Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:14

Нураида: Феминизм эркектерге да керек


Нураида Абыкапар кызы.

"Журтташтар" түрмөгүнүн бул жолку каарманы - 27 жаштагы Нураида Абдыкапар кызы. Ал өзүнүн социалдык тармактагы "Эжешка Ну" баракчасында тең укуктуу үй-бүлөнүн мааниси, аял кишинин укуктары, өнүүгүсү жөнүндө жазып жүрөт. Блоггер феминизм, тең укуктуулук багытында Норвегияда окуган. Ушул тапта үй-бүлөсү менен Молдовада жашайт.

"Инстаграмда" "Эжешка Ну" баракчасы жакында пайда болгону менен, өзүнүн билдирүүлөрү аркылуу аудиториясын кеңейтип келет. Баракча "тең укуктуу үй-бүлө, өнүгүүнүн айласы же кыргызча феминизм" деген ураанды карманат. Анын автору - 27 жаштагы Нураида:

- Блогдо инсандык өнүгүү, өзүмдүн жашоом, жолдошум экөөбүздүн тең укуктуу үй-бүлөбүз жана феминизм тууралуу жазам. “Эжешка Ну” деген атты өзүмдүн атымды кыскартып, айымдар үчүн блог экени байкалып турсун деп тандагам. Бирок ал менин кээ бир окурмандарыма жакпайт. "“Эжешка” деген улуу аял, сиз жапжашсыз" деп нааразы болгондор бар. Бирок азырынча эч ким жаңы ат сунуш кыла элек. Бирөө жакшыраак ат сунуш кылып калса, өзгөрткөнгө деле даярмын. Бул блогду мекендештериме пайдам тийсин деп ачкам. Мен акыркы төрт жыл ичинде төрт башка жерде - Норвегияда, Косоводо, Швейцарияда жана Молдовада иштеп, окуп, жашап калдым. Дагы саякаттап жыйырмадай өлкөдө болдум. Социалдык тармактардан менин жашоомду көргөн тааныштарым “Мунун баарына кантип жетишесиң?” - деп сурап калышчу. Байкасам, бир айда кеминде үч-төрт адам ушинтип сурайт экен. Ошондон улам көбүрөөк адамга пайдам тийсин деп, билгендеримди блогдо бөлүшүүнү чечтим.

Нураида Абдыкапар кызы кесиби боюнча саясат таануучу. Жакында эле Швейцариядагы Женева университетинин эл аралык коопсуздук боюнча магистратурасын аяктаган. Буга чейин Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жана ЕККУ (ОБСЕ) Академиясында билим алган. Ушу тапта Молдованын Кишенев шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн адистери менен кошо улут тууралуу китеп жазууда. "Инстаграмдагы" баракчасы анын хоббисине айланган:

Нураида Абыкапар кызы.
Нураида Абыкапар кызы.

- ​Азыркы тапта блогумду миңден ашык адам окуйт - негизинен 18ден 34 жашка чейинки айымдар жана мырзалар. Мен блогду кыздар үчүн ачканыма карабастан, окугандардын 16 пайызы эркектер. Бул мени албетте, кубандырбай койбойт. Эркектерге деле феминизм, тең укуктуу үй-бүлө жана өнүгүү керек экен. Окурмандарым менин ойлорумду жакшы кабыл алат. Жазгандарымды окуп, бир канчасы өз максаттарына жетүүгө аракеттене баштады. Менден кеңеш сурап, рахмат айтып, жылуу сөздөрдү жазып турушат. Кээ бирлери: “Кыргыздарда деле сиздердей үй-бүлө курса болот бекен?” - деп таң калышат.

Эже-сиңди: күйөөгө тийүүнүн "мөөнөтү"

Эже-сиңди: күйөөгө тийүүнүн "мөөнөтү"

Кыргызстанда акыркы жылдары кыздар жогорку окуу жайын аяктап, жумушка орношуп, 30 жашка жакындап калганда күйөөгө тийген жаңы көрүнүш пайда болду.

Нураиданын жолдошу - эл аралык уюмда адам укуктары боюнча адис. Жубайлар алты жыл сүйлөшүп, үй-бүлө куруудагы тең укуктуулук маселесинде көз караштары бирдей экенине ынангандан кийин гана баш кошкон. Чогуу жашап жатышканына эки жыл болду. Азыр алар кыргыз коомунда үй-бүлөдө тең укуктуу жашоону калыптандыруу мүмкүн деп эсептешет:

- Үй-бүлөдөгү тең укуктуулук - баш кошкон адамдардын ортосундагы адилеттүү мамиле. Ага жетиш үчүн жубайлар бири-бирин адам катары сыйлап, аял-эркек деп бөлбөй, үй-бүлөдөгү бардык маселелерди бирге чечип жана бардык жоопкерчиликти бирге көтөрүшү керек. Биз да жолдошум менен ушундай тең укуктуу үй-бүлө болобуз деп макулдашып алганбыз. Экөөбүз тең “бул аялдын иши” же “бул эркектин иши” дебестен, баарын жасайбыз, чечимдерди да чогуу, кеңешип кабыл алабыз. “Сен аялсың, үйдө отур, туугандарыма кызмат кыл, кабагыңды салба, сең эркексиң, ошого акча тап, үй сатып бер, тамак-аш, кийим-кечени каржылашың керек” деген нерсе жок. Биз экөөбүз тең үй иштерин да жасайбыз, үй-бүлөлүк кирешени табууга да жооптуубуз. Кыргыз менталитети мындай жашоого жол берет экен. Мурда менин мындай турмуш кургум келгенин уккан жакындарым “кыргызга жарабайт” дешчү. Анткен менен эки жубай бири-бирин кыйнабай жашоону чечсе, буга эч ким деле каршылык көрсөтпөйт экен. Азырынча эч кимден - туугандарымдан, тааныштарымдан, жакындарымдан - “силер туура эмес жашап жатасыңар” дегенди уга элекмин. Баары эле колдоп, “азамат экенсиңер” дешет. Болгону, биздин коом мындай жашоого үндөбөйт. Мисалы, Скандинавия өлкөлөрүндө аялына кол көтөргөн, балдарын аялына бактырып, такыр үй жумушун жасабаган же жаш кыздарга үйлөнгөн эркектерди коом катуу сындайт. Бизде болсо мындай көрүнүш адаттагыдай эле. Бирок ошол эле учурда аракет кылсаң, тең укуктуу үй-бүлө куруу деле мүмкүн экен.

Бишкектеги феминисттердин жүрүшү. 8-март, 2018-жыл.
Бишкектеги феминисттердин жүрүшү. 8-март, 2018-жыл.

Нураида бир жыл мурда Норвегиянын Осло университетинде гендердик теңдикти окуган. Ал алган билими кыргыз коомундагы аялдын ролун жогорулатууга жардам берээрине ишенет:

Үйрөнгөн эң эле биринчи нерсем - бир коомдун тажрыйбасын экинчи коомго толугу менен көчүрүү мүмкүн эмес экендиги болду.

- Жаңыдан турмушка чыккандан кийин бир жума өтпөй Норвегиядагы Осло университетинин жайкы программасына катышууга баргам. Ал жерде түндүк өлкөлөрүндөгү гендердик теңдикти окудум.

Азыркы учурда бул өлкөлөр дүйнөдөгү эң тең укуктуу өлкөлөр болуп саналат. Үйрөнгөн эң эле биринчи нерсем - бир коомдун тажрыйбасын экинчи коомго толугу менен көчүрүү мүмкүн эмес экени болду. Ар бир коомдун өзүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алыш керек экен. Ошондуктан Кыргызстанда тең укуктуулукту өнүктүрүш үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына көз салып, бирок өз жолубузду өзүбүз табышыбыз керек экенин түшүндүм. Негизи адилеттүүлүк үчүн айта кетиш керек, дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрү эркектердикине жеткирилген эмес.

Биздин кыз-келиндер болсо эң жакындары, үй-бүлөсү, туугандары жана жолдоштору тарабынан басмырлоого жана зомбулукка алынганы мен айтпасам деле белгилүү. “Аял кишинин тагдыры ушу экен” деп акылы, күчү ордунда болгон эле адамдардын кирин жууп, жада калса ич кийиминен бери дайындап, тамагын жасап, аркасынан тазалап жүрүп өмүрү өтүп кеткен айымдарыбызга ичим ачышат. Биздин айымдардын үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганы, ала качуунун курмандыгы болгону да өтө аянычтуу. Ошол эле учурда өлкөбүздө аялдардын укуктарын коргоп, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча саясатчы аялдардын, активисттерибиздин жана жаштарыбыздын мыкты аракеттери байкалып турат. Аялдардын укуктары толук корголушу үчүн ар бирибиз аракетти өз үйүбүздөн баштасак болот. Кыз-келиндерибизди урбай, чектебей, ден соолугуна кам көрүшүнө, билим алышына, маанилүү иштер менен алектенишине жана өз жашоосун өзү башкарышына тоскоол болбосок, коомубуз да алдыга жылат деп ишенем.

Нураида кыргыз аялынын келечектеги образын минтип элестетет:

- Менин кыялымдагы кыргыз кыз-келиндери азыркы абалыбыздан таптакыр айырмаланат. Кыздар бала чагынан баштап эркин, адамча сыйга татыктуу чоңоюп, бой жеткенде да өз оюн айтышына, билим алышына, иштешине жана өзүн өнүктүрүшүнө эч ким тоскоол болбосо дейм. Башкача айтканда, "кызга кырк үйдөн тыюу" болбошун каалайт элем. Кыялымдагы мындай эркиндикте өскөн кыз-келиндер өз укутарын толугу менен колдонуп, коомубузга көптөгөн пайда алып келишмек деген оюм бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG