Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Евробиримдик Багдад-Минск авиакаттамынын токтотулушун кубаттады


Литвага Беларус аркылуу кирген ирактык мигранттар. 4-август, 2021-жыл.
Литвага Беларус аркылуу кирген ирактык мигранттар. 4-август, 2021-жыл.

Евробиримдик Ирак Багдад-Минск аба каттамын токтоткондон кийин Балтика мамлекеттериндеги мигранттарга байланыштуу кырдаал жөнгө салынарына үмүттөнөрүн 10-августта билдирди.

Соңку апталарда Литва, Латвия жана Польша Беларус аркылуу өткөн мигранттардын агымына туш болууда. Алардын басымдуу бөлүгү ирактыктар. Шаркеттин расмий өкүлдөрү мигранттардын өтүшүнө Александр Лукашенко атайын жол берип жатат деп эсептейт. Ал мындай кадам менен Беларуска каршы киргизилген экономикалык санкциялар үчүн Батыштан өч алууну көздөйт деген пикирлер айтылган.

«Биз ирактык өнөктөштөрүбүздүн конструктивдүү позициясына жана реакциясына кубанычтабыз», - деди Еврокомиссиянын маалымат катчысы.

10-августта Литванын парламенти Беларус менен чек арага темир дубал тургузуу маселесин талкуулай турганы кабарланган.

9-августта Польшанын Чек ара кызматы билдирегендей, Беларус чек арасынан келе жаткан 300дөн ашык мыйзамсыз мигрант кармалган. Латвиянын Ички иштер министрлиги 218 мигрант кармалганын, алардын көбү ирактыктар экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG