Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:57

Бишкекке дагы 210 автобус келди


Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, Бишкекке келген 210 автобус газ менен жүрөт. Автобустар бүгүн, 11-сентябрдан тарта эл ташууга чыгышты.

Бишкек мэриясы “Эко Эл ташуу” ишканасы менен 350 автобусту алып келүү боюнча келишим түзгөн. Автобустар Жапониянын ISUZU жана Өзбекстандын “СамАвто” заводунан чыгарылган.

Келишимге ылайык, ишкана 2022-2023-жылдары газ менен иштеген автобустардын санын миңге чейин көбөйтүүгө милдеттүү.

Быйыл жыл аягына чейин Бишкек шаарына 500дөн ашуун автобус сатылып алынары кабарланган. Мэрия бул автобустар пайдаланууга берилсе, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө маршруттук кичи автобустар азаярын билдирген.

Бишкекте жүргүнчүлөрдү негизинен жеке ишканаларга таандык кичи автобустар ташыйт. Жол киреси 8 сомдук муниципалдык автобус жана троллейбус аз. Быйыл жазында маршруттук кичи автобустун айдоочулары жол кирени азыркы 10 сомдон 15 сомго жогорулатуу талабы менен бир жумадай иш таштаган. Мэрия бул маселени шаардык кеңеш чечерин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG