Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Бир суткада коронавирус 75 кишиден аныкталды, үч бейтап каза болду


Пандемия учурундагы Бишкек. 2021-жыл.
Пандемия учурундагы Бишкек. 2021-жыл.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 12-сентябрга карата берген маалыматына ылайык, акыркы суткада Кыргызстанда 75 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды.

Акыркы суткада илдеттен үч адам көз жумду. Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун саны 2572 адам.

Бишкек - 38;
Чүй облусу – 13;
Ош облусу – 1;
Талас облусу - 4;
Нарын облусу - 1;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу - 3.

Ош шаарынан эч ким катталган эмес.

Ушуну менен былтыр марттан бери вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны - 177 158 адамга жетти. 171 428 киши сакайды.

Ушул тапта 1046 бейтап ооруканада, 655 киши үйүнөн дарыланууда.

2019-жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирус илдети кыска аралыкта дүйнө жүзүн каптаган. Оору 255 миллиондон ашуун адамга жугуп, 4,6 миллиондон ашуун киши жарык дүйнө менен кош айтышты. Илдетти 201,6 миллиондон ашуун адам жеңип, сакайып чыкты.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG