Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Евробиримдик Бишкекти сөз эркиндигин коргоого чакырды


2020-жылдын октябрь айындагы Бишкектин борбордук аянтындагы окуялар. Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Брюсселде Европа Биримдиги менен кыргыз бийлигинин адам укуктары боюнча он биринчи диалогу өттү. Евробиримдик Кыргызстандагы жалган маалымат, бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамдарга тынчсыздануусун билдирип, тараптар сөз эркиндигинин абалын талкуулашты.

Европа Биримдигинин тынчсыздануусу

Европа Биримдигинин өкүлдөрү расмий Бишкек менен 6-сентябрдагы жолугушуусунда бейөкмөт уюмдар, жалган маалыматтан коргоо мыйзамдары жана кылмыш кодекстерин өзгөртүүлөр боюнча тынчсыздануусун белгилеп, бул эл аралык конвенциядагы Кыргызстандын милдеттемелерине каршы келерин айтышкан.

Тараптар өлкөдөгү сөз эркиндиги, жалпыга маалымдоо каражаттарынын абалын талкуулап, Евробиримдик алдыдагы парламенттик шайлоодо ачыктыкты, атаандаштыкты камсыз кылуу үчүн кыргыз бийлигин медианы, журналист, блогерлерди коргоого чакырды.

Ошондой эле парламентте аял депутаттардын азайышына жол бербөөгө үндөп, гендер боюнча улуттук кеңеш түзүлгөнүн кубаттаган. Укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча маселени расмий Бишкек кайра иликтөөгө даяр экенин билдирген.

Жапаровдун бийлиги, саясий куугунтук, сөз эркиндиги жөнүндө баяндама

Брюсселдеги эки тараптын жолугушуусунун алдында Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (IPHR) жана Укуктук өркүндөтүү фонду 2020-жылдын октябрь окуясынан кийинки Кыргызстандагы адам укугу, саясий, сөз эркиндиги жаатындагы абалды талдаган баяндасын Евробиримдикке жөнөткөн. (Баяндаманын толук тексти)

Эки эл аралык уюм өз баяндамасын Европа Биримдигине жөнөтүп жатып, кыргыз бийлиги менен жолуккан учурда документте айтылгандарга көңүл бурууга чакырган.

Анда укук коргоочулар Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин жаңы Конституцияны кабыл алуу менен президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууда тең салмактуулук сакталбай, бул авторитардык башкарууга жол ачарын белгилешкен.

Көпчүлүк маанилүү мыйзамдар шашылыш кабыл алынганы, буга чейинки жетишкендиктерди жоготуу коркунучу бар экени айтылат. Ошондой эле мыйзамдарды легитимдүүлүгү шек жараткан парламент кабыл алганы жазылып, бейөкмөт уюмдар, маалымат жөнүндө мыйзамдарга жергиликтүү медиа эксперттер тынчсыздануусун билдиргени эске салынган.

Мындан сырткары президент Садыр Жапаров эч кандай саясий куугунтук болбойт дегени менен бийликти сындаган саясатчы, активист, журналист, адвокаттарга карата коркутуу, куугунтуктоо фактылары көбөйгөнү жазылат. Буга мисал катары саясатчы, активисттердин телефон тыңшооу аталган. Эл аралык укук коргоочулар бийликти сындагандаринтернетте фейк-аккаунттар аркылуу коркутууга кабылганы сыяктуу окуялар тыкыр иликтенбегенине көңүл бурушкан. Адам укугу, сөз эркиндиги жаатындагы маселелеррди белгилеп, сунуштар дагы кенен жазылган.

Кыргызстан: адам укугу артыкчылыктуу багыттардын бири

Брюсселде Европа Биримдиги менен кыргыз бийлигинин адам укуктары боюнча он биринчи диалогу өттү.
Брюсселде Европа Биримдиги менен кыргыз бийлигинин адам укуктары боюнча он биринчи диалогу өттү.

Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушууда Кыргызстандын делегациясын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) орун басары Нуран Ниязалиев жетектеди.

Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси Маалымат департаментинин жетекчиси Нурлан Суеркуловдун айтымында, диалог учурунда адам укугун өркүндөтүү өлкөнүн негизги саясатынын артыкчылыктуу багыты экени белгиленген.

“Учурда Кыргызстанда БУУнун адам укуктары боюнча органдарынын сунуштарынын негизинде иштелип чыккан 2019-2021-жылдарга Адам укуктары боюнча улуттук иш-аракеттер планы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Өлкөдө адам укуктары боюнча координациялык кеңеш, акыйкатчы, бизнес-омбудсмен жана балдардын укуктары боюнча омбудсмен институттары, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор түзүлгөн. Жарандык коом активдүү өнүгүүдө, анын курамында 6 миңден ашуун көз карандысыз бейөкмөт укук коргоочу уюмдар бар”.

ТИМ Кыргызстан адам укуктары чөйрөсүндө эл аралык уюмдар менен кызматташууга ачык экенин жана айрым боштуктарды жоюуга даярдыгын билдирди. Тараптардын кийинки жылдагы жолугушуусу Бишкек шаарында өтөт.

Кыргызстан сунуштарды эске алабы?

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

Жергиликтүү укук коргоочу Азиза Абдирасулова эл аралык уюмдардын баяндамасы менен таанышып чыккан. Ал Кыргызстандагы адам укугу, сөз эркиндигинин абалы жөнүндөгү талдоо туура деп эсептейт.

Бирок баяндамада айтылган сунуштарды Кыргызстан бийлиги кагаз жүзүндө гана кабыл алып, реалдуу чечим чыгарбайт деп эсептейт. Абдирасулованын баамында, эл аралык коомчулук Кыргызстандан милдеттеринин аткарышын катуураак талап кылышы керек.

“Женева, Варшавага барып убада берип келе беришет. Биздин бийлик убада бергенге уста, үйрөнүп алышкан. Азыр барып Аскаровдун өлүмүн иликтейбиз деп келди. Азыркы бийлик өзүнүн моюнунда кандай милдеттеме бар, аны аткарбай койсо эмне болот деп ойлонбойт. Бир эле мисал, Аскаров боюнча иликтөө башталса, биринчи мени сураш керек болчу. Эч нерсе кылышпайт”.

9-сентябрда Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала Кыргызстанга келди. Бул анын 2021-жылы 1-июлда кызматка киришкенден кийинки биринчи сапары. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдиргендей, Хакала эки күндүк сапары алкагында Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Азиз Аалиев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков жана акыйкатчы Токон Мамытов менен жолугушат.

Жолугушууда саясий диалогдун алкагында Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусу, Кыргызстандагы саясий жараяндар, парламенттик шайлоо талкууланары пландалган.

Мындан сырткары тараптар алдыда боло турган Жарандык коомдун жана экономикалык форум, аймактагы кырдаал жана Ооганстандагы абал боюнча маселелерге токтолушары айтылды.

Садыр Жапаров бийликке келгенден бери Кумтөр, Октябрь окуялары сыяктуу иштер менен парламенттин бир нече депутаты жана саясатчылар камалды. Алардын тарапташтары муну саясий куугунтук деп атап жатышат.

Президент 23-августта “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” талаштуу мыйзамга кол койду. Мыйзамды бир нече эл аралык уюмдар сындап, сөз эркиндиги, эркин оюн билдирүү сыяктуу укуктары чектелерин белгилешкен.

7-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон дагы бир талаштуу “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзам долбоору да жарандык коомдун, эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG