Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 18:22

Кыргызстандык активист, жазуучу Сыйнат Султаналиева Жапонияда феминизм багытында илимий изилдөө жасап жүрөт.

Сыйнат Cултаналиева азыр Жапониянын Цукуби университетинде докторантурада окуйт. Изилдөө үчүн феминизмдеги нарратив багытын тандап алган. Жапонияга келгенге чейин Кыргызстанда жана Нидерландыда иштеген. Соңку он жылдан бери жарандык активист. Негизинен феминисттик көз карашта адам укуктарынын, ЛГБТ коомчулугунун укуктарын жактап жүрөт. Андан тышкары, ушул багытта адабий чыгармаларды жазат.

Сыйнат Султаналиева "Азаттыкка" келип, өзү тууралуу айтып берди.

Феминизмди даңазалаган алгачкы жыйнак

"Көп жылдан бери көркөм чыгарма жазууну кыялданып, кез-кези менен жазып да жүргөм. Быйыл апрелде Кыргызстанда квир-феминисттик фантастика багытында чыгармалар топтому басмадан чыкты. Ошол жыйнакка менин да аңгемем кирди. Он беш чыгармадан турган топтомду “Феминисттик штаб” уюму чыгарды. Чыгармаларды негизинен активист-феминисттер жаздык. Ал жыйнакка “Биз эмнеге умтулабыз?”, “Келечек кандай болушу керек?” деген сыяктуу суроолорго жооп издеген, кыялданган аңегемелер кирген. Кыргызстандан, Казакстандан, Орусиядан, Тажикстандан активист-жазуучулардын чыгармалары топтолгон. АКШдан бир автордун чыгармасы бар. Орус тилинде аралаш жыйнак болду десек болот.

Менин аңгемемде адам укуктары урматталган, азыркы көйгөйлүү көрүнүштөр жок учур сүрөттөлөт. Чыгармам “174-элемент” деп аталат.

Мындай жыйнак Кыргызстанда алгач ирет басмадан чыкты. Буга чейин феминисттик көз карашта чыгармалар болгонбу, билбейм. Эркек менен аялдын тең укуктуулугун даңзалаган чыгармалар болгон. Эч кимди капа кылгым келбейт, бирок феминисттик идеологияны жайылткан аңгемелерди, повесттерди көргөн эмесмин. Болсо да, окубасам керек. Бирок дал ушул тема азыркы коом үчүн керек. Көңүл буруп карасаңыз, роман же жомокпу, кино болобу, чыгармалардын дээрлик 95 пайызында баатыр каармандар - эркектер. Андай болбошу керек! Ар ким өз жолун таба алат. Баатырлар, мыкты каармандар аялдардан да чыгат. Менимче, дүйнөдө феминисттик фантастикага кызыгуу да артып баратат.

Мен 5-класста окуп жүргөн кезимде чыгарма жаза баштагам. Бишкектеги №64 орто мектепте окуганмын. Орус тили жана адабияты сабагын Чынара Жакыпова окутчу. Дилбаян жазсак, дайыма колдоп, акыл-насаатын айтчу. Окуучулардын фантазиясынын өсүшүнө аябай чоң салым кошкон. Эжекеме терең ыраазычылык билдирем.

Чыгарма жазганда фантастика жанрына көбүрөөк ыктайм. Билбейм, ушул багытта жазгым келет. Окуялардын айрымдарын өзүмдүн жашоомдон, тажрыйбамдан алам, бирок түрдүү образдар жана ойдон чыгарылган көрүнүштөр менен көркөмдөйм.

Буга чейин чыгармаларымды басмадан чыгарган эмесмин. "Tvorchestvo.kg" деген адабий сайт бар. Кыргызстандык, казакстандык, орусиялык авторлордун чыгармалары жарыяланып турат. Бул сайт чыгармачылык дүйнөнүн өнүгүшүнө жакшы салым кошот. Аны уюштургандарга да ыраазычылык билдирем. Алар жыл сайын сынактарды уюштурушат. Жазуучуларды такшалууга, кызыктуу аңгемелерди жазууга үндөшөт. Кызыккандар ошол сайттан менин чыгармаларымды тапса болот".

Феминизмди жазуунун күңгөй-тескейи

Менимче азыркы учурда феминисттик көз карашты карманган жазуучу болуу бир жагынан оңой, экинчи жагынан кыйын. Кыйын жагы - феминисттик көз карашты коомчулуктун баары эле колдой бербейт же түшүнгүсү келбейт. 10 же 20 жылдан кийин кандай жашоо болушун да билбейбиз. Бирок, ушундай татаал учурларды жон териси менен сезген адамга бул багытта жазуу бир аз оңой. Көркөм чыгарма жазыш үчүн окуялар, тагдырлар бар.

Мен окурмандарга эскертип коюшум керек - менин чыгармаларымда эркек каармандар дээрлик жок. Айрым аңгемелерим 18+ форматында жазылган. Балким жөнөкөй кыргыз окурманы үчүн бул таң калыштуу болушу мүмкүн. Чыгармамды коомчулуктагы калыптынып калган бир түрдүү түшунүктөргө, чектөөлөргө сын көз карашта жазганмын.

Феминизм темасында китептер, диссертациялар жазылат. Талаш-талкуулар уланып келатат. Ошондуктан менин пикирим да бирөөлөргө жакса, башкаларга жакпашы мүмкүн. Мен үчүн феминизм – эркек менен аялдардын, же болбосо өзүн же эркектердин, же аялдардын катарына кошпогон адамдардын тең укуктуулукка умтулууусу. Алардын принциптен, максаттан тайбай жашоо идеологиясы мен үчүн феминизм. Бул дүйнөдө бардык кишилер тең болушу керек. Жынысына, гендердик өзгөчөлүгүнө, расасына, саламаттыгына карабай адамдар тең укуктуу болууга тийиш. Феминисттер тынчтыкты жакташат. Бирок теңсиздикке жөн эле карап турбайт".

Кыргызстандагы феминизм

"Менин ишенимимде, биздин мамлекетибиз үчүн феминизм пайдасыз үгүткө окшойт. “Кыргыз коомчулугу жаңы өзгөрүүлөрдү кабыл албайт” деген ойдон чыгарылган түшүнүктөр бар. Бул түшүнүктөр өткөн кылымда калыптанган. Бирок тарыхый чыгармаларыбызды окуган адам кыргыз коомчулугу дайыма ачык болгонун байкайт. Кыргыз эли көңүлү ачык, меймандос болгон. Ар кандай өзгөрүүлөргө көнө билген, түрдүү коомдо өз жолун таба билген калк. Чыңгыз Айтматовдун повесттеринде, романдарында бул даана байкалат. Жаңыл мырза сыяктуу тарыхый каармандарыбыз болгон. Андыктан мен кыргыз коомчулугу мурда азыркыга салыштырмалуу ачык болгон деп эсептеймин.

Мен жана мен сыяктуу көз караштагылар тең укуктуулук темасын көтөрүп, кыргыз эли теңдикти жактаган эл болгонун айтып турганыбыз жакшы. Кыргыз элинде башкаларды жек көрүү сезими болбогонун, биз адамдардын баарына кол сунууга даяр экенибизди айтып турсак, кандайдыр чектөөлөргө көнүп калган кишилер да өзгөрөт деп ишенем. Дүйнө жүзү бизди тең укуктуулукту урматтаган эл катары таанышы керек. Биз кудайдын алдында теңбиз. Деги эле жашоодо укуктарыбыз тең. Муну биздин калкыбыз жакшы түшүнөт".

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG