазаларды аткаруу мекемесинин маалымат кызматы азыркы кезде Садыр Жапаровдун өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирди.

Жапаровдун каты

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын байкоочу кеңешинин мүчөсү Чолпон Өмүрканова №47 абактын ооруканасында жаткан Садыр Жапаровдун оозунан жазылган түшүнүк катты социалдык тармакка жарыялады. Анда парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаров кармалган жакындары үчүн камтама болуп, өз өмүрүнө кол салууга аргасыз болгонун айтып берген.

Ага өз өмүрүнө кол салуу менен маселе чечилбестиги түшүндүрүлүп, психотерапевттин жардамы көрсөтүлгөнү жазылган. Чолпон Өмүрканова Садыр Жапаров дарыланып бүткөндөн кийин анын жеке коопсуздугун камсыздоо үчүн УКМКнын тергөө абагына которууну сунуштады:

- Кечээ ал жаткан колониянын ооруканасына барып кабар алдык. Анын абалы канаттандырарлык болчу. Ал болуп өткөн окуя үчүн, жакындарынын абалы үчүн, анын уулдарынын сабалганы үчүн камтама болуп, өзүнчө бир протест катары түшүндүрдү. Колунун сол жак билегин, анан мойнунун сол жагын кесиптир. Негизи ал башында эле УКМКнын тергөө абагына киргизилиши керек болчу.

Мадумаров: Кайдыгерлик коркунучтуу

Ошол эле кезде "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун кан тамырлары кесилген окуяны парламент жыйында талкуулап, көз карандысыз комиссия түзүү керек деген демилге көтөрдү. Адахан Мадумаров бул окуяны бийликтин саясий атаандаштарына карата берилген белги катары кабыл алып, кайдыгерлик саясий кысымдын күчөшүнө алып келерине токтолду:

- Чукул арада Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, көз карандысыз комиссия түзүп, окуянын чоо-жайын иликтеши кажет. Бирок мына ушул нерсенин болбой жатканы биздин коом, коом болуп калыптана электигинен кабар берет. Анан дагы муну кээ бир инсандарга берилген белги катары "бийлик билгенин жасай берет, силердин колуңардан эч нерсе келбейт" дегенди туюнтат. Садыр Жапаров мына ушундай абалга түшүп калышына кимдер себеп болду? Ал өзүнүн колун өзү кесип алгыдай, эмне акылы ордунда эмес жигит беле? Эгерде башка бирөөлөр тарабынан кесилген болсо, анда ал жакка кимдер киргизилди, кимдер тарабынан болду, ал эмне үчүн жасалды деген суроолор бар. Мына ушундай учурда Жогорку Кеңештин тымпыйып унчукпаганы, андагы болочокто президент болот элем деп көкүрөк каккан адамдардын унчукпаганы абдан коркунучтуу жагдайга алып келип жатат.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

"Парламент мындай ишке кийлигишпейт"

Бирок анткен менен бул маселеге парламенттин кийлигишүүгө акысы жок деген саясатчылар да бар. Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев бул жагдайды Жогорку Кеңеште кароо тергөө ишине кийлигишүүгө барабар экенин белгиледи:

- Адатта, депутаттар мына ушундай маселе менен алек болуп, ызы-чуу кылганда көпчүлүгү парламент эмнеге аралашып жатат деп сындап чыгышат. Анан унчукпай койсо эмнеге өз милдетин аткарбайт деп чыгышат. Анан эми Садыр Жапаровду кан тамырларын кесип, мына ошого жеткирген жагдай моралдык жагынан алганда ал башка кеп. Бирок түрмөдөгүлөр жасаса, анда бул башкача болмок. Ал эми ал киши бул жакка келе жатканда пландары башкача болгондур. Анысы ишке ашкан жоктур. Анан эми ошондон соң, бир тууган инилерин, уулдарын камап жатса, чынында ага чыдаш кыйын да. Мени деле Убактылуу өкмөттүн учурунда эки жума отурганда бийликке кайрылгамын. Бирөө дагы жооп берген эмес. Бирок мен кийин бул нерсе парламенттин иши эмес экенин түшүндүм.

Жапаровдун жубайынын суранычы

Бирок Айгүл Жапарова абактын ооруканасында жаткан жолдошунун өмүрү жана ден соолугу коркунучта калып жатканын белгиледи. Ошондуктан аны сырттагы ооруканадан дарылатууга уруксат берүүнү суранган Айгүл Жапарова эмне себептен УКМКнын тергөө абагына эмес, №-1-тергөө абагына камаган чечимге түшүнбөй жатканын билдирди:

- Биз аны эмне себептен шашылыш эле №1 тергөө абагына киргизди, эмне себептен ишти УКМК карап жаткан соң, анын тергөө абагына камаган жок деп сурап жатабыз. Мына ошол жагдайга биз түшүнгөн жокпуз. Азыр эми аны №47 колонияга которгон менен ал жак деле түрмө да. Ошондуктан аны үй камагына болбосо да ооруканага которуп, дарылатууга мүмкүнчүлүк беришсе болмок. Мен дагы деле жолдошумдун өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч болуп турганын сезип турам. Себеби мен ушул убакытка чейин Садыр менен сүйлөшө албай, ага кире албай жаткандан кийин ага бир нерсе болгон окшойт деп жатам.

Жазаларды аткаруу мекемеси Садыр Жапаровдун жакындары тергөө жүрүп жаткан учурда аны менен жолугушууга укугу жок экенин эскертти. Ошол эле кезде 2-апрель күнү 47-абакка которулган Садыр Жапаровдун саламаттыгынан анын адвокаты, атайын прокуратуранын жана Акыйкатчынын өкүлдөрү кабар алып чыкканы белгилүү болду. Жазаларды аткаруу мекемесинин маалымат катчысы Александр Никсдорф учурда Садыр Жапаровдун өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирди.

- Анын туугандары колонияга жана мурда ал жаткан тергөө абагына кире алышпайт. Ал жаткан камеранын өзүндө видеокөзөмөл жок. Видеокөзөмөл коридордо жайгашкан. Ал кымбат болгондуктан ар бир камерага видеокөзөмөл коюлган эмес. Анан дагы аны менен чогуу отурган камактагылардын кылмыш дүйнөсүндөгү "каралар" менен байланышы жок экенин айтып койойун.

Абактагы Жапаров боюнча иликтөө жүргүзүү сунушталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:27 0:00

Жаза аткаруу мекемесинин маалыматына караганда, Садыр Жапаров 2-апрелде таңга жуук кан тамырларын кесип алып, №1-тергөө абагынан №47 колониянын ооруканасына жеткирилип, жарааттары тигилген.

Садыр Жапаров 25-мартта Кыргызстанга кайтып келе жатканда чек арадан кармалып, атайын кызмат ага 2013-жылдагы барымтага алуу окуясына байланыштуу айып коюп, камакка алган болчу.

Жапаровду колдогон митингде кармалган жүздөй адамдын ичинен 12 киши эки айга соттолгон. Алардын арасында Садыр Жапаровдун баласы жана агасы сыяктуу туугандары да бар.

Абактагыларга укуктук жардам көрсөтүп жүргөн "Кылым шамы" уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди:

Абдирасулова: Абактарда кыйноо такай эле болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:20 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук аркылуу жүргүзүлөт. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG