Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:43

Жаңы табылган динозаврга өзбекче ат берилди


Байыркы динозаврдын сөөгү. (Иллюстрациялык сүрөт)

Өзбекстандан табылган мурда белгисиз динозаврга Улугбекзавр деген ат берилди. Астронавттардын эл аралык тобу Күн системасынын жаңы каталогун түздү. Байыркы Рим империясында хитке айланган ыр табылды.

90 миллион жыл мурда жашаган Улугбекзавр

Жыл башында Өзбекстандагы Кызылкум аймагында динозаврдын мурда белгисиз түрүнүн калдыктары табылган. Жапониядагы Цукуба университетинин окумуштуулары бул табылганы изилдөөгө алып, эми анын натыйжасы менен бөлүшүп жаткан кези. Илимий иш Royal Society Open Science журналына жана Цукуба университетинин сайтына жарыяланды.

Жапониялык палеонтологдор эки түрдүү эволюциялык анализ жүргүзүшүп, натыйжада Кызылкумда табылган динозавр жырткычтардын кеңири таралган түрү – кархародонтозавр (Carcharodontosauria) экенин аныкташкан.

Буга чейин динозаврлардын мындай түрү илим үчүн белгисиз болчу. Ал жер бетин мындан дээрлик 90 миллион жыл мурда байырлаганы белгилүү болду. Таң калычтуусу, алар белгилүү тираннозаврлардан да бир топ көлөмдүү келген. Окумуштуулардын эсептерине ишенсек, анын салмагы бир тоннадан ашык жана узундугу 7,5-8 метр болгон. Палеонтологдордун айтымында, кархародонтозавр “динозаврлардын падышасы” болгон. Көлөмүнөн улам, тамак-аш чынжырчасында да артыкчылыкка ээ болуп, өз экосистемасында үстөмдүк кылган. Учурда эмне себептен динозаврдын бул ири түрү жок болуп кеткени изилденүүдө.

Дагы бир кызыктуу жагдай, ачылыштын авторлору бул табылгага Тимуриддер империясынын султаны Улугбектин урматына Улугбекзавр (Ulughbegsaurus) деген ысымды ыйгарышты.

Булак: tsukuba.ac.jp

Күн системасынын жаңы каталогу

Астронавттардын эл аралык тобу караңгы энергияга байкоо салуунун (Dark Energy Survey) натыйжасында жаңы маалыматтарга ээ болду. Атап айтканда, 815 транснептундук объекттер аныкталган. Анын 461и буга чейин белгисиз болчу.

Күн системасынын жаңы каталогун түзүүгө дүйнө жүзүнөн окумуштуулар катышты. Алар караңгы энергияга байкоо салуу аркылуу топтолгон маалыматтарды Күн системасынын сырткы катмарын изилдөөгө басым жасашып, анализдешкен. Илим үчүн Күн системасынын сырткы катмары табышмактуу жай.

Нептундун орбитасынын арткы тарабы караңгы жана суук. Ал жерде Койпер катмарын түзүп турган муз объектилери жайгашкан. Бул объектилер Күн системасы менен жашташ деп эсептелет. Бул аймак алыс, караңгы, ал эми объектилердин көлөмү чакан. Андыктан, заманбап техникалар менен байкоо жүргүзүү мүмкүн болбой келет. Бирок бул изилдөө натыйжалуу болду. Байкоо жүргүзүү канчалык так болгонун ушундан билиңиз, Нептун орбитасынан 30 астрономиялык бирдик алыста турган объектилер табылды. Астрономиялык бирдик – бул Жер менен Күндүн аралыгына тете. Байкоолор көрсөткөндөй, Нептундун орбитасынын сыртында укмуштуудай гравитациялык аракеттер болуп турат.

Булак: sciencealert.com

Рим империясында хит болгон рок-музыка

Кембридж университетинин профессору Тим Уитмарш биздин заманга чейинки II кылымга таандык медальондун бетиндеги текстти изилдеп жатып, ал ошол кезде башка аналогу болбогон, салттуу чыгармалардан кыйла айырмаланган ыр экенин аныктаган. Кыязы, бул азыркы рок-музыканын ыргагы камтылган Рим империясындагы хит чыгарма болгон. Окумуштуунун бул кызыктуу изилдөөсү The Cambridge Classical Journal басылмасына жарыяланды.

Ыр жазылган медальон Венгриянын аймагында байыркы саркофагда табылган. Медальонду жашында каза тапкан келин кооз жасалга катары тагып жүргөн. Азыр бул табылга Аквинкум музейинде сакталып турат. Ал эми Тим Уитмарш бул артефакт жөнүндө интернеттен билип, кызыгып калган. Андагы тексттин маанисин эч ким деталдуу изилдебегенин билген Тим, аны анализдөөгө киришкен.

Автору белгисиз ырда “алар эмне десе, ошол десин, мага баары бир” деген сыяктуу саптар кездешет. Уитмарш башка дагы табылгаларды изилдеп, ондогон баалуу таштардагы жазууларды чечмелеген. Натыйжада, бул ырдын кененирээк жазылган да варианты бар экени белгилүү болгон. Анда “Кел, мени сүй, бул сага жагат” деген сыяктуу саптар кездешет. Окумуштуунун божомолунда бул ыр Рим империясынын булуң-бурчуна белгилүү болгон.

Булак:phys.org

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG