Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Кыргызстан Орусиядан Жириновскийдин билдирүүсүнө көңүл бурууну өтүндү


Министр Руслан Казакбаев.
Министр Руслан Казакбаев.

Орусия бийлиги күнүмдүк жашоодо боло жүрчү катардагы улутчулдук окуяларын Кыргызстандагы этникалык орустардын укутарынын жана кызыкчылыктарынын системалуу түрдө бузулушу же аларды улутуна, динине жараша кысымга алуу катары көрсөтпөшү керек. Бул тууралуу 10-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушууда айтты.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Казакбаев элчиден эки өлкө ортосундагы тарыхый достук мамилелерине залака тийгизгиси келген “айрым чагымчыл элементтердин көңүлүн алууга аракет кылган кээ бир орусиялык саясатчыларга” көңүл бурууну өтүндү.

Орусиянын элчиси Николай Удовиченко.
Орусиянын элчиси Николай Удовиченко.

Ошону менен катар министр Кыргызстанда русофобия жана агрессивдүү улутчулдуктун башка формалары, тарыхты кайра жазуу фактылары, эстеликтерге жана орус тилине каршы чыккандар жок экенин белгилеп, өлкөнүн орус тилдүү калкы өзүнүн руханий жана социалдык муктаждыктарын канааттандыра алышы үчүн орус тилинин макамы мындан ары да корголорун кошумчалады.

2-августта Бишкектеги SMagic паркында баласын аянтчага ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Окуянын видеосунда эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, бир убакта үстөлдө жаткан калькулятор менен уруп жибергенин көрүүгө болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) шектүү адамга Кыргызстанда Конституция боюнча орус тили кыргыз тили сыяктуу эле мыйзамдуу макамга ээ экени тууралуу расмий эскертүү берген. Милиция Жазык кодексинин “Майда ээнбаштык” деген беренеси менен иш козгогон, айрым интернет колдонуучулары ээнбаштык катары эмес, улут аралык кастыкты козутуу катары каттоого алуу керектигин жазышкан.

Быйыл жайдын башында Ысык-Көлдө спорттук лагердин тарбиялануучусу, орус улутундагы өспүрүм бала сабалганы аныкталып, териштирүү жүргөн.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский 10-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин астында бир канча тарапташы менен нааразылык акциясын өткөрдү. Ал Бишкектеги окуядан улам Орусиянын Кыргызстандагы элчисин токтоосуз чакыртып алып, бардык соода-алаканы токтотууну талап кылды. Кыргызстандык эмгек мигранттарын депортация кылуу керектигин да айтты.

Ал "Биздин чыдам кетип баратат, Орусиядагы эмгек мигранттарынын санын кыскартууну жана экономикалык байланышты басаңдатууну талап кылабыз", - деди.

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий деген макамга ээ. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG