Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Жамила: Дрезденде Баткендин өрүгүн изилдейбиз


Жамила Сманалиева иш учурунда. Дрезден, Германия.
Жамила Сманалиева иш учурунда. Дрезден, Германия.

Кыргызстанда мөмө-жемишти кургатуу жана кайра иштетип, таңгактоо талапка жооп бербей турганы айтылып келет. Бул көйгөйдү кантип чечсе болот? Дегеле Кыргызстандын экологиялык жактан таза азыктарын дүйнөлүк базарга чыгарууда кандай талаптарды эске алуу зарыл? Кыргыз коомундагы туура тамактануу адатын кантип калыптандыруу керек?

Тамак-аш жаатындагы адис, Германиядагы Дрезден техникалык университетинин илимий кызматкери Жамила Сманалиева менен маекти сунуштайбыз.

- Жамила айым, жаңылбасам июнь айында баткендик багбандарга өрүктү туура кургатуу боюнча онлайн вебинар өттүңүз. Буга эмне түрткү болду?

- “Баткенге жардам” деген долбоордун алкагында 18-июнда багбандар үчүн вебинар өткөм. Анда өрүк кургатуунун сырларын жана түрлөрүн Түркиянын мисалында айтып бердим. Баткендик багбандар өрүктү экологиялык жол менен кургатууга кызыкдар экен. Тагыраак айтканда, күкүрт кошпой кургатуунун жол-жоболорун сурашты.

Негизи күкүрт менен кургатуу классикалык ыкмага кирет. Бул химиялык зат өрүктүн ферменттерин инактивация кылып, өңүн бузбай сактоо үчүн кошулат. Бирок аны колдонууда талаптар так сакталышы абзел. Кокус концентрациясы көбөйүп кетсе, ден соолукка зыян. Технологиялык талап боюнча бир килограмм өрүккө бир граммдан эки граммга чейин гана кошулат. Эсептей келгенде бир тоннага бир килограмм күкүрт керек. Түркияда бул норма бизге караганда азыраак экен. Бирок бизде технологиялык талаптар так аткарылып жатабы же жокпу белгисиз.

Баткенде өрүктү эч нерсе кошпой таза жол менен кургаткандар деле бар. Мисалы, кандек өрүк бактын башынан эле кургап түшөт. Бирок табигый жол менен кургатылган өрүктү сактоо кыйыныраак. Химиялык зат кошулбаган азыкка курт-кумурска, айрыкча көпөлөктөр жакын болот. Алар личинкасын таштап, өрүк бат эле жарактан чыгат. Көпчүлүк багбандар өрүктү жерге жайып кургатат экен. Мунун жаман жери өрүктүн товардык кейпи бузулат. Чаң-топурактан арылтуу үчүн жууп, кайра кургатууга туура келет. Кыскасы, кошумча түйшүк, кошумча чыгым... Июнда өткөн вебинарда багбандар ушул маселени чечүүгө жардам сурашты. Буюрса, бул көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө жаңы изилдөөлөрдү баштайбыз.

- Өрүк Баткенден тышкары Ысык-Көл облусунда да өсөт эмеспи. Мындан улам Кыргызстанда бул мөмөдөн шарап алуу кирешелүү болмок деген ой пикирлер айтылып келет...

- Өрүктү кургатуудан башка кайра иштетүү технологиялары көп эле. Шарап да өндүрсө болот. Кургак (кантсыз) жемиш шараптарын өндүрүү үчүн ширени 30-45 күн ачытуу зарыл. Тундуруу үчүн 3-7, тунмадан тазалоо бир күн керек. Шарап материалдарын кайра иштетүү - 5-18 күнгө, тындыруу 10 күнгө созулат. Чыпкалоо (фильтрлөө) жана куюу 24 сааттык убакытты алат. Мунун баары заманбап технология менен жабдылган цехте ишке ашат. Бирок өрүк эттүү келгендиктен шире бөлүп алуу татаал жана кымбат иш.

Өрүктөн көбүнчө кыям, мармелад, конфитюр, пюре, компот жасаганга аракет кылышат. Данегин чагып өзүнчө азык катары сатыкка чыгарышат.

Жамила Сманалиева ата-энеси жана үй-бүлөсү менен. Германия.
Жамила Сманалиева ата-энеси жана үй-бүлөсү менен. Германия.

Дүйнөдө өрүктүн майын косметика өндүрүшүндө колдонушат. Данегинин кабыгын майдалап, денени тазалай турган скраб жасашат. Буйруса, биз иштей турган долбоордо булардын баарын карап атабыз.

- Ал эмне деген долбоор, толугураак маалымат бере кетесизби?

- Германиянын Билим берүү жана илим министрлиги Борбор Азиядагы айыл чарба жана токой азыктарын кайра иштетүү боюнча атайын долбоорду (SUFACHAIN) каржылайт. Мен кошулган топ ошонун негизинде иш алып барат. 2018-жылы Арстанбап жаңгак токоюнда өскөн бөрү карагат, ит мурун, чие, алча баштаган жапайы мөмөлөрдүн химиялык көрсөткүчтөрүн изилдегенбиз. Аларды башка өлкөдө өскөн мөмө-жемиштерге салыштырдык.

Бул изилдөөнүн негизинде Арстанбаптагы бөрү карагаттын полифенолдук бирикмесинин көлөмү көп экени аныкталды. Бул эмнени билдирет? Полифенолдор антиоксиданттык касиетке ээ. Антиоксиданттар болсо рак оорусун пайда кылган бош радикалдарды байланыштырып, организмден алып чыгат. Биз долбоордун жыйынтыгы боюнча илимий үч макала чыгардык. Арстанбап жаңгак токоюндагы жапайы жемиштер ден соолукка пайдалуу деген жыйынтыкка келдик.

Бул биздин азыктарды экспорттоого жардам берген илимий документ да десек болот. Өрүктү туура кургатуу тууралуу иш-чаралар ошол долбоордун уландысы.

Жамила Сманалиева кыздары менен.
Жамила Сманалиева кыздары менен.

- Экспорттоо демекчи, Кыргызстан Европа Биримдигинин «ВСП+» - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат алганы маалым. Сиз азыр Германиядан Кыргызстанда өскөн же өндүрүлгөн азыктарды көрүп жүрөсүзбү?

- Кыргызстандын Талас облусунда айдалган төө буурчакты көрүп калабыз. Аны Түркия, Болгария ж.б. мамлекеттер алып кетип, Европага реэкспорт кылышат экен. Маркирлөө боюнча талапка ылайык азык өскөн аймак көрсөтүлүшү керек. Ошол себептүү кутунун кагазына “Кыргызстандын Талас облусунда өстүрүлгөн” деп жазып коюшат. Жакында эле ошол кызматташтык алкагында Кыргызстандан кара өрүк (кайналы) алып келишкенин уктум. Аны деле жууп, кургатып, кутуларга салып анан сатышат. Ал эми кыргыз балын Германиядан көрө алган жокмун. Немистер балды негизинен Аргентинадан, Кытайдан, Канададан алат экен. Аны кайра иштетип, Европанын башка өлкөлөрүнө экспорттошот.

- Жогоруда реэкспорт тууралуу айтып калдыңыз. Кыргызстандын азыгын өз бренди менен чыгарса болобу? Дегеле Евробиримдикке экологиялык таза азыктарды чыгарууда кандай стандарттар сакталышы керек?

- Ал эми стандарттар тууралуу айтсак, органикалык өндүрүш жана органикалык азыктарды маркировкалоо (маркалоо), экспорттоо боюнча Европа Биримдигинде бир катар жол-жоболор иштелип чыккан. Аларга ылайык, айыл чарба өсүмдүктөрүн минералдык жер семирткич менен өстүрүүгө, ГМО колдонууга, ион менен иштетүүгө тыюу салынат. Кайра иштетилген азыктарга кошула турган заттардын да тизмеси берилген.

Эң негизги талап - органикалык азыкты текшерүүчү жана сертификат берүүчү лаборатория Евробиримдиктеги атайын органдан аккредитациядан өтүшү керек. Азыктын этикеткасында кайсы өлкөгө сатылганы жатса, ошол өлкөнүн мамлекеттик тилинде маалымат жазылышы керек. Мындан тышкары азыктын курамы, өндүргөн ишкананын дареги, жарактуу мөөнөтү, салмагы, сертификация жана стандарттар боюнча маалыматтар жазылууга тийиш.

Жамила Сманалиева өмүрлүк жолдошу менен.
Жамила Сманалиева өмүрлүк жолдошу менен.

- Кыргызстандын табигый азыктарынын башка өлкөнүн бренди менен чыгып жатканы фитосанитардык лабораториялардын жетишсиздигинен, кайра иштетүүнүн жолго коюлбаганынан эмеспи?

- Мен карап көрсөм, Кыргызстанда 30дан ашуун фитосанитардык лаборатория бар экен. Анын ичинен экөө эле эл аралык стандарттар боюнча аккредитациядан өтүптүр. Бул жакшы. Бирок бизде кайра иштетүүчү ишканалар өтө аз. Ошол эле баткендик ишкерлер өрүктү Тажикстанга сатары көптөн бери айтылып келет. Коңшу өлкөнүн ишкерлери аны жууп, кургатып, кутуга салгандан кийин Орусияга экспорт кылышат экен. Мен өзүм Тамак-аш жана айыл чарба уюмунун маалыматын карап көрдүм. Анда Кыргызстан боюнча 26 миң тонна кургатылган өрүк өндүрүлөт экен. Анын ичинен 6 миң тоннасы экспортко кетет деп турат. 9 миң тонна кургатылган жемиштерди сырттан экспорттойт экенбиз. Мунун баары кайра иштетүү жолго коюла электигинен кабар берет. Бир чети азык-түлүктү кайра иштетүү өзү кымбат жумуш. Анткени цехтерди куруу, аны заманбап жабдуулар менен камсыздоо көп каражатты талап кылат.

- Балким адистер да тартыш болуп жаткан чыгаар?

- Адистерди даярдоого мамлекет көңүл бурушу керек. Себеби, тамак-аш технологдорун даярдап, окутуу үчүн реактивдер, атайын лабораториялар керек. Анткени, алардын ар бир сабагы лабораторияда өтөт. Гуманитардык адистерди даярдоого караганда бул багыт окуу жай үчүн кымбатка түшөт. Кыргызстанда тамак-аш технологдорун төрт жогорку окуу жайында даярдашат. Ошого карабай жакшы адисти табуу кыйын.

Негизи тамак-аш адистиги эң керектүү кесип, аны аркалагандар жумушсуз калбайт. Кыргызстанда болсун, чет өлкөдө болсун жакшы айлык алышат. Үчүнчүдөн, турмушка керектүү билим. Адамдын жашоосу тамак-аш менен байланыштуу да. Кантип туура тамактануу керек экенин билесиң жок дегенде. Туура тамактануу – бул чың ден соолук. Өзүңдүн эле эмес, жакындарыңдын, улуттун саламаттыгына кам көрүү.

Тилекке каршы, Кыргызстанда билим берүүнүн деңгээли түшүп кетти. Мектептерде так илимге кызыккан балдар азайып баратканы байкалат. Жаш муундар арасында так илимдер жана алардын пайдасы тууралуу маалымат жетишпейт экен. Так илимдерге кызыгуу аз өлкөдө өнүгүү да жай болот.

- Тамактануу маданияты тууралуу айтып калдыңыз. Биздеги көп оорулардын себеби тамак-аштан экени айтылып жүрөт...

- Кыргызстанда тамактануу адатын кайрадан карап чыгууга мезгил жетти. Мисалы, тойдогу дасторконду эле алалы. Салаттын төрт-беш түрү турат. Андан башка таттуу, газдалган суусундуктар, бешбармак өңдүү күчтүү азыктар коюлат. Мунун баарын бир маалда жеген адамдын ашказаны ооруйт. Анткени азыктардын курамы ар башка. Сиңирүү процессинде бири-бирине тоскоолдук жаратышат. Адам бир күндө 2000ден ашык килокалория кабыл алат. Бул норма. Аны кечке кыймыл-аракет менен сиңирүү керек. Биз тойдон ушунча калорияны бир-эки саатта эле топтоп, анын үйгө барып жатып алабыз. Мунун баары ашыкча салмакка, ар кандай оорулардын пайда болушуна алып келет.

Ошол эле маалда күнүмдүк тамактануубуз абдан жупуну. Карандай чай, нан менен отургандар бар. Бул дагы витамин, минералдар жетишпегенден келип чыккан ооруларга себеп. Балдарыбыз таттууну көп жешет. Мындан баланын тиши бузулат. Тиши ооруган бала башка тамакты жакшы жебейт. Бул келип эле акыл жөндөмүнө терс таасир этет. Германияда мисалы газдалган суусундуктарды балдарга ичиришпейт. Мөмө-жемиштин ширесинде кант көп болгондуктан, суу аралаштырып беришет экен. Мамлекет кандай тамактануу керек экенин айтып турат. Элде маалымат жетиштүү болгондуктан туура тамактанууга аракет кылышат.

- Учурда Кыргызстанда тамак-аш баасы кымбаттап жатат. Буга быйылкы кургакчылык, дүйнөдө баалардын өсүп жатышы да себеп экени айтылууда. Мына ушундай кырдаалдан кантип чыкса болот?

- Сөзсүз түрдө Айыл чарба министрлиги статистикалык маалыматтар менен бирге ар бир айыл чарба азыгына прогноз берип турушу керек. Мурда колхоз-совхоздор бар кезинде бул маалыматты чогултуу, прогноз берүү, пландоо оңой болчу. Азыркы учурда фермердик чарбалардын саны көп жана ар ким каалаган өсүмдүктү тигет.

30 жыл ичинде бизде дыйкан чарбачылык боюнча тажрыйба чогулуп калды. Ар бир аймакта өзүнө ылайыкташкан айыл чарба өсүмдүктөрү бар, мисалы Таласта төө буурчак, Баткенде өрүк, Ысык-Көлдө алма, Чүйдө жашылча-жемиштин түрү, Нарында картошка, Ошто күрүч, Жалал-Абадда жаңгак, ж.б.у.с өсөт.

Ушул багыттарга ар бир облус өзгөчө көңүл бурушу керек. Айыл чарба министрлиги айыл өкмөттөрү, ал эми алар фермерлер менен тыгыз иштешип, так маалыматты өз убагында берип турушу керек, канча аянтка буудай себилди, баасы, түшүмдүүлүк боюнча алдын ала прогноз ж.б. болушу шарт. Германияда ушул принцип менен иштешет. Аларда майда фермелер чоң ассоциацияга биригип, чоң аянттарды иштетет. Айыл чарбасын уюштуруу башкаруу таптакыр биздикинен айрымаланат.

- Эми өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз. Германияга кандайча барып калгансыз, Кыргызстанга кайтуу планыңыз барбы?

- Мен Талас облусунун Кум-Арык айылындагы Кубанычбек Нурбеков атындагы орто мектепти бүткөм. Исхак Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетте тамак-аш адистиги боюнча билим алгам. 2004-жылы “Жыйырма биринчи кылымдын кадрлары” деген программанын стипендиясы менен Германияга окууга келгем. Берлин техникалык университетинде докторлук диссертациямды жактап, 2008-жылы Кыргызстанга кайткам.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде тамак-аш инженерлиги бөлүмүндө он жылдай иштедим. Илимий изилдөөлөрдүн алкагында Германияга көп каттап турчумун. 2018-жылы Дрезден техникалык университетинде профессордун жардамчысы кызматын аркалоого сунуш түштү. Ошол жылы сентябрда үй-бүлөм менен көчүп келдим.

Азыр үч кызым Дрездендеги мектепте окуп атышат. Жолдошум да иштейт. Кыргызстан менен байланышкан долбоорлорду улантсам деген тилегим бар. Келечегимди өзүмдүн мекеним менен эле байланыштырам. Дагы кандай иштер күтүп турганын убакыт көрсөтөт.

Жамила Сманалиева менен аудио маекти бул жерден уга аласыз.

Дрезденде Баткендин өрүгүн изилдеген Жамила
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:44 0:00
Түз линк

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG