Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:32

Коомдо ачууга бат алдыргандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Адистер соңку маалда толеранттуулук төмөндөп, адамдардын психологиялык абалы начарлап, депрессия болгондор арбын экенин айтышат.

2-августта Бишкектеги SMagic паркында баласын аянтчага ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Окуянын видеосунда эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, бир убакта үстөлдө жаткан калькулятор менен уруп жибергенин көрүүгө болот.

Эл арасында ачык эле башка бирөөгө кол салган, оозеки кайым айтышкан учурлар дээрлик күн сайын катталууда. Көчөдө, коомдук жайларда адамдардын бири-бирине карата кыжырдануу сезими күч. Мындай эмоционалдык абал онлайн дүйнөдө да өөрчүп, жаатташууга чейин жетип жатат.

Социалдык тармактын колдонуучусу Айгүл Мамбеталиева чыныгы жашоо тургай, интернетте мурдагыдай жакшы жаңылыктарды бөлүшпөй, колдонуучулар ачуулануу, жек көрүү сезимдерин жайылтып жатканына түпөйүл.

"Көчөдө эле эмес "Фейсбук" бетинде деле агрессия күчөп кетти. Айрымдар жазган посттун алдына бир комментарий жазып калтырсаң же терс пикир жазсаң эле душманга айланасың, болгон кыжырын чыгарат. "Эмне менин постума комментарий жаздың? Достуктан чыгарам" деп баштайт. Алар мени достуктан чыгарып салса эле жашоом бүтүп калмак беле? Ушуну түшүнбөйт. Анан баары эле акылдуу, сайрап, сүйлөп, чоң саясаттан кеп кылып, укмуш көрүнүүгө аракет кылышат. Негизи, мен социалдык түйүнгө катталган учурда жалаң жакшы жаңылыктар чыкчу, бирөө ийгилигин жазып, кеңеш берип, жылуу маанай тартуулачу. Азыр ачсаң депрессия, кыжырдануу гана калгандай".

Депрессиянын себептери

2020-жылы пандемия башталгандан бери Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 70% чукул көбөйгөнү аныкталган. Ошол эле маалда кылмыштуулуктун көрсөткүчү да жогорулады. 2020-жылы өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп катталды.

Республикалык психикалык саламаттыкты чыңдоо борборунун психиатр-дарыгери Бактыгүл Бакирова элдин психологиялык оор абалына себепчи факторлорду санап берди.

"Азыр коомдун менталдык абалы начарлап, агрессиянын күчөшүнө биринчи кезекте интернет себепкер болуп жатат. Андагы согушкан, атышкан, урушкан видеолор, негативдүү жаңылыктар чоң адам эмес, жаш балдардын да психикасын бузуп, ачуусу чукулдар абдан көп. Биздин ооруканага келгендердин көбү азыр балдар менен өспүрүмдөр болууда. Интернет менен сыналгыдагы оор сюжеттерди, агрессияны өсүп келе жаткан психика туура эмес кабылдайт, сөзсүз терс таасирин тийгизет. Ал эми чоңдордун психикасына оор экономикалык абал, Кыргызстандагы жапырт кризис себеп болуп жатат. Азыр акча жок, дээрлик ар бир адамдын моюнунда ай сайын төлөй турган насыясы бар, ушунун баарын ойлонгон киши көчөдөн жылмайып, сылык болуп жүрө албайт да. Мындай психикалык абалды дарылабаса, адистерге кайрылбаса, кесепети оор болот. Катуу стресс, депрессия адамдын баш мээсине жана кан тамырларына тескери таасир этет. Шизофрения, акылдан айнып калуу сыяктуу психикалык оорулар келип чыгат. Кан тамырлар үзүлүп, инсульт, инфарктка чейин барышы мүмкүн".

"Сезим, эмоцияны сыртка чыгарыш керек"

Кыргызстанда психиатр, психоаналитиктер, айрыкча кыргыз тилдүү психолог-адистер таңкыс. Эл арасында жан дүйнөдөгү оор абалды дарыгер же адиске барып, кеңешип дарылоо деген түшүнүк кеңири жайылган эмес. Ошентсе да айрым психологдор заманбап дүйнөдө интернет аркылуу адам өзүнүн жеке руханий абалын анализдеп, ичиндеги түпөйүл ойлордон арылуу үчүн онлайн кеңештерди тапса болорун айтышат.

Буга кошумча, ар бир адамга мүнөздүү болгон кыжырдануу, кайгыруу сыяктуу сезимдердин сыртка чыгуусун катуу тыйган учурда да агрессия күчөшү мүмкүн. Мындай оюн психолог Светлана Шералиева айтты:

"Тишибиз ооруганда догдурга баргандай эле, жан дүйнөбүз кыйналса да ага чара көрүү зарыл. Жок дегенде жеке анализ жасап, эмнеге ачууланып жатканын өзүнүн ички эмоциясынан издеп, кыйналган суроолорго интернеттен болсо да жооп издесе жакшы. Ар бир адам сезимдери менен эмоциясын жашашы керек. Бардык сезимдер - кыжырдануу, кайгыруу же агрессия болсо деле он мүнөттөй эле жашайт дешет психологдор. Демек, бир адамдын ачуусу келсе он мүнөттөй эле ошол сезимде болуп турат. Биздин маданиятта сезимдерди сыртка чыгарбоо, коомчулукка көрсөтпөө керек деген түшүнүк бар. Ушундан улам жаш балдарыбыз ачууланса, ыйласа, нааразы болсо "оозуңду жап", "үнүңдү чыгарба", "мындай кылба" деп тыйып келебиз. Бизди да ошентип тыйып чоңойткон да. Ошол тыюулардан улам адамда кандайдыр бир эмоция же сезимдер чогула берип, агрессияга айланат да айланасына чыгат. Ичте чогулган стресс, депрессия баары бир сыртка чыгат же психосоматикалык жол менен денеге таркайт. Дене ооруйт, кээде бир эле киши бир жылда он жолу ангина болду деп угуп таң калабыз го, ушул сыяктуу кайталанган денедеги оорулардын баарында жан дүйнөдөгү тынч эмес абалдын изин тапса болот".

"Оор абалда адамдар башкадан айып издейт"

Адистер 2020-жылы башталган пандемия, андан кийинки саясий толкундоолор, экономикалык оор абал Кыргызстандагы калктын көпчүлүгүндө келечекке болгон ишенимди азайтып, ушундан улам массалык депрессияны байкаса болорун айтышууда. Коомдо күнөөлүүлөрдү издеп, кайсы бир топту же саясатчыларды айыптоо менен ички түпөйүл абалды, депрессияны зомбулукка айланткан тарыхый учурлар өтө эле көп кездешет.

Европада психологиялык анализ жаатында илимий ишин жактап жүргөн кыргызстандык психолог Малаке Кыдыралы коомдогу агрессияга байланыштуу тарыхый мисалды келтирди:

"Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Германия жеңилип, экономикасы карызга батып, бир топ өлкөлөргө кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилген. Бул абал немис коомунда өтө чоң психологиялык агрессияга алып келген. Бул абалга күнөөлөй турган объектти табуу зарылдыгы келип чыгып, бул агрессия жөөттөргө карай бурулду. Муну диктатор Адольф Гитлер өз пайдасына колдонуп, популисттик кадамдары менен дүйнө эли кыргынга учурады. Демек, согуштун келип чыгуусуна ошол маалдагы кайсы бир элдин же коомдун депрессиялык абалы, массалык психозу себеп болду десек болот. Негизи, популист лидерлер элдин кыйналган жан дүйнөсүнөн оңой пайда табат. Калктын руханий абалы экономикалык туңгуюктан биринчи кезекте катуу кыйналат. Бирок жөнөкөй адам муну толук түшүнбөй, күнөөлүү бирөөнү издейт. Ушундан улам азыр үй-бүлөдө зомбулук күчтүү, себеби психикасы кыйналган киши үйүндө өзүнөн алсыз аялы же баласынан жинин чыгарат".

Психологдор ар бир кишиде кезикчү жан дүйнөдөгү уйгу-туйгу абалды спорттук машыгуулар, жөө басуу, чуркоо сыяктуу көнүгүүлөр, туура тамактануу, жетиштүү уйку, жагымдуу музыка, кызыктуу китеп окуу сыяктуу ыкмалар менен жеңсе болорун белгилешет. Ар бир адам жанындагы, айланасындагы адамдардын психикалык абалына саресеп салып, кокус кандайдыр бир өзгөрүү байкалса, адиске алып барууну сунуштайт.


Кыргызстанда психикалык дарттан жабыркагандардын расмий саны 71 миңден ашык. Жылына 10 миң киши каттоого алынат. Жалпысынан 50 миңден ашуун адам оор психикалык дарттар менен жабыркайт жана алардын 10 миңге жакыны ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия башталгандан бери ар бир бешинчи адамдын жан дүйнөсү жабыркап, психикалык саламаттыгына доо кеткенин кабарлады.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG