Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

"Хизб ут-Тахрир" кыймылынын Чүйдөгү өкүлү кармалды


“Хизб ут-Тахрир” уюмуна мүчө адамдын үйүнөн табылган материалдар. Иллюстрациялык сүрөт.
“Хизб ут-Тахрир” уюмуна мүчө адамдын үйүнөн табылган материалдар. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын тургуну экстремисттик материалдарды даярдап, социалдык тармактарда таратканы үчүн шек саналып кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай ал "Владимер Вова" деген аккаунт менен экстремизмге чакырган материалдарды таратып жүргөн.

Милиция шектүү - 56 жаштагы М. М. мурда да экстремисттик материалдарды таркатканы үчүн соттолгонун кабарлады. Иликтөө учурунда ал "Хизб ут-Тахрир Ал Ислами" кыймылында Чүй облусу боюнча "Маъсул" макамында болгону, облус аймагында уюмду башкарганы аныкталган.

"Хизб ут-Тахрир" уюму Кыргызстандын Жогорку сотунун токтому менен 2003-жылы экстремисттик деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө өлкө аймагында расмий түрдө тыюу салынган.

Жалпысынан Кыргызстанда 21 диний уюмдун ишине тыюу салынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG