Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Жапаров №47 абактын ооруканасына жаткырылды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган Садыр Жапаров 2-апрелде таңга жуук №47 абактын санитардык бөлүмүнө жеткирилген. Учурда №47 абактын жанында Садыр Жапаровдун тарапкерлери жана туугандары чогулуп турушат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тараткан маалыматка караганда, 2-апрелде саат 5:00дө Садыр Жапаров кармалып турган №1 тергөө абагына дарыгерлер чакырылган. Алар Жапаровдун мойнунда жана колунда кесилген жаракат бар экенин аныктап, №47 колониядагы санитардык бөлүккө алып келишкен. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф "Азаттык" радиосуна билдирди:​

- Саат жетиде Жапаровду №47 колониянын медициналык мекемесине алып келишкен. Анын мойнундагы, колундагы жарааттары тигилген. Учурда ал ошол жакта, өзүнчө палатага жайгаштырылды. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык, кан басымы калыбында деп белгилешти.

Александр Никсдорфтун маалыматы боюнча, Садыр Жапаровго Атайын прокуратуранын, Акыйкатчынын өкүлдөрү жана адвокаты кирип, жолугуп чыккан:

- Жапаров аларга кан тамырын өзү кесип алганын айтып, №1 тергөө абагынын кызматкерлерине жана камерада чогуу отурган кишилерге, №47 колониянын кызматкерлерине доосу жок экенин билдирди. Ал бир гана нерсени: камакта отурган туугандарын бошотууну суранды.

Бирок экс-депутаттын жакындары ал өзү кан тамырын кесүүгө барганына ишенбей жатышкандыктарын айтышууда. Жапаровдун туугандары жана адвокаттары окуянын иликтенүүсүн талап кылып, прокуратурага, Акыйкатчыга жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго кайрылышат.

Бул тууралуу Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова "Азаттык" радиосуна билдирди:​

- Эмне үчүн аны №1 тергөө абагына камашты? Эмне үчүн УКМКнын тергөө абагына алып барышпайт? №1де жазылбаган мыйзамдар бар. Ошолордун баары иштеп жатат да...

Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү Кыргызстанга келгенде, кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Атайын кызмат тергөө 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевди күчтөп машинеге салып, барымтага алганын аныктаганын, мунун негизинде Жапаровго "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгонун жарыялаган.​

Алгач УКМКнын тергөө абагына камалган Садыр Жапаровду Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганча Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

Ал эми 25-мартта Жапаровду колдогон УКМКнын имаратынын жанындагы митингде кармалган 105 кишинин 64ү эки суткадан беш суткага чейин камалып чыккан. Андан тышкары Жапаровдун агасы, баласы баштаган он эки адам соттун чечими менен эки айга тергөө абагына камалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG