Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Мелис Аспеков инфаркт алып, ооруканага түштү


Мелис Аспеков.
Мелис Аспеков.

№1 тергөө абагында отурган жарандык активист Мелис Аспеков инфаркт алып Улуттук кардиология борборунда жатат. Бул тууралууу анын иниси Азамат Аспеков билдирди.

"Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин шалаакылыгы болуп калды. Үч күн мурун колдорум иштебей жатат, өзүмдү жаман сезип жатам деп кайрылган. Жаш доктур кызды киргизип, абалы жакшы деп коюшкан. Азыр эс-учун билбей, кома абалында жатат", - деди Азамат Аспеков.

Жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен быйыл 8-январда кармалган. УКМК экөөнө каршы Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-майда Улан Жураевди күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул салган.

24-майда Аспековго карата Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен дагы бир кылмыш иши ачылганы маалым болгон. 8-январдан бери УКМКнын тергөө абагында отурган Мелис Аспеков экинчи айып тагылгандан кийин, 21-майда №1 тергөө абагына которулган. Ал муну “коркутуу аракети” деп баалаган.

Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына Садыр Жапаров шайлоо компаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу жазган. Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөгөн.

Ички иштер министрлиги Аспековдун билдирүүсүн иликтей баштаган. 38 жаштагы Аспеков былтыр октябрдагы бийлик алмашууда Садыр Жапаровдун жанында жүргөн. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG