Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Чет тилдеги лекцияларды кыргызчалаган Гүлзире


Гүлзире Миңбаева.
Гүлзире Миңбаева.

Кыргыз тили “Хан академиясынын” сабактары которулган 51-тил болуп калды. Бул тууралуу “Хан академиясынын” Кыргызстандагы расмий өкүлү Гүлзире Миңбаева билдирди. “Хан академиясы” – дүйнөдөгү ири акысыз онлайн билим берүүчү платформа. Сайтта математика, тарых, медицина, физика, химия, биология, астрономия, экономика, космология, искусство, тарых ж.б. ондогон тармактар боюнча миңдеген видео сабактар жана тапшырмалар бар. Гүлзире менен ушул багытта баарлаштык.

- Гүлзире, кыргыз тилин Khan Academy платформасына киргизүү демилгеси кандайча пайда болуп калды?

- Мен математика мугалимимин. 2018-жылы АКШнын Мамлекеттик департаментинин атайын программасы менен Америкага барууга шарт түзүлдү. Ал программа Америкадагы белгилүү компанияларда стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн берет. Мен Mozilla компаниясында тажрыйба топтомой болдум. Khan Academy ошол компаниянын жанында эле. Ошол кезде эле аталган платформа 43 тилге которулуп калган.

Биздин аймактан өзбек тили гана бар болчу. Биз барып сүйлөшүп, платформаны кыргыз тилинде да жеткиликтүү кылуу сунушун киргиздик. Алар буга чейин дагы сунуш болгонун айтып, бирок биз атайын мамлекеттик программа менен келгендиктен, ишеним жаратып жатканыбызды билдирип, мага расмий өкүлчүлүк беришкен. Ошентип, 2018-жылдын ноябрь айынан бери которуу иштери менен алектенип келем.

- Сиздер даяр контентти гана кыргыз тилине которосуздар да? Же аталган платформа үчүн контент да жаратасыздарбы?

- Кыргыз тили "Хан академиясынын" сабактары которулган 51-тил болуп калды. Алгач бир гана даяр сабактарды которуу укугу берилет. "Хан академиясы" сабактарын которууда кандайдыр бир талап койбойт. Мен өзүм каалагандай Кыргызстандын окутуу программасына ылайык темаларды тандап которсом болот. Ал эми өзүм да контент жасап кошуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн 10 миң видеонун көпчүлүк бөлүгүн которушум керек. Азыр мындай укук Индияга жана Францияга берилген.

- Учурда бир гана башталгыч математика которулган экен…

- Хан академиясынын сабактары Mastery-Based Learning принцибинин негизинде жасалат. Тактап айтканда, окуучу белгилүү бир теманы толук өздөштүрмөйүнчө, кийинки темага өтпөйт. Ошондуктан, платформадагы ар бир видео сабактын өзүнө тиешелүү эң аз 15-20 көнүгүүсү болот. Азыркы тапта биз 300 видео жана алардын миңдеген көнүгүүлөрүн которуп бүттүк. Ошондуктан, азыркыга чейин бир гана башталгыч математиканы которо алдык. Жакында арифметика кошулат. 3-4-5-6-класстардын математикасынын видео сабактары жана көнүгүүлөрү жеткиликтүү болот.

- Которуу ишин кимдер аткарып жатат?

- Командабызда ыктыярчылар, мугалимдер, видео жаратуучу, мугалимдердин, ыктыярчылардын координатору бар. Демилге ыктыярчылардын жардамы менен ишке ашып келет. Мисалы, бир көнүгүүнү которуу иши үч баскычтан өтөт. Биринчи баскычта ыктыярчы которот, экинчисинде англис тилин мыкты билген адам текшерет. Соңку баскычта жоопкерчиликти алган адам катары өзүм текшерип чыгам. Ал эми видео жасоо процесси беш баскычтан турат. Бирок анын баарын бир мугалим жасайт. Бул ишти аткаруу үчүн ылайыктуу адамды көпкө издедик. Кыргыз жана англис тилдерин мыкты билген математика мугалимин табуу кыйынга турду.

- Мындан аркы аракетиңиздерге мейли коом тарабынан, мамлекет тарабынан болсун, кандайдыр бир жардам керекпи?

- Албетте, биринчи эле кезекте бизге материалдык жардам керек. Буга чейин биз эч кандай грантсыз, мамлекеттин жардамы жок эле жеке тараптардын колдоосу астында 300 видеону котордук. Бардык чыгымдарды жабуу, контент жаратуу, жумушчулардын акысын камсыздоо үчүн 20 миң долларга чейинки сумма керектелди. Бизди көбүнчө чет өлкөдө билим алган жаштар колдоп атышты. “Дүйнөлүк класстагы билимди кыргыз балдары алсын, айыл жергесиндеги балдар окусун” деп акча которуп жатышты. Ошондуктан, бизге каржылык колдоо дайыма керек. Экинчиден, министрликтен да колдоо күтөбүз.

Көп мамлекеттерде, ошол эле Өзбекстанда “Хан академиясы” альтернативдүү окуу ресурсу болуп эсептелет. Бизге дагы министрлик тарабынан ушул сыяктуу уруксат же бир эле сөз керек. Министрликтин мугалим, окуучуларга сунуштаган атайын альтернативдүү сайттары бар. Ошолордун катарына "Хан академиясын" кошуп койсо, биз үчүн жакшы болмок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG