Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:22

“Эже-сиңди” түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышында “Феминизмдин идеялары кыргыз менталитети менен батыша алабы?” деген суроо талкууга алынды.

Талкууга филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин улук окутуучусу Гүлзада Станалиева, феминист айым Гуляим Айылчы жана билим берүү боюнча адис Наргиза Султанова катышты. Талкууну Алия Суранова алып барды.

Алия Суранова: Дүйнө жүзүндө феминизм кыймылы күч алып турганын байкап турабыз. Дүйнө жүзү эмес, Кыргызстанга деле келди. Кыргыз элинде феминизмдин идеяларын, принциптерин колдогон адамдар да күндөн күнгө көбөйүүдө. Ошол эле убакта “биз феминистпиз” деп айтып чыккандар менен салттуу түрдө ой жүгүрткөн жердештердин көз караштары кагылышып кетет. Феминизмдин жалпы идеялары кандай?

Гүляим Айылчы: Феминизм – бул тең укуктуулук. Аялдардын жана эркектердин укуктары тең болушу керек. Ошону эле билдирет. Кээ бирөөлөр “феминизм – бул эркектерди жек көрүү” же “эркектерден жогору болуу” деген мааниде ойлошот, бирок бул андай эмес. Феминизм – бул жөн гана бардык адамдын укугу бирдей болушу керек дегенди билдирет.

Гүлзада Станалиева: Кыргыз менталитетинин ракурсунан караганда, бул татаал суроо. Кыргыз маданияты дегенде биз негативдүү жагын карабашыбыз керек.

Кыргыз маданиятында аялдарды басмырлап келет деп бир жактуу айтуу да кыйын, анткени эне культу да, ошону менен бирге ата культу да болгон. Үй-бүлөлүк дипломатия күчтүү болгон. Аялдардын өз орду, эркектердин да өз орду болгон. Басмырлоо маданиятка тиешелүү нерсе деп айтуудан алысмын, анткени бизге басмырлоо катары көрүнгөн нерсе айрым маданияттарда норма катары көрүнүшү мүмкүн. Айрымдарга эки аял алуу өөн учурабашы мүмкүн, кээ бирлерине эки күйөөгө тийүү жат көрүнүш эмес.

Басмырлоо ар түрдүү болот, кордук менен зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрү болот: материалдык, физикалык, психикалык жактан басмырлоо. Бул адамдын өзүнүн жеке тарбиясына, адебине байланыштуу нерсе.

Алия Суранова: Үй-бүлөдө, мисалы, аялы, күйөөсү жана балдары бар болсо, эртең менен аялы менен күйөөсү бирдей жумушка кетет, кечинде бирдей чарчап келет. Күйөөсү диванга бутун асып, телевизор көрүп жатат, аялы барып, тамак жасайт, үйүн да жыйнап жиберет, кирин жууйт, балдарынын сабактарын жасашып, түн киргенче жаны тынбай кыйналат. Балким ал күйөөсүнүн деле жардамын каалап турат. “Мага кичине жардам берип койчу”, - десе, “бул аялдын иши” – деп коет күйөөсү. Ушунда кээ бир аялдар “тең укуктуулук болсо, күйөөм деле мени менен тиричиликтин оорчулуктарын тең бөлүшсө, кандай жакшы болот эле”, -деп ойлойт. Эркекке караганда, аялга эки эсе көп оор келет.

Талкуунун толук вариантын төмөндөгү аудиодон уга аласыз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG