Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

«Этти Кытайга экспорттоо - ишке ашпас кыял»


Ленара Ниязбекова.
Ленара Ниязбекова.

Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы министрлиги Беларустан эт алып, Кытай жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо мүмкүнчүлүгү тууралуу жарыялады. Бул билдирүү канчалык реалдуулукка жакын? Малчылыктагы кайсы маселелер эттин эл аралык экспортко чыгышына тоскоол болууда?

«Азаттыктын» суроолоруна «Кыргызленд» экспортерлор жана импортерлор бирикмесинин төрайымы Ленара Ниязбекова жооп берди.

- Кыргызстан аркылуу Беларустан эт алып кайра сатуу канчалык реалдуу? Айыл чарба министрлигинин мындай билдирүүсү популизм эмеспи?

- Ар кандай билдирүүнүн түпкүрүндө бир жакшы максаттар болот. Бул билдирүү биздин жаш министрдин алдыга койгон максаттарынын бири экен. Айыл чарбасы боюнча пландардын аздыгы, ошондой эле бул министрликтин өзүн коргоо аракеттери ушундай билдирүүгө жол ачып жатса керек. Анткени учурда Кыргызстандын айыл чарбасы өзүнүн ичинде иреттелүүгө муктаж болуп жатат. Өлкө майда жана бодо малды багуу боюнча бир кылка системага түшө элек. Малчылык башаламан болуп жатат, ошондуктан бул тармакты иретке келтириш керек.

Ал эми Беларустан же башка өлкөлөрдөн эт сатып алып, аны кайра сыртка сатабыз деген ой азырынча кыял десек болот. Министрдин шашылыш билдирүүлөрүнүн бири болуп калды. Анткени башка өлкөлөрдүн Беларуста өндүрүлгөн этти Кыргызстан аркылуу алуу ниети жок.

Араб өлкөлөрү же Кытай эт алса, кыргыз малчылары баккан малдын таза этин алуу кызыкчылыгы бар жана эт сатуу боюнча процесс буга чейин сүйлөшүүлөрдүн гана деңгээлинен аша албай келген. Бирок, баса белгилей кетүүчү жагдай бар: айрым кыргызстандык компаниялар өзүнүн жеке аракети менен өтө аз өлчөмдө, кымындай эле эт азыктарын ошол эле Араб Эмираттары баш болгон Иран, Пакистан сыяктуу мамлекеттерге сатып жүрүшөт.

- Буга чейин Кыргызстандан Евразия Экономикалык Биримдигине эт, сүт товарларын экспорттоо бир катар кыйынчылыктар менен коштолуп, ишке ашпай келген. Эсиңизде болсо керек, фитосанитардык лабораториялар жок, этти сыртка чыгаруу мүмкүн эмес болуп жатат. Мындай шарттар болбосо, Айыл чарба министрлиги бул айткандарын кантип ишке ашырат?

- Тилекке каршы Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагына киргенде ошол жактан берилген ири суммадагы каражат жең ичинен бөлүнүп, коррупция жолу менен жок болуп кеткен. Ушундан улам Айыл чарба министрлиги лабораториясы жок аксап келатат.

Эт, сүт өндүрүүдөгү фитосанитардык лабораториялар боюнча мамлекет «Дордой Фуд» сыяктуу жеке тараптардын жардамына муктаж. Бизде азыр этти жана сүттү кайра иштетүү боюнча бир нече ишкана бар. Сүттү иштеткен ишканаларыбыз аз да болсо экспортко чыгууну жолго салып алышты. Бирок, тилекке каршы, Айыл чарба министрлиги ушундай ийгиликке өздөрү жеткен ишканаларга барып, алар менен сүрөткө түшүп жарыялаганды эле жетишкендик деп жатат. Болбосо министрлик сүт багытына эч кандай жардам деле бербейт, алар өз арабасын өздөрү эле тартып келатышат.

Ал эми эт багыты боюнча кайра иштетилген колбаса азыктарын чыгарууда Кыргызстан ички потенциалга басым жасабай, жергиликтүү малдын эти кымбат болуп жатат деген таризде көбүнчө этти Кытайдан, Беларустан, Индиядан алып келип, импорттолгон эттен колбаса чыгарууда.

Токтогазиев: Ички өндүрүштү аткезчилик талкалап жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:57 0:00

- Сырттан келип жаткан эт багытында импорттун да көлөмү чоң турбайбы?

- Ооба, импорттун көлөмү аябай чоң, себеби өлкөдөгү ички рынок менен сырткы рыноктун чеги аныкталган эмес. Айрыкча биздин ички рынок корголбой калууда. Министр азык-түлүк коопсуздугун караш керек деп айтып жатат. Тамак-аш коопсуздугу маселеси андан да маанилүү.

«Кыргызстандын жарандары эмнени жана кандай тамакты жеп жатат?» деген суроо актуалдуу бойдон калууда. Бул боюнча азыр Айыл чарба министрлиги же Саламаттык сактоо министрлиги жана ошонун тегерегиндеги тиешелүү тармактар маселени козгой элек.

- Кыргызстанда азыр мал көп болгону менен сапатына, асыл тукум этти, сүттү көп берүүчү малга басым жасалбай жатпайбы. Биринчи кезекте приоритет катары ушул тармакты караш керек беле?

- Албетте, импорттун үч негизги талабы бар: көлөм, сапат жана баа саясаты. Бүгүнкү күндө жалпыланган, бурмаланган маалыматтардын негизинде Кыргызстандын экономикасына абдан чоң сокку урулууда. Өлкөнүн ветеринардык кызматынын расмий эсеби боюнча Кыргызстанда майда жандыктардын, кой-эчкилердин саны 6 миллион деп айтылып жатат, бирок расмий эмес булактарга таянсак, 9 миллионго чейин кой, эчки бар. Ал эми бодо малдын саны 2 миллиондун тегерегинде.

Негизинен сүт, эт багытындагы бодо малды алып келүү боюнча мамлекеттик программа иштеп жатат. Бирок ушул тармакта да иреттүү бир иш жүргөн жок. Асыл тукум малды көбөйтүүдө Айыл чарба министрлиги менен Ветеринардык кызматтын эриш аркак иш-аракети болуш керек да. Тескерисинче, бүгүнкү күндө бул эки маанилүү тармак позиция, оппозиция болуп күрөшүп жатышат. Ушундан улам биздин стратегиялык негизги багытыбыз болгон мал чарбачылыгы өз көйгөйү менен өзү калып эле, бирдиктүү саясаттын жоктугу түйшүктү ого бетер арттырууда.

- Азыр жайыттар да деградация болуп, малдын сапаттуулугу начарлады деп экологдор коңгуроо кагууда. Айыл чарба министрлиги биринчи кезекте ички проблемаларга көңүл бурушу зарыл деп ойлойсузбу?

- Министр Тилек Токтогазиев менен биз расмий эмес, расмий да формада бир нече ирет жолугуп, проблемаларды баса белгилеп айтып жатабыз. Ал «ассоциацияларды түзүп жатабыз» дейт. Бирок министрликтин милдети - ассоциация түзүү эмес, алар менен кызматташуусу керек да. Түзүлгөн биримдиктердин саны көп, сапаты жок болуп жатат. Ошол эле учурда биз министрликке сунуш-пикир, сын айтсак оппозиция катары кабыл алууда. Биздин биримдик бир да жыйынына чакырылган жок.

Туура, жайыттардын эскириши боюнча абдан чоң маселе бар. Ушул эле министрлик бир учурда жайыттарды менчикке берүү боюнча демилге да көтөргөн. Бир канча жылдан бери Нарын облусунда жай айларында жылына жайыт талаш менен эл кызыл чеке болуп келатат. Эмне үчүн министрлик ушул маселени чече албайт? Себеби, бул мекемеде аналитикага багытталган, алдын-ала изилдөөнү бетке кармаган стратегиялык, тактикалык саясаттын жоктугунан улам кыял бойдон эле калчу билдирүүлөр менен чектелүүдө.

Министрлик сөзсүз түрдө реформага муктаж, жаш адистерди колдойбуз, бирок алардын иши кыял бойдон калчу билдирүүлөр менен башталбашы керек эле. Жаңылануу жана оңолуу ушул мекеменин ичиндеги тазалануудан, реформадан башталышы керек болчу. Мекеме азыр чындап иштеп жаткан 5-6 иш билги адис менен эле кармалып турат. Ал эми жетекчилиги кыял бойдон калып, ишке ашпай турган сөздөр менен өзүнүн да, айыл чарбасынын да бир топ кадыр-баркын кетирүүдө.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG