Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Абанын булганышынан ашыкча салмак кошкондор көбөйөт


Бишкекти каптаган ыш. Акыркы жылдары айрыкча ноябрдан март айына чейин баш калааны түтүн каптап, абанын булганышы башкы маселеге айланып келет. Сүрөт 2018-жылы кышында тартылган.

Куураган бактар жердин көмүртек циклине таасир этет. Булганган аба ашыкча салмакка себеп. Дүйнөдөгү эң бекем айнек Кытайда жасалды. "Азаттыкта" илим дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктардын топтому.

Куураган бактар жердин көмүртек циклине таасир этет

Куураган бак-дарактардын абага тийгизген таасири боюнча буга чейин бир катар изилдөөлөр жүргүзүлүп келсе да, так жоок табыла элек болчу. ScienceAlert илимий басылмасы Nature басылмасына шилтеме жасоо менен тараткан маалыматына ылайык, Австрия Улуттук университетинин (ANU) изилдөөчүлөрү бир катар тажрыйбаларды жасап, атмосферадагы бардык көмүртектин 8% куураган бактарга туура келерин тастыктады.

Окумуштуулардын эсебине ишенсек, дүйнө жүзүндө жыл сайын куураган бак-дарактардан 10,9 гигатонна көмүртек бөлүнүп чыгат. Бул казылып алынган кендерден бөлүнүп чыккан көмүртектин жылдык көрсөткүчүнүн 115% барабар. Анын 90% тропикалык аймактагы куураган бактарга туура келсе, калган 30% курт-кумурскалардын аракетинен улам ишке ашат. Албетте, куураган бактардан бөлүнүп чыккан көмүртектин баары эле атмосферага кошулбайт. Айрым бөлүгү дарак менен азыктанган курт-кумурскаларда, башка микроорганизмдерде, топурагында калат.

Изилдөө көрсөткөндөй, куураган бактар өзүнөн-өзү эле парник газдарын бөлүп чыгара бербейт. Алар жердеги көмүртекти, метанды соруп алып, атмосферага бөлүп чыгарат. Ошондой эле, окумуштуулар бардык континенттеги бак-дарактарды изилдеп, дарактардын куурашына бир гана курт-кумурскалар эмес, жергиликтүү аймактын климаты дагы роль ойнорун аныкташты. Климаты нымдуу, температурасы жогору аймактардагы куураган бактар тезирээк чириген. Мындан улам,изилдөөчүлөр климаттын өзгөрүүсү тропикалык аймактагы бактардын жок болушун тездетип, кургакчылык өкүм сүргөн аймактарда бул процесс жай жүрөт деп божомол жасашууда.

Булганган аба ашыкча салмакка себеп

Абанын булганышы балдар арасындагы ашыкча салмакка алып келет. Индиянын окумуштуулары жасаган мындай тыянак менен The Indian Express басылмасы бөлүштү. Lung Care Foundation фонду жасаган изилдөөгө аба кир делген Дели шаарындагы жана Индиянын түштүгүндөгү абасы Делиге салыштырмалуу кыйла таза Коттаям, Майсуру шаарларында жашаган 3157 бала кокусунан тандалып алынган. Натыйжа көрсөткөндөй, Дели шаарында жашаган балдардын 39,8% ашыкча салмак менен жабыркаганы аныкталган. Ал эми калган эки шаардын жалпы жыйынтыгы 16,4% түзгөн.

Ашыкча салмактуулук ар кандай ооруларга себеп экени белгилүү. Андыктан, окумуштуулар балдардын ден соолуктарын да эске алышкан. Натыйжада, Делиде чоңоюп жаткан окуучуларда астманын жана аллергиянын белгилери бар экени аныкталган. Ошондой эле, ашыкча салмак менен жабыркаган балдардын 79% астмага чалдыгуу ыктымалдуулугу жогору болуп чыккан.
“Албетте, ашыкча салмактуулуктун себеби көп. Бирок айлана-чөйрөнүн булганышы дагы негизги фактор болуп эсептелет” деп айтылат изилдөөдө.

Дүйнөдөгү эң бекем айнек жасалды

Кытайдагы Яньшань университетинин окумуштуулары эң бекем жана катуу айнек жасай алышты. Окумуштуулардын айтымында, жаңы айнек илим үчүн жаңылык боло турчу механикалык жана электрондук касиеттерге ээ. Тактап айтканда, бул айнектерди күн батареялары катары колдонууга мүмкүн. Жаңы табылганы окумуштуулар АМ-III деп аташты.
Окумуштуулардын илимий ишинде “Бул материал буга чейинки белгилүү бардык катуу металлдардан ашып түшөт, бекемдиги жагынан алмаздан кем калбайт. Бул аморф материалы көп функционалдуу жана келечекте көп нерселерге кереги тиет” деп жазылат. Чын эле, анализ көрсөткөндөй, металлдын катуулугу 113 гигапаскаль. Салыштыруу үчүн айтсак, табигый алмаз 50-70 гигапаскаль.

Бишкекти каптаган кара түтүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:34 0:00

Мындай катуу металлды жасоо үчүн окумуштуулар фуллерендерди, атап айтканда көмүртектердин атомдорунан турган молекулаларды колдонууп көрүшкөн. Бул молекулаларды майдалап, аралаштырып, улам температурасын жана басымын жогорулатып отурушкан. 25 гигапиксель басым жана 1200 градус ысыктыкта 12 саат бою эксперименталдык камерада турган молекулалардын аралашмасы натыйжада түрдүү айнек сыяктуу металлдарды бере баштаган. Эң катуусу жогоруда айтылган АМ-III болуп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG